Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Ташанов: Сот создугушу - саясий эрк жоктугунан


Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь, 2010.
Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь, 2010.

Талдоочу Руслан Ташанов апрель жана июнь окуялары боюнча соттук териштирүүлөрдүн кечеңдешин саясий эрк жоктугунан көрөт.

“Азаттык”: Апрель же июнь окуясы боюнча сот иштери эки жылдан бери аягына чыкпай келет. Тергөө, сот иштери жай жүрүп жатканын мурдагы президент Роза Отунбаева да айтканы бар. Мунун себебин эмнеден көрөсүз?

Руслан Ташанов: Биринчиден, апрель жана июнь окуяларынын бири-бири менен тыгыз байланышы бар. Соттун ушул күнгө чейин создуктурулган себеби – бул саясий окуя. Көп учурда саясий окуяларга укуктук баа берип, чыныгы күнөөкөрлөрдү жоопко тартыш өтө татаал маселе. Бул жерде саясий эрктин жоктугу катары баалайт элем.

“Азаттык”: Баш прокурор Салянова эки окуя боюнча эл аралык издөөгө алынган эки гана адам бар экенин, көп учурда издеп жаткан адамдарды башка өлкөлөр Кыргызстанга кайтаруудан баш тартып жатканын айтты. Бул Кыргызстандын алсыздыгыбы же башка себептер барбы?

Руслан Ташанов: Биринчиден, укуктук далилдердин аз болгондугу себеп болушу мүмкүн. Экинчиден, ал жерде бир топ саясий маселелер бар. Үчүнчү олуттуу маселенин бири - адам укуктары жана саясий жагдайлар боюнча изделген адамдын кандайдыр бир окуяга тиешелүү, күнөөлүү деп табылганына карабастан эл аралык стандарттарга ылайык, өз өлкөсүндө качкын деп табылышы ыктымал. Ошондуктан эл аралык нормалар менен Кыргызстандын ички кызыкчылыктарынын төп келбестиги жөнүндө сөз болууда.

Бул Аксы окуясы сыяктуу эле аягына чыкпай калышы мүмкүн. Ошол эле Кадыржан Батыров, Жалалиддин Салахуддинов сыяктуу өзбек лидерлерине сырттан сот чечими чыгып, алардын издөөгө салынышы формалдуу гана чечим деп айтууга негиз бар.

“Азаттык”: Парламент токтомунун талкуулоодо эски жараны козгобой коюш керек деген да пикирлер айтылды. Бул багытта сиздин пикириңиз кандай?

Руслан Ташанов: Бул тууралуу бир тараптуу жооп бериш абдан кыйын. Июнь окуясында 500гө жакын, апрель окуясында 90дон ашуун адам мерт болду. Мыйзамга ылайык ар бир адамдын өмүрү мамлекет тарабынан корголот. Алардын өлүмү үчүн ким жооп берет деген адилеттүү суроо дайыма пайда болот. Ошол эле учурда бул саясий окуя болду. Ошого байланыштуу укуктук жооп бериш үчүн саясий эрк жетпей жатат.

“Азаттык”: Кечээки талкууда эки окуяда тең көзгө атарлар жок болгону айтылды. Окуя учурунда снайперлер кармалганы айтылып, бирок кийин тастыкталбай калган. Айрым эксперттер бул жерде соодалашуу болгонун боолголоп жатышат?

Руслан Ташанов: Биринчиден, эл аралык нормаларды сактоо аркылуу биздин бийлик ошол снайперлер тууралуу маалыматты ачык айтуудан тартынып жатат. Апрель-июнь окуяларына сырткы күчтөрдүн дагы таасири болгонуна толук ишенсек болот.

XS
SM
MD
LG