Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Баткен: баптисттер мүрзөсүнө жер берүү сунушталды


Баткен шаарында "Маркумду көмүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү" боюнча иштелип чыккан жол-жобонун долбоору талкууланууда. Ага Дин иштери комиссиясынын, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, диний ишмерлер катышууда.

Жыйында былтыр Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катталгандай окуяларды алдын алуу маселеси ортого салынды. Катышуучулар баптисттерге Баткен облусу боюнча бир эле жер берүүнү же православдар мүрзөсүнөн өзүнчө аймак бөлүүнү сунушташты. Баткен облусунда расмий катталып иштеп жаткан баптисттер бар. Бирок, алардын так саны белгисиз.

Баптисттерге байланышкан көрүстөн чатагы өткөн жылы октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа районунда чыккан. 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген негиз менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Сөөктү кайра көрдөн казып салышып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, маркумдун сөөгүн койдурушкан эмес. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу.

Окуя боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш кодексинин 263-беренесинин негизинде иш козгоп, сөөктү көрдөн казып салгандардын соту болууда. (NT/JsA)

XS
SM
MD
LG