Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Ош: Гапиров күч органдарын жарым миллион сомдой доого жыкты


Укук коргоочу Равшан Гапиров
Укук коргоочу Равшан Гапиров

Ошто өзбек тектүү укук коргоочу Равшан Гапиров күч органдарын сот аркылуу 440 миң сомго утуп алды.

Укук коргоочу уулу Фарух Гапиров экөө улут аралык жана диний касташууну козуткан, массалык баш аламандыкка аралашкан деген айып менен соттолуп, кийин акталып чыккан. Ата-бала моралдык жана физикалык жактан жапа чеккен деген соттун чечимине шаардык прокуратура жана милиция макул эмес. Эки тарап тең Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазды.

Ош облустук соту өзбек тектүү укук коргоочу Равшан Гапиров менен шаардык милициянын жана прокуратуранын ортосундагы талаш боюнча шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми эки орган тең укук коргоочуга 220 миң сомдон компенсация төлөп бериши керек.

Канткен менен Равшан Гапиров материалдык каражаттан да адилеттүүлүккө жеткенине кубанып турат:

- Милиция менен прокуратуранын тарыхында мындай утулуу болгон эмес экен. Мен үчүн баарынан да ушул эки органдын мыйзамсыз иштерин ачып, аларды сотто жеңүү жөнөкөй эле жарандын колунан келе турганын көрсөтүп коюу чоң утук болду. Сөз акчада деле эмес. Сөз бул жерде убактылуу кармоочу жайга түшкөн кишинин абийри, укугу жана моралдык абалын бузууга эч кимдин укугу жоктугунда. Мына эми милициянын абакка түшкөн адамды кыйноого алганын, аны прокуратуранын жаап-жашырганын ашкерелеп койдук.

Оштогу “Акыйкаттык – Чындык” укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров улут аралык жана диний араздашууну козуткан деген айып менен айыпталып, 2008-жылы шаардык милициянын убактылуу абагында 9 ай отурган. 8 соттук жараяндан кийин гана анын күнөөсүз экени аныкталып, боштондукка чыккан.

Андан көп өтпөй эле укук коргоочунун уулу Фарух Гапиров 2010-жылкы кандуу окуяларга тиешеси бар деп шектелип, массалык баш аламандыкка катышкан жана курал-жарактарды ташыган деген айып менен кармалган. 5 айдан кийин ал дагы акталган.

Бирок ата-бала жалган доомат менен убактылуу кармоочу жайда моралдык жана физикалык жактан жабыр тартышканы үчүн шаардык прокуратураны жана милицияны сотко берген. Фарух Гапиров абакта милиция тарабынан кыйноого да кабылганын ачыкка чыгарган.

- Мени “Хизб-ут Тахрирди” коргойт, өзү да ошол уюмдун мүчөсү” деп айып коюп камап салышкан. 9 жарым ай камалып жатып араң акталып чыктым. Ал иштердин баары мен үчүн өзүнчө эле азап болду. Муздак жерде жата бергендиктен көзүм да жакшы көрбөй калды. А уулумдун иши боюнча, Фарухту кыйнагандарды жазалай элек азырынча, бирок ал дагы акталып чыкты. Ошентип экөөбүздүкүн кошуп туруп моралдык зыян тартканыбыз үчүн сотко бердим да, утуп алдым. Милиция менен прокуратура мага 100 миң сомдон, уулума 120 миң сомдон, жалпы 440 миң сом төлөп бериши керек, - дейт Гапиров

Бирок Гапиров экинчи баскычтагы соттун чечимине макул болбой, күч органдарынан өзү үчүн 9 млн. жана уулу үчүн 20 млн. сом өндүрүп алуу максаты менен Жогорку Сотко арыз берди. Ал ортодо Ош шаардык прокуратурасы жана милициясы дагы Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазды:

- Равшан Гапиров 9 айга жакын жатып чыккандыгы чын. Бирок ал ден соолугуна эч кандай зыян албаганын кийин текшерүүлөр тастыктады. Анын уулу Фарух Гапиров дагы 2010-жылкы коогалаң учурунда камалып, кайра 5 айдан кийин бошотулган. Ага дагы иликтөө учурунда күч колдонуу, же кыйноо болгондугу боюнча ушу күнгө чейин далил жок. Ошого карабай сот алардын пайдасына чечим чыгарып койгонуна биз макул эмеспиз. Азыр Жогорку Сотко апелляциялык арыз жөнөттүк, - дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын юристи Медер Сабиров.

Ал эми шаардын прокурору Атай Шакир уулу бул иш боюнча кененирээк комментарий берүүдөн баш тартты:

- Мен өзүм маалыматты чогултуп алайын. Так айтыш үчүн дагы кененирээк билишим керек да. Азыр биздин адистер сунуш жөнөттүк дешти. Бирок соттун чечимин, сунуштарды окушум керек, кандай берилди, кандай болуп чечилди? - деген суроолорду тактап алгандан кийин гана бир жаңсыл комментарий берүүгө укугум бар. Ага чейин унчукпай турайын. Эгер интервью берсе биздин башкы прокуратуранын маалымат кызматы берет.

Равшан Гапиров бир нече жылдардан бери адам укуктары боюнча иш алып барып келет. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин сот иштеринде ал негизинен өзбек тектүү тургундарга актоочу катары кызмат көрсөтүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG