Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Москвада өрттөн каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өтүүдө


Эскерүү иш-чарасы
Эскерүү иш-чарасы

Москвада ишембиде өрт чыккан басмакананын имаратынын жанында каза болгон кыргызстандыктарды эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ага Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, каза болгондордун жакындарды катышууда. Анда каза болгондордун тизмеси жарыяланып, гүлчамбарлар коюлууда.

Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Москвадагы өрт 27-августта эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу төртүнчү кабатка чейин тарап, ал жакта жумушка келип кезек алмашып жаткандар калып калган.

Өрттү өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кеткен. ТИМдин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон он жети адам каза тапты, анын он төртү кыргызстандык.(BkA)

XS
SM
MD
LG