Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

“Арай көз чарайда” бул ирет өлкө абактарындагы кыйноолор тууралуу сөз болду.

Кыйноо фактылары боюнча Башкы прокуратура былтыр 34 кылмыш ишин козгогон. Ал эми быйыл 7 ай ичинде эле козголгон кылмыш иштин саны 34кө жеткен. Ошол себептүү да мамлекет башчы Роза Отунбаева бул маселеге басым жасап, кыйноолорго каршы катуу чара көрүү керектигин белгилеген. Ал эми укук коргоочулар кыйноо фактылары мындан алда канча көп экенин, алардын көбү сотко жетпей турганын айтышууда. Кыргызстанда кыйноо көрүнүшүнө кантип бөгөт коюу керек?

Катышуучулар: Жээнбек Алымкулов – Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын ага прокурору, Таир Асанов - “Кылым шамы” укук коргоо борборунун Оштогу өкүлү, Ички иштер министрилигинин ички коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы – Талант Мурзакматов.


Кыйноонун канча түрү бар?


“Азаттык”: Адегенде мурда кыйноого кабылган Көчкөнбай Бекболот уулунун айткандарын угуп алып, андан кийин сөзүбүздү улантсак:

Көчкөнбай Бекболот уулу: Айылда бир заводго иштегени киргем. Ал жерден компьютер жоголгон. Дайынын таппай коюшту. Бир айдан кийин милиция кызматкерлери үйгө келишип, машинага салып, дароо ургулай башташты. Ново-Павловканын милиция бөлүмүнө алып барып чечиндирип алып мойнуңа ал деп сабашты. Бирөөсү бөйрөкө, таманга, башка таяк менен урду. Арыз жазгандан кийин үйгө ата-энелери келип акча беришиптир. Алардын акчасынын мага эмне кереги бар. Ооруканада бир жарым ай жаттым. Азыр дагы башым ооруйт, мурдум канайт. Судмедэкспертизага барсам, ал жакта дагы алардын кишилери экен, денеңде тактар жок экен деп койду. Прокуратурада да ишиңди жаап салбайсыңбы, тажадык дейт.

“Азаттык”: Мына өзүңүздөр уктуңуздар кылмышты мойнуна алдыруу үчүн кантип кыйноого алгандарын. Менин уккандарыма караганда, башына пакет кийгизип, башын сууга тыгып, электр шогун пайдаланып, ошондой эле психикалык, физикалык жактан кыйнашат экен. Кыйноонун кандай түрлөрү бар, кандай түрлөрү колдонулат?

Таир Асанов: Кыргызстанда кыйноолор кадимкидей эле көрүнүш болуп калды. Бул жөнүндө бардыгыбыз билебиз. Өткөндө президент Ошко келгенде жолугушууда ага да айтканбыз. Азыр Ошто камакта жаткандарга барып жолугушуп жүрөбүз, алардын шарттарын байкап жатабыз. Ар бир жолугушуп келгенде аларга карата кыйноолор болгонун такай айтып турушат. Кыйноонун түрлөрү өтө көп, резина таяк менен сабашат, башына пакет кийгизишет, аба жетпегендиктен адамдар өзүн жоготушат. Электр шок деген куралды да колдонушат. Дээрлик сурагандардын баары кыйноого дуушар болгонун айтышты.

“Азаттык”: Жээнбек мырза, азыр айтылбаган башка түрлөрүн каттадыңыздарбы?

Жээнбек Алымкулов: Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу катары таанылган адамдар окуянын кырдаалын, жагдайларын түшүндүрүп аткан мезгилде кандай кыйноолорго дуушар болгонун айтышат. Биз түздөн түз алардын көрсөтмөлөрү аркылуу далилдерди жыйнайбыз. Башына пакет кийгизип, колун кайрып, денесине залал келтиришет, ал жерде кызмат адамдарды да психикалык жактан анын көз каранды абалын пайдаланып кыйноого дуушар кылган, мыйзам бузууга мажбурлаган фактылар да бар.

“Азаттык”: Укук коргоочулар кыйноонун 80% милиция тарабынан болорун айтышат. Сиз ушундай дооматтарга кошуласызбы, анан милиция эмнеге кыйнайт. Эгер кылмышка шектүү болсо кыйнабай эле далил табуу кыйынбы?

Талант Мурзакматов: Азыр Ички иштер кызматкерлерине ушундай арыздар көп түшүүдө. Бизге быйылкы жылдын жети айдын ичинде денеге залал келтирди, урду-сабады деген 195 арыз келип түшкөн. Ошонун ичинен 66сы өз ордун тапкан жок. 102си тергөө органдарына юридикалык баа берилиш үчүн жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 8 кылмыш иши козголгон. Кыйноолор боюнча биздин маалымат борбордун билдирүүсүнө караганда, 3 иш козголгон.


Кыйноо фактылары көбөйүүдө


“Азаттык”: Өткөн жылы Башкы прокуратура кыйноо фактысы боюнча бир жыл ичинде 34 кылмыш ишин ачкан экен. Быйыл жети айда козголгон кылмыш иштин саны ушунча болуптур. Жээнбек мырза, бул прокуратуранын жакшы иштеп, кыйноо фактыларын көбүрөөк таап жатканыбы, же кыйноо фактылары өзү көп болуп жатабы? Же жарандык коом көп ашкерелеп атканы үчүнбү?

Жээнбек Алымкулов: Сегиз айда дагы бир кылмыш иш кошулган. Азыр 35 кылмыш иш болду. Былтыркыга салыштырмалуу өстү, же азыраак козголду деген бул туура эмес түшүнүк. Анткени коомдо табигый өзгөрүүлөр болуп турат. Ошого салыштырмалуу адамдын аң-сезимине байланыштуу кылмыштуулуктун динамикасы өзгөрүп турат. Аны козгоп соттук өндүрүшкө киргизүү бул башка нерсе.

“Азаттык”: Укук коргоочулар бир жылда 300гө чукул кыйноо боюнча арыздар түшөрүн белгилешет. Ошол эле учурда Акыйкатчы Турсунбек Акун Башкы прокуратура былтыр кыйноолор боюнча 97 адамга иш козгоп, анын бирөө гана жоопко тартылганын “Азаттыкка” билдирген эле. Жоопко тартылбай жатышынын себебин эмнеден көрөсүз. Демек 34 кылмыш иш өлкөдөгү реалдуу көрүнүш эмес экен да?

Таир Асанов: Кыйноо фактысын далилдөө өтө оор, татаал иш. Кармалган адамдар убактылуу кармоо жайында отурганда биринчи күндөрү кыйноого дуушар болушат. Алар ал жерде арыз жазуудан коркушат. Анткени кайра уруп-сабашат деп коркушкат. Кыйноого дуушар болгондугун көбүнөсе 10 күндөн кийин айта башташат, залал келтирилген издери калбай калат. Кыйноолордун эң негизги эки себеби бар. Биринчиден, милиция кызматкерлеринин кызматынын сапаты кылмыштын ачылганынын пайызына көз каранды. Канчалык пайызы жогору болсо ошончолук кадыр-барк алып келет аларга. Материалдык жактан сыйлыктарды алышат, кызматтык тепкичтен көтөрүлүшөт. Экинчиси, азыркы мезгилде кылмышты ачуу, изилдөө бөлүмүндө иштеп жаткан кызматкерлердин билими өтө төмөн. Алар кылмышты ачуу боюнча ыкмаларды билишпейт.

“Азаттык”: Профессионал болбогондуктан далил таппай кыйноолорго барып атабы? Сиз ушундай дооматтарга макулсузбу?

Талант Мурзакматов: Мен Таир мырзанын айткандарына макул эмесмин. Анткени биздин кызматкерлер тарабынан канчалаган оор кылмыштар ачылып атат. Бирок бизге арыздар түшүп атат. Бардык арыздар каралып атат, коомчулук тараптан байкоо жүргүзүлүп атат, интернетте сайттар ачылып атат, бардык арыздарга биз көңүл буруп өз учурунда так аткарып атабыз.

“Азаттык”: Кыйноо кылды деген факты менен канча кызматкер иштен алынды, алар андан кийин күч структураларына келе албайбы, же башка жака которулуп иштеп кете береби?

Талант Мурзакматов: Акыркысын айтып коёюн, Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн 4 кызматкерине кыйноо боюнча айып угузулган. 9-10-сентябрда соттук процесстер башталат.

Таир Асанов: Калмурзаев Усманжанды уруп-сабаган Базар-Коргондогу 4 кызматкер камакта эмес. Убактылуу кызматынан бошотулган, экөө үй камагында, дагы 2 кызматкери бош эле жүрүшөт. Сот процесси 9-сентябрга дайындалган.

“Азаттык”: Эмнеге мындай түшүнүксүз жайгдайлар болуп калды?

Талант Мурзакматов: Соңку маалыматтар ушундай болуп калды. Буга чейин биз иштин жүрүшүн көзөмөлдөп атканбыз.

“Азаттык”: Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында 63 жаштагы өзбек тектүү Маматазиз Бузуруков каза тапты. «Акыйкаттык – чындык» укук коргоо уюмунун белгилешинче, маркумга сурак учурунда кыйноолор көрсөтүлгөн. Акыйкатчы институту да Бузуруков кыйноого кабылып каза тапканын билдирген маалымат таратты. Ошондой эле Жалал-Абадда милициялар теги өзбек Орусия жаранынын уруп өлтүрүшкөн. Ушундан улам бир улутка басым жасоо болуп аткан жокпу деген суроо туулат?

Талант Мурзакматов: Бизде былтыркы коогалаң боюнча фактылар бар. Ал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынган.

Жээнбек Алымкулов: Бизде прокуратура органдарында айрыкча улуттук маселеге көп көңүл бурушат. Былтыркы Ош окуяларында болгон иштерге биздин кызматкерлер, башкы прокурордун орун басары такай башкарып, көзөмөл кылып турат.


Президенттин тапшырмасы аткарылабы?


“Азаттык”: Президент Роза Отунбаева Ошко жасаган сапары учурунда Башкы прокурордун буйругунун негизинде эми жергиликтүү прокурорлор ар бир күнү ишине баратып да, ишинен келатып да абактардан, убактылуу кармоочу жайлардан кабар алып туруш керек деп айтты эле. Бул ишке ашып атабы?

Жээнбек Алымкулов: 2011-жылдын 12-апрелинде №40 тескемесинде кыйноолорду тыюу, же алдын алуу максатында, убактылуу кармоочу жайларды дайыма текшерип турууга түздөн-түз көрсөтмөлөр берилген. Ар бир 10 күндө тактамалар түзүлөт. Кармалып турган адамдар менен сүйлөшүүлөр болот, ден-соолугун изилдешет. Аны караган журналдарды текшеришет.

“Азаттык”: Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму прокуратура кызматкерлерин окутат экен. Анда кыйноолордон жабыркагандарды коргоо, эл аралык талаптарды колдонуу маселеси үч күндүк окуу-семинардын башкы темалары болот экен. Андан сырткары кыйноолорду алдын алуу үчүн атайын борбор ачуу тууралуу да сөз болуп атат. Мына ушундай иштер кыйноо фактыларынын бетин ачууга, азайтууга жардам бере алабы, же эскиче эле калабы Таир мырза?

Таир Асанов: Жардам берет деп ойлойм. Милиция, прокуратура кызматкерлерин тез-тез окутуп, тренингдерди өткөрүп туруш керек.

“Азаттык”: Укук коргоочулар кыйноо фактылары убактылуу тергөө абактарында көбүрөөк болорун, андан кийин коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайында көп деп айтышат. Эми алар деле коомдун бир бөлүгү, башка дүйнө эмес дегендей. Бирде болбосо бирде ошол сабаган адамдардын туугандары деле ошондой акыбалга туш болсо эмне болот деген ой да пайда болот. Эми канткенде кыйноо көрүнүштөрүнө бөгөт коюу керек?

Талант Мурзакматов: Ушул мезгилде коомчулуктан байкоо кеңештери түзүлүп атат. Убактылуу кармоочу жайларга кирүүгө уруксат болсо жакшы болмок. Ага жалпыбыз аракет кылышыбыз керек.

Таир Асанов: Бардыгыбыз түшүнүшүбүз керек, азыр биз 21 кылымда жашап атабыз. Адамдын кадыр-баркы кол тийгис болуш керек, баалай билишибиз керек. Кыйноолор жоопкерчиликтин жогунан болуп атат. 2003-жылы кыйноолорду колдонсо жоопко тартылат деген берене киргизиген. Андан бери жоопко тартылган милициялар аз болду.

“Азаттык”: Сиздерге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG