Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда сел жүрөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 30-31-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

30-31-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

31-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28 градус, Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32 градус ысыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градус ысыйт. Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14 градус жылыйт.

31-июлда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 25…27° жылуу болушу күтүлөт.

31-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 21…23° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG