Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Турсунбеков: Мекенди коргоо мырзалардын гана милдети эмес


Кыргызстандык жоокерлер.
Кыргызстандык жоокерлер.

“Кыргызстанды коргоо эркектердин гана эмес, жалпы жарандардын милдети”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн Мекенди коргоочулар күнүнө карата кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда билдирди. Спикердин сөзүнүн текстин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.

Төрага Ата Журтту көздүн карегиндей сактоо керектигин Барсбек, Тайлак, Шабдан баатырлардын мисалында айтып, бирок Мекенди коргоо мырзалардын гана милдети эместигин белгиледи. Жалпы кыргызстандыктар буга жооптуу экенин кошумчалап, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Курманжан датканын эрдиктерин үлгү кылып көрсөттү.

Турсунбеков Кыргызстандын тынчтыгы үчүн жоокерлердин эрдиги эбегейсиз экенин, алар өлкө үчүн маанилүү күч болгонун белгилеп, жалпы элге жаркын жашоону тилеп, Кыргызстанды келечек муунга бүтүн өткөрүп берүү ыйык милдет экенин ырастады.

23-февраль – Кыргызстанда Мекен коргоочуларынын майрамы. (SE)

XS
SM
MD
LG