Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Укук коргоочунун уулу неге кармалды?


"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова уулу Марсел Абдирасуловдун кармалыш жөнүн өзүнүн укук коргоочулук ишмердигине байланыштырууда.

Укук коргоочунун 19 жаштагы уулу Марсел Абдирасуловду кечээ кечинде белгисиз бирөөлөр автоунаага күчтөп салып кеткени кабарланып, көп өтпөй ал Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмүнө алынып келгени белгилүү болгон.


Жалган арыз берсе деле кармап кете береби?


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Памир Асановдун айтымында, 2011-жылдын 9-августунда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Азат Абылаев деген жигит арыз менен кайрылган. Арызда ушул жылдын 1-августунда Учкун кичи районунда мылтык такап, акчамды алып коюшту деп жазылган. Анда күнөөлү делген адамдардын толук аты эмес, “Ади”, “Мики” деп көрсөтүлгөн. Памир Асанов бул боюнча убагында кылмыш иши козголгонун жана Марсел Абдирасулов ушул арыздын негизинде кармалганын белгиледи.
Биз мунун баарын дагы карап чыгабыз, милицияга да көп сурообуз бар. Мисалы жалган арыз берсе эле жөн эле кармап кете берет экен...
Нурбек Токтакунов


- Оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында 20-сентябрда Марсел Абдирасулов Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алынып келинген. Ал ошондогу окуя тууралуу түшүндүрмө берди жана арыз ээси менен 2010-жылдан бери тааныш экенин айтты. Абдирасуловдун айтымында, алардын ортосунда август айында эмес, июнь айында пикир келишпестик болгон экен. Азыр эки тараптын тең жүйөөлөрү текшерилүүдө. Анктени алар менен дагы үч киши болгон. Алар дагы суракка чакырылат. Ошондон кийин юридикалык баа берилет. Ал эми кылмыш иши факт боюнча, арыздын негизинде козголгон.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, 20-сентябрда кечки саат сегиз жарымдар чамасында 19 жаштагы кичүү уулу Марсел Абдирасуловду Бишкектин четиндеги үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр күч колдонуу менен B 39 20 BA мамлекеттик номериндеги ак түстүү Жип автомашинасына салып кеткен. Эки саат бою адвокат жана башка укук коргоочулар менен жолугушууга уруксат берилген эмес. Бул ишке Акыйкатчы Турсунбек Акун, айрым депуттар кийлигишкени айтылууда.

Марсел Абдирасулов 20-сентябрдын түнүндө, суракка келем деген кат жазып берген соң бошотулган. Ал эми 21-сентярбда ал козголгон кылмыш иштин негизинде сурак берди. Сурак маалында арыз ээси Марсел Абдирасуловго дооматы жоктугун айткан. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

- Марселдин эч күнөөсү жок экени аныкталды. Сурак берүү маалында арыз ээси Абылаев менен беттешти. Ошол маалда Марселге эч кандай дооматым жок деп айтты. Биз мунун баарын дагы карап чыгабыз, милицияга да көп сурообуз бар. Мисалы жалган арыз берсе эле жөн эле кармап кете берет экен.


Одоно мыйзам бузуу болдубу?

Менин баламын күнөөсү болгон учурда деле жасалма номер автомашина менен, эч кандай документтерин көрсөтпөй, айтпай-дебей, сүйрөп алып кеткени туура эмес. Мыйзамда андай каралган эмес...
Азиза Абдирасулова


Ал эми абак жайлардагы кыйноо фактылары менен күрөшүп, бир тобун ачыкка чыгарып келаткан Азиза Абдирасулова бул окуяны өзүнүн укук коргоочулук ишмердиги менен байланыштырууда. Белгилей кетсек, жакында Абдирасулова Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин байкоочу кеңештеринин президент катышкан жыйынында акыркы эки айдагы кыйноо боюнча 21 фактыны ашкерелеген. Анын ичинде сегизи өлүм менен бүткөнү айтылган.

Укук коргоочу баласынын кармалып кетишинде одоно мыйзам бузуулар болгонун да баса белгилөөдө:

- Менин баламын күнөөсү болгон учурда деле жасалма номер автомашина менен, эч кандай документтерин көрсөтпөй, айтпай-дебей, сүйрөп алып кеткени туура эмес. Мыйзамда андай каралган эмес, мыйзамда мунун процедуралары таптакыр башка каралган. Бул жерде мыйзам бузулуп атат. Кызым келсе, аны түртүп жиберип эле машинаны айдап кетип калышыптыр. Биз МАИден тактадык B 39 20 BA деген кызматтык Жигулинин номери экен. Аны эмнеге өздөрүнүн унаасына тагып алып, адамды уурдап кетип атышат. Мен командировкамды үзгүлттүккө учуратып учуп келдим. Мен муну өзүмүн укук коргоочулук ишмердүүлүгүмө байланыштырам.

Памир Асанов Марсел Абдирасуловду күч колдонуу менен алып кетти деген кинелерди четке какты. Анткен менен укук коргоочу уулу Марсел Абдирасуловдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганы жатат.

XS
SM
MD
LG