Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Алмаз Абытов адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Улуттук план тууралуу кеп салды.

- Улуттук пландын долбоору өлкөнүн миграция саясаты боюнча негизги документтердин бири болору айтылып атат. План тууралуу айтып берсеңиз?

- Буга чейин эле өкмөт ушул багытта атайын чаралар көрүлсүн деп бизге тапшырма берген. Ошого биз ондой мамлекеттик уюмдарга тапшырмаларды беребиз. Эмек, жумуштуулук жана миграция министрлиги ушул багытта саясатты алып барат.

- Кандай тапшырмалар, кимдерге берилет?

- Мисалы, мурдагы иш план боюнча укуктук базаны өркүндөтүү деген тапшырма болгон. Мен министр катары Жогорку Кеңештин үч комитетинде коргоп чыктым. Бул парламентте биринчи окууда кабыл алынды. Мисалы кимде ким адам сатууга тиешеси болсо, ал оор жаза кылмышына тартылыш керек. Ушул нормаларды киргизгенбиз. Буга чейин 3 жылдан 8 жылга чейин болчу. Бирок 3 жылдык норма деген оор кылмышка кирбейт экен. Ошондуктан 5 жылдан 8 жылга деп өзгөрттүк.

- Иштелип аткан улуттук план адам сатууга каршы күрөшүүдө кандай көмөк көрсөтө алат, абалды жакшыртууга кандай салым кошот деп атасыздар?

- Бул кылмыш аябай латенттик, жашыруун түрдө өтөт. Мисалы Американын мамлекеттик департаментинин отчетуна караганда, ушул багытта 32 млрд. доллар акча жүгүртүүдө жүрөт экен. Ошондуктан бул ишке барардын алдында бардык адамдар корко тургандай иш-чараларды кабыл алышыбыз керек.

- АКШнын мамлекетик департаменти даярдаган баяндамадагы маалымат боюнча, Кыргызстандын 60 000 жараны өлкө ичинде да, сыртында да адам сатуунун курмандыктары болгон. Соңку кезде адам сатуунун курмандыгы болгон канча адам куткарылды?

- Муну негизинен тиешелүү тартип коргоо органдары жүргүзөт. Бирок биз да маалымат алып турабыз. Бизде Эл аралык миграция уюму уюштуруп берген 189 түз байланыш телефону бар. Мисалы 2010-жылы 500 адам кайрылган. Ал эми жаза кодекси боюнча адам сатуу факты менен былтыр 13 кылмыш иши козголгон. 2009-жылы мындан да көп болгон. Анткени баланы асырап алуу боюнча туура эмес иштер жүргөн. Бул да адам сатууга кирет.

- Жоопкерчиликке тартуу маселесин карасак, кылмыш иши козголгон адамдар өз жазаларын алышабы же акча берип чыгып кетишеби? Сиздер мониторинг жүргүзөсүздөрбү? Анткени жоопкерчиликке тартылбагандан улам бул маселе курч болуп, кыскарбай жатышы мүмкүн да.

- Андай олуттуу маселелер бар. Өкмөт же мен сот системаларынын чеимдерине доомат коё албайбыз. Сот өздөрү чечет. Себеби алар коз карандысыз.

- Ушундай адам аткезчилигинин курмандыгы болгон канча адам алынып келинген?

- Мен акыркы эле учурду айтып берейин. Жакында эле Казакстандан кулчулукка сатылып кеткен 75 жаштагы адамды алып келдик. Аны өзүнүн эле кошунасы Казакстанда бир аз иштеп, анан ошол жакта жакшы пенсия аласың деп алдап алып барган экен. Ал киши Казакстанда иштеп жүрүп барып-барып кул болуп калган. Азыр аны карылар үйүнө тапшырдык. Ошол жакта жашап атат. Мындай жагдайлар көп.

Негизинен адам сатуунун курмандыгы болгон адамдар өзүнүн аты-жөнүн ачык айтып, же маселени сыртка чыгаруудан алыс. Бул абдан жашыруун түрдө өтөт.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG