Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

№37 абактын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды


Түрмө
Түрмө

22-октябрь күнү Башкы прокуратуранын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жана Жаза аткаруу кызматынын коопсуздук кызматы менен чогуу №37 абактын жетекчисин пара алып жаткан жеринен кармады.

Аталган абактын М.Э аттуу жетекчиси соттолуп, ушул абакта жаткан кишиден беш миң сом жана эки дөңгөлөк алып жаткан жеринен колго түшкөн. Анын үстүнөн "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "пара талап кылган жана алган" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы М.Э. соттолуп, абакта отурган адамды мезгил-мезгили менен түрмөнүн сыртына чыгарып, кайра киргизгени үчүн пара алып жүргөндүгү да аныкталганын билдирди. Жалпысынан бул соттолгон адамдан 300 АКШ долларын жана тогуз миң сом алган, ошондой эле өзүнүн жеке унаасы үчүн эки дөңгөлөк талап кылган деп айтылат маалыматта.

Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG