Линктер

Акыйкатчы институту өлкөдөгү төрөт үйлөрүнө жүргүзүлгөн мониторингден соң, ал жерде энелерден акча алынарын жарыялады. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маалыматтарды четке кагууда.

Төрөт үйүнүн фондуна.. сүйүнчүгө.. көрүндүккө...

Акыйкатчы институту жүргүзгөн мониторингде төрөгөн энелер акча түрдүү жолдор менен алынарын айтып беришкен. Алардын ичинде кош бойлуу аял төрөт үйүнө түшкөн учурда атайын фондго деген негиз менен 100-200 сомдон тартып, “көрүндүк”, “сүйүнчү” сыяктуу энелер жана алардын жакындары өз эрки менен берген сыңары алынган акчага чейин бар. Акыйкатчы институтунун гендерлик укук бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, төрөт үйлөрүндө акча алынары тууралуу энелер алдын ала эле кабардар болушат:

- Биз эки айга жакын мониторинг жүргүздүк. Кош бойлуу энелерди сурамжылаган учурда, алар төрөө үчүн алдын ала акча даярдап коюшарын айтышты. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой, "акча бербесең жакшы карашпайт, аялдын бир өлүмү төрөттөн болуп, өлүп кете бересиң” деген түшүнүк бар. Бул жок жеринен чыккан эмес да. Мындан тышкары төрөт үйүнө келген учурда "төрөт үйүнүн фондуна, салфеткага, медициналык мээлейге, тигиге, буга" деп 100 сомдон 250 сомго чейин акча алынган учурларды айтышты. Айрым жерлерде кош бойлуу аялдарга медициналык карточка толтурулганы үчүн 50 сомдон талап кылынат.

“Тандооң да акча турат...”

Кыргызстандагы мыйзамдар боюнча, кош бойлуу эне өзүн төрөтүүчү дарыгерди тандоого укуктуу. Айрым учурларда кош бойлуу аялдын тандоосу ал төрөй турган күнү иштебеген дарыгерге туш келип калышы мүмкүн. Андай учурларда төрөт үйү ал врачтын иштеген убактысы үчүн акча төлөп бере албайт, ал акчаны кош бойлуу келин өзү төлөп берсин деген жазылбаган эрежелер колдонулуп келерин белгилейт Махабат Турдумаматова:

- Биздин мыйзамдар боюнча энелер төрөтүүчү врачты тандоого укуктуу. Ошондуктан, кээде “тажрыйбалуу доктур төрөтсүн” деп алдын ала сүйлөшөт. Бирок аялдын толгоосу келип, төрөгөн күнү ал дарыгер иштебей калса, эмгек кодекси боюнча анын иштеген убактысын төрөт үйү төлөп берүүгө милдеттүү. Биздеги төрөт үйлөр “андай мүмкүнчүлүгүбүз жок” деген негиз менен дарыгердин ал күнкү акысын пациент төлөп берсин” деп бүтүм чыгарып коюшкан. Ал жерде белгилүү бир сумма жок, баары дарыгер менен кош бойлуу аялдын сүйлөшкөнүнө жараша болот. Дарыгер өзү эс алчу күнү келип, аялды төрөтөт да сүйлөшкөн акчасын чөнтөгүнө салып кете берет. Бирок эгер “Кыргызстанда төрөт бекер” деген мыйзамды эске алсак, анда бул жерде дарыгердин кылганы мыйзамсыз. Биз Саламаттыкты сактоо министрлигине врачтын укугун да бузбай, мыйзамды да бузбай тургандай кылып, мындай учурларда белгилүү бир сумма коюп бергиле деп сунуштадык.

Акыйкатчы институту мониторинг жыйынтыгын жарыялап, бир нече беренедеги сунушун Саламаттыкты сактоо министрлигине берди. Анын ичинде төрөт акысыз деген мамлекеттик кепилдиктин бузулушунан тартып, бүгүнкү күндөгү төрөт үйлөрдүн абалы, керектүү медициналык жабдыктардын жетишсиздиги сыяктуу көрүнүштөрдү жоюу сунуштары бар.

"Факты бергиле, факты..."

Ошентсе да Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда төрөт акысыз жүргүзүлөрүн бекемдеп, акча алынат деген маалыматтар факты менен берилүүгө тийиштигин айтууда. Министрлик ар бир төрөт үйүндө пациенттин укугу тууралуу маалыматтар көрүнүктүү жерге илинип турганын, анын ичинде дарыгерлер төрөт үчүн акча талап кылса, кайрылуучу телефон номурларына чейин жазылганын маалымдоодо. Саламаттык сактоо министрлиги, кош бойлуу аялдын тандоо мезгилинде дарыгер менен пациенттин ортосундагы каржылык сүйлөшүүлөрдү жөнгө салуу мүмкүн эмес деп билдирген.

Эне жана баланы коргоо боюнча Улуттук борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев тармакта коррупция бар деген маселе талкууланып келе жатканын белгилеп, ошентсе да, фактылар менен иштөө ошол коррупциянын тамырын кыркмак деп билдирди:

- Кээ бир төрөткө келген аялдардын өздөрү же алардын жакындары көрүндүк, сүйүнчү катары же “жакшы карап бер” деп акча сунган учурлар болот, көп. Биз бул көрүнүштөр менен такай күрөшүп келебиз. Ошондуктан, Акыйкатчы институту да “төрөт учурунда акча алынат” деген маалыматты фактылар менен берсе жакшы болмок. Андай учурларда укук коргоо органдарына да маалымат берип, чогуу күрөшмөкпүз.

“Акча бербесең, карашпайт”

Анткен менен учурда Бишкектеги мамлекеттик төрөт үйлөрүндө акушер-дарыгерлер энелерден кеминде үч жүз сомдон үч жүз долларга чейин сурашарын энелер өздөрү “Азаттыкка” айтып беришти. Шаардагы төрөт үйлөрдүн биринде төрөп чыккан энелерди кепке тарттык. Айгерим аттуу келин үч миң сом акча бериптир:

- Бешик боо бек болсун! Төрөткө дарыгерге акча бердиңизби?

- Рахмат! Үчүнчү баламды төрөдүм. Акча бердим. Алдын ала сүйлөшүп келип, төрөйүн десем, мен сүйлөшкөн врач 300 доллар сурады. Анча акчам жок эле, кантсе да үчүнчү балам эмеспи, төрөт оңой эле болор деген үмүт менен толгоом кармаган учурда эле келдим. Бирок баары бир бердим, 300 доллар эмес, үч миң сомдон ашыгыраак акча бердим.

- Бизде төрөт бекер да. Эмнеге бердиңиз?

-Бербей койсом, карашпайт. Аны мен буга чейинки эки баламдан улам жакшы билем. Кызымды төрөгөнүмдө студент элем, ушул эле төрөт үйүндө төрөгөм. Акча берүүнү деле билбеген экем, кагып-силкип, баламды да, мени да жакшы карашкан эмес.

Алтынай:

Мен төрөткө чейин акча берген жокмун. Анткени, мөөнөтүнөн эртерээк курсагымдагы балама коркунуч жаралып, бул жакка келгем. Эки күн сактанып жатып, төрөдүм. Акча бергендер ошол сактануу бөлүмүндө жатып деле, врачтар менен алдын ала сүйлөшүп, беришет экен. Ага өзүм деле күбө болдум. Менде акча жок болгону үчүн бере албадым. Балам аман-эсен төрөлгөндөн кийин жолдошум көрүндүк бериптир. Төрөттөн кийин палатага чыккан учурда да ким акча бергени, ким бербегени ачык эле билинип калат. Анткени, дарыгерлер, медайымдар акча бербеген энелерди кагып-силкип, кош көңүл мамиле кылышат.

Төрөт үйлөрүнүн абалы оор

Кыргызстанда төрөткө акы төлөөнү киргизүү сунушун мындан бир нече жыл мурун мурдагы саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков киргизген. Экс-министр ошондо эле төрөт үйлөрүндө мыйзамсыз акча алуулар бар экенин айтып, мындан жок дегенде төрөт үйүнүн кем-карчын бүтөө үчүн мыйзамдуу түрдө 300 сом өлчөмүндө взнос киргизүүнү сунуштаган. Бирок анын сунушу коомчулукта колдоо тапкан эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы 160 140 бала төрөлгөн. Алардын ичинен 4,8% айына жетпей төрөлгөн, 51,9% төрөт оор болгон. Бир эле Бишкек шаарында 28 888 төрөт кабыл алынган.

Ал эми өлкө боюнча акушер-гинекологдордун саны болгону 1058. Жалпы анестезиолог-реаниматологдор - 614, неонатолог врачтар - 198. Министрлик муну менен кадрлар өзгөчө аймактарда жетишсиз экенин белгилейт. Ошондой эле учурда төрөт үйлөрү аянт жагынан да, санитардык-техникалык жактан да тийиштүү талаптарга жооп бере албайт. Ички миграциянын күч алуусунан улам, өткөн жылы бир эле Бишкек шаарындагы мамлекеттик төрөт үйлөрү тиешелүү эки миң аялдын ордуна сегиз миң аялдын төрөткөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG