Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Илья Лукаш Кыргызстандан чыгып кетти


Илья Лукаш "Азаттыктын" Прагадагы студиясында, 28-апрель, 2011.
Илья Лукаш "Азаттыктын" Прагадагы студиясында, 28-апрель, 2011.

Жарандык активист Илья Лукаш ар кандай коркутуу жана кысымдарга кабылгандыктан өлкөдөн чыгып кеткенин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Азырынча активист кайсы өлкөгө чыгып кеткенин ачык айтапаганы менен жакын санаалаштары анын Украинага чыгып кеткенин билдирүүдө. Активисттин бул кадамын саясий баш калка алуу амалы катары баалагандар да жок эмес. Өткөн айда жаштардын тобу кумсалардын укугун коргойт деген негизде Лукаштын сүрөтүн өрттөшкөн.

Коркутуулар ким тарабынан болду?

8-мартта Кыргызстандан чыгып кеткен Илья Лукаш Фейсбуктагы баракчасында “Коркутуу жана кысым көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдум” деп жазган. Ал “Азаттык” менен Фейсбук аркылуу байланышып, кайсы мамлекетке чыгып кеткендиги тууралуу кагаз иштери толук бүткөндө гана маалымат берээрин билдирди.
Лукаштын Фейсбуктагы баракчасы.
Лукаштын Фейсбуктагы баракчасы.
Илья Лукаш менен бирге батирде жашаган, жакын санаалашы Екатерина Брокколинин “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы күндөрү жарандык активисттин дарегине коркутуулар күч алган:

- Биз Илья экөөбүз бир батирде жашачубуз. Акыркы күндөрү Ильянын дарегине ар кыл коркутуулар болуп жаткан. Ага социалдык тармактар аркылуу белгисиз адамдар "эгер жарандык активдүүлүгүңдү токтотпосоң, ден соолугуңа залака келтиребиз" деген каттарды жазышкан. Ага эле эмес, мага да "Лукашка айтып кой" деп ар кандай орой сөздөрдү жазган учурлар болгон. Анын үстүнө акыркы күндөрү Илья иштеген жерге “УКМКдан чалып жатабыз, Лукашты кызматтан бошоткула, болбосо текшерүүлөр болот” деген телефон чалуулар да болгон экен. Мындан улам жумушунан бошотулган болчу. Мындан кийин БУУнун Бишкектеги кеңсеси Ильяга саясий качкын деген макам берүүнү да сунуштаган болчу. Бирок бул макамды алса, Кыргызстанга бир канча убакыт кире албай каларын билген соң Илья андан баш тарткан. Акыры Украинадагы достору чакырып, жумуш сунуш кылган соң, ошол өлкөгө чыгып кетти.

Екатерина Брокколи кошумчалагандай, жоро-жолдоштору Лукашты башка өлкөгө чыгып кетүүгө чакырып келишкен. “Акыркы кездердеги басым, коркутуулардан улам Ильянын маанайы чөгүп, саламаттыгы да начарлап кеткен”, - дейт Брокколи.

"Басым күчөгөнүн байкаганбыз"

Буга чейин Илья Лукаш менен бирге иштеп, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна каршы акцияларды чогуу уюштуруп келген Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун директору Мирсулжан Намазалиев да акыркы кезде жарандык активистке ар тараптан басым күчөгөнүн байкаган:
Лукаштын сүрөтү өрттөлгөн акция,Бишкек, 27-февраль, 2014.
Лукаштын сүрөтү өрттөлгөн акция,Бишкек, 27-февраль, 2014.
- Акыркы бир-эки айдан бери ага каршы иштер байкалып жаткан. Мен да сага каршы агрессивдүү маанай күчөп жатат деп айтып калчумун. Башында социалдык тармактарда комментарийлерди жазышса, кийинчерээк анын атынан жалган баракча ачып ой келди сөздөрдү жазып, анан сүрөтүн өрттөгөн акция да болуп кетпедиби...

Намазалиев айтып жаткан акция 27-февралда Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында өткөн. Анда “Калыс” саясий кыймылынын мүчөлөрү кумсаларга каршы чыгып, сексуалдык азчылыктардын укугун коргойт деп Илья Лукаштын сүрөтүн өрттөшкөн.
Лукаштын сүрөтү өрттөлгөн акция,Бишкек, 27-февраль, 2014.
Лукаштын сүрөтү өрттөлгөн акция,Бишкек, 27-февраль, 2014.
Кыймылдын мүчөлөрү сүрөт өрттөө акциясы каршылыктын башталышы экенин, мындан ары кумсаларга каршы радикалдык чаралар көрүлөрүн кыйытышкан болчу.

Аталган кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматов Лукаштын сүрөтү өрттөлгөнү менен ага каршы коркутуулардын болгонун четке какты:

- Эми кетип калганы жөн эле шылтоо. Кол көтөрүп аны сабап, өмүрүнө коркунуч келтирсек бир жөн. Аны эч ким деле коркуткан жок, акциядан соң ага жолуккан да жокпуз, сүйлөшкөн да жокпуз. Жөн гана сыртка чыгуунун айласын көрүп жатса керек.

Буга чейин Илья Лукаш өзү деле кумсалардын укугун коргоого тиешеси жоктугун билдирип, аталган акцияны жалган жалаа деп баалаган:

- Алар мени эмнеге гей-активист деп атаганын түшүнбөй жатам. Менин гейлерге, гейлерди жактаган ар кандай баракчаларга, эл аралык уюмдарга эч кандай тиешем жок. Алар мындай маалыматты кайдан алганы белгисиз. Бул толугу менен жалган. Мага калп эле жалаа жаппай, гейлерди кайсы жерде коргоп сүйлөгөнүмдү далил менен көрсөтүп беришсе жакшы болмок. Мен болгону бирөөлөрдүн маалыматына сексуалдык ориентациясы башкалар деле адам да деп комментарий жазгам. Болгону ошол.

Активист ошол эле учурда бул окуя боюнча укук коргоочулар менен кеңешип, ыгы келсе тиешелүү органдарга арыз менен кайрыларын билдирген.

Бирок Ички иштер министрлигинен Илья Лукаштан коопсуздугуна коркунуч туулганы боюнча арыз түшпөгөнүн билдиришти. Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов Лукаш иштеген жерге эч кандай телефон чалуулар болбогонун кабарлады:
Илья Лукаш Украинага тилектештик билдирген акцияда. Бишкек, 5-март, 2014.
Илья Лукаш Украинага тилектештик билдирген акцияда. Бишкек, 5-март, 2014.
- Бизден Лукашка эч кандай телефон чалуу болгон эмес. Эгер ага каршы кандайдыр бир кылмыш иши болсо биз расмий чакырып кабарлайбыз. Ал эми Лукашка карата андай иш деле болгон эмес. Ошондуктан бизди телефон чалды дегени бул жалган маалымат.

Жалал-Абад шаарында туулуп өскөн 24 жаштагы Илья Лукаш буга чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн адам укугун коргоо, кыз алуу качууга каршы, Бажы биримдигине кошулбоого үндөө, Украинага тилектештик сыяктуу акциялардын активдүү мүчөсү болгон. 2013-жылдын декабрь айында аны белгисиз бирөөлөр токмоктоп кеткени да кабарланган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG