Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:01

№50 абактан тогуз кылмышкердин качуусу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы кемчиликтерди ашкереледи. №50 абактагы окуяны иликтөө үчүн акыйкатчыга караштуу комиссия түзүлгөн. Бирок анын ишине токоолдук жасалганын “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

“Азаттык”: Акыйкатчы тарабынан түзүлгөн комиссиянын ишине ким тоскоолдук кылып жатат?

Абдырасулова: Биринчиден, акыйкатчынын мыйзам боюнча комиссия түзүүгө укугу бар. Мурда ушундай чуулгандуу окуяларда көзөмөл комиссиялар түзүлүп, анда бир топ жашыруун нерселер ачыка чыккан.

Бул жолу биз 14-ноябрда Акыйкатчы институтунун кеңсесинде жолугуп, институттун кызматкерлеринин катышуусу менен комиссия түзүү чечимин кабыл алганбыз. Андан кийин комиссиянын түзүмү, кайсы багыттарда иш жүргүзүү боюнча акыйкатчынын буйругу да чыккан. Иш планы түзүлгөн. 19-ноябрда №47 абакта ишти башташыбыз керек эле. Бирок эмнегедир абакка баратабыз деген мүнөттө эле биздин ишти токтотуп койду.

“Азаттык”: Акыйкатчы өзү токтоттубу?

Абдирасулова: Жок, Жаза аткаруу кызматы токтотту. Дүйшөмбү күнү баштайбыз, шейшемби күнү баштайбыз деп маалкатып келатат. Ачык эч нерсе айтпай жатышат. Биздин ишти токтотконго чейин 13 кишинин өлүмү болсо, андан кийин Телтаевдин өлүмү болду.

“Азаттык”: Бийлик бул ишти эмне үчүн жаап-жашырууда? Кечээ күнү өкмөт да жабык жыйында бул маселени талкуулап, чечимдерди кабыл алууну тездетүү керек деп чектелди.

Абдирасулова: Ошол комиссиянын иши башталып, тараптар менен жолугушуп, иш кагаздар менен таанышып чыкмайынча себептерин так айта албайбыз. Бизде божомол гана бар.

Биринчи эле тогуз киши абактан качып, бир нечеси кармалган күндөрү №50 абакта кармалып тургандардын туугандары "балдарды уруп-сабап жатышат, жардам бергиле" дегенде укук коргоочулар, кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери бир күн кечке туруп, абакка кире алган эмес. Ошондо эле шектенүүлөр пайда болгон. Себеби көзүбүз менен көрбөгөндөн кийин кимдир-бирөөнү күнөөлөш кыйын.

Бирок жаап-жашырып, коомдук көзөмөлдөн качып жаткандын өзү эле ошол жерде жаап-жашыра турган чоң нерселер бар болгонун айгинелеп турат.

“Азаттык”: Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы башаламандыкты жашыруу үчүн ушундай аракеттер жасалып жатабы, же калк ичинде айтылгандай, абактагыларды атайын коё бергенин жашыруу үчүнбү? Анткени Иманкул Телтаевдин өлүмү ал версияны күчөтүүдө.

Абдирасулова: Бул абакта мурда аялдар кармалчу. Андан кийин аларды кетирип, ал жерге жалаң коркунучтууларды топтоого каршы болгонбуз. Соттун чечими чыга элек адамдарды коркунучтуу адамдар, уюшкан топтордун мүчөлөрү деп атап койгонуңар өзү туура эмес деп айтканбыз. Бирок анда биздин сөзүбүздү уккан киши болгон эмес. Ал жерге оор кылмышкерлерди бир жерге топтоп алгандан болушу мүмкүн.

Экинчиден, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бир жагынан акылга сыйбаган, экинчи жагынан ишенбей коё албай турган фактыларды айтып жатат. Эмне себептен Жаза аткаруу кызматынын, өкмөттүн эч кандай күнөөсү жок болсо, "келгиле, текшергиле, мына документтер, мына тараптар, жолуккула, сүйлөшкүлө" дей албайт? Андай кылганга батына албай турат. Демек жашыра турган чоң нерсе бар.

14 кишинин каны турган жерде ачыктык жок. Мындай шартта Жаза аткаруу кызматы эле эмес, өкмөттүн баары кызматтан кетиш керек эле. Демократиялык өлкөлөрдө бир кишинин каны төгүлсө, өкмөттүн баары кызматтан кетет. Биздикилер уялбастан өздөрү комиссия түзөбүз деп, аны да жаап-жашырып отурушат.

“Азаттык”: Жаза аткаруу кызматына кандай реформа керек? Аны ИИМдин көзөмөлүнө кайра кайтаруу керек деген сөздөр чыга баштады.

Абдирасулова: Жок, Ички иштер министрлиги деле жыргаткан жок. Качып жүргөндөрдү, Достук кичи районунда тынч отурган кемпирди жана кишини ыргыта аткан ошол Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да. Анан кантип бул кызматты министрликке бериш керек?

Бул жерде башка нерсе жасалыш керек. Абактарды кайтарган Күзөт жана коштоочу департамент бар. Алардын аскерлери абактарды сыртынан кайтарат. Ал эми Жаза аткаруунун кызматкерлери ичинен карашат. Буга карабай Күзөт кызматындагы аскерлер Жаза аткаруу кызматынын кол алдында болуп калган. Экөөнүн кызматын бөлүп, Күзөт жана коштоо департаменттин өкмөт алдына алып барыш керек.

Андан кийин Жаза аткаруу системасынын кызматкерлеринин абалын оңдош керек. Вагондордо жашашат, болор-болбос айлык менен түнү-күнү абак кайтарышат. Бул жерде чоң коррупция, мамлекет тарабынан кетирилген кемчилик эмес, адамдардын канын төккөн чоң кылмыш жатат. Бул жерде жарандык катуу көзөмөл болмоюн, андай нерсе кайталанбайт деген кепилдик жок. Мындай окуялар абактарда буга чейин да болуп келген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG