Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Коргоо кеңеши Мамлекеттик курулуш агенттигине эскертүү берди


Коргоо кеңеши Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттикке коррупцияны токтотууну эскертти. Коргоо кеңешинин жумушчу тобу бүгүн өлкөдө ар кандай типтеги курулуштардын жайнап кеткенине байланыштуу уруксат кагаздарды берүү, инженердик тармактарга кошуу жана башка нормаларды сактоо маселесин карады.

Анда атайын түзүлгөн эксперттик топ аталган агенттиктеги коррупциялык схеманы жоюу боюнча жаңы план сунуштап, 12 коррупциялык аймактан турган бул мекеме коррупцияны жок кылуу боюнча натыйжалуу иш алып бара албаганын белгиледи. Коргоо кеңеши агенттиктин 17 кызматкерине бул иш боюнча канааттандырарлык иш жүргүзө албаганы үчүн дисциплинардык жаза алышканын белгиледи. Жумушчу топтун айрым мүчөлөрү тармакта коррупция жоюлбашына агенттиктин кызматкерлери өздөрү кызыкдар болушу мүмкүн деген пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигине тез арада жер участокторуна ээлик кылууга укук берүүчү документтердин электрондук системасын түзүү тапшырылды.

Бул тууралуу Коргоо кеңешинин катчылыгынан маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG