Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Пакистан National Geographic журналынын каарманын камакка алды


Шарбат Гула.
Шарбат Гула.

Пакистан бийлиги 32 жыл мурун National Geographic журналынын биринчи бетине сүрөтү чыккан ооганстандык аялды камакка алды. Буга анын жасалма документтер менен өлкөдө жүргөнү жүйө келтирилди.

Пакистандагы качкындар лагеринде чоңойгон 40 жаштагы Шарбат Гула алдамчылык боюнча айыптуу деп табылса, 14 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Пакистан бийлиги ал Пешавардагы рейд учурунда кармалганын билдирүүдө. Көк көздүү Гуланын сүрөтү 1984-жылы журналга чыгып, дүйнөгө таанылган. Расмий Исламабад соңку убакта каттоого турбаган ооган качкындары менен күрөштү күчөтүүдө. БУУнун маалыматы боюнча, Пакистанда ооганстандык качкындардын төрттөн бир бөлүгү жашайт.

XS
SM
MD
LG