Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Казан: ок-дары заводунда өрт чыкты


Казанда ок-дары чыгарган завод жайгашкан аймакта өрт чыкты. Күбөлөр жардыруунун добушу угулуп жатканын билдиришүүдө.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, өрттөн бир адам каза тапты. Тилсиз жоонун себеби кабарлана элек. РИА Новости өз булактарына таянуу менен өрт каптаган аянт 400 чарчы метрге жеткенин маалымдады.

Казандагы ок-дары заводу Орусиядагы 1788-жылдан бери иштеп келе жаткан ишканалардын бири. Заводдо ок-дары, авиация, деңиздеги күчтөргө, артиллерия, танктарга дүрмөттөр чыгарылат.

Марттын ортосунда Тольятидеги химиялык заводдо да өрт чыгып, 500 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

XS
SM
MD
LG