Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Фарид Ниязов: Москвадагы өрт боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранабыз


Фарид Ниязов эскерүү иш-чарасында
Фарид Ниязов эскерүү иш-чарасында

Бул тууралуу Москвада өрттөн каза болгондорду эскерүүгө арналган иш-чарада президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди. Ал Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына гүлчамбар коюп, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Низяовдун айтымында, кыргыз бийлиги Орусиянын жетекчилигинен өрттүн себептерин аныктоо боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранат. Ал иликтөө Кыргызстан жана Орусиянын тиешелүү укук коргоо органдарынын өз ара кызматташуусунун алкагында жүргүзүлөт.

Фарид Ниязов 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган кырсык боюнча аза күнүн жарыялоо сунушу боюнча комментарий берген жок. Бирок эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды кандай өткөрүү боюнча өкмөт кеңешип чечим кабыл аларын билдирди. (BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG