Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Аскаровго "Homo Homini" сыйлыгы берилет


Азимжан Аскаров сот залында, 2010-жылдын 10-ноябры.
Азимжан Аскаров сот залында, 2010-жылдын 10-ноябры.

Кыргызстандык өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровго эл аралык "Абийир туткуну" сыйлыгы ыйгарылат.

Мындай кабар өлкө ичине тарай баштагандан тарта коомчулукта ар кыл ачакей пикирлер айтылууда.

Аскаров акыйкат коомдун сүрөтүн тарткысы келет

Чехиядагы "Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму 8-марттын кечинде Жалал-Абатта кармалган өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровго белгилүү эл аралык Homo Homini сыйлыгын тапшырмакчы. Сыйлык адам укуктарын чагылдырган даректүү тасмалардын “Бир дүйнө “ кинофествалынын алкагында Чехия баш калаасы Прагада берилмекчи.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, Homo Homini адам укуктары үчүн күрөшкөн жана азаттыкка, мыйзамдуулукка жетишпеген системанын кыйноого кабылып, торуна түшкөн адамдарга берилет. Сыйлыкты тапшыруу аземине Аскаровдун уулу Шерзод Аскаров да катышат.

- Укук коргоочулар жана активисттер, журналисттер акыйкатты издеп канча жылдан бери келатабыз. Биз ишибиздин үзүрүн көргөн реформалар болуш керек. Кыргызстандагы жалпы укук коргоочулар кайда болбосун тилегибиз бир. Өлкөдө укуктуу система орноп, бир да адам ыйлабаш керек. Эгерде мыйзамды туура эмес кабыл алып алса, ал сөзсүз түрдө өзүнүн күнөөсүн алыш керек. Ошондуктан мыйзам алдында президент да, саясатчылар да, жөнөкөй адамдар да бирдей болушу керек. Азимжан Аскаров“Абийир туткуну” деп аталышы жалпы кыргызстандыктарга мыйзамсыздыктан кетүүгө жардам берет.

Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов Аскаровду чын эле эч күнөөсү далилденбей туруп торго түшкөн абийир туткуну деп эсептейт. Адвокат Аскаровдун дүйнөдө күнөөсү жок камалган укук коргоочулар тизмесине кошулганын белгиледи.

- Мен бул сыйлык жөнүндө билбейм. Анын күнөөсү жөнүндө сурасаңар мен айтып берем, анын үстүнө жөн эле баарын үйүп койгон. Мисалы Аскаровду камаса чет өлкөлөр Балкыбековду, Бакиевдерди эч качан бербейт. Эмнеге дегенде алар силерде кишини жөн эле күнөөсү жок соттойт, сот жок экен деп айтат. Далилдер менен соттош керек. Антпесе аброюбуз жок болот.

Учурда Бишкектеги №47 колонияда камалып турган Азимжан Аскаров өзүнө Homo Homini сыйлыгы берилерин уккан соң коомчулукка кат жолдоп, өтө кубанганын, жаш баладай ыйлаганын билдирген. “Мен көргөн азап, кыйноо, кордоодон кийин мен адам укуктары жана айыкат үчүн күрөш коомдо жогорку мааниге ээ экенин дагы бир жолу түшүндүм. Мен өзүм кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Жалгыз камалып отурганда түрмөнүн дубалдарына акыйкат коомдун сүрөтүн тарткым келет” - деп жазган Аскаров өзүн күнөөсү жок экенин айтып, сотко айыптоочу тараптан күбөлөр келбей жатканын белгилеген.

Аскаровдун иши Жогорку Сотто

Анткен менен Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Каныбек Турдумаматов Аскаровдун күнөөсү далилденгенин белгилөөдө.

- Азимжан Аскаров эки баскычтагы соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылбадыбы. Азыр Жогорку Сотто каралып атат. Соттун акыркы өкүмү чыга элек, мындай баа берген туура эмес го деп ойлойм. Тергөөдө, сотто да анын күнөөлөрү далилденген. Коогалаңда диаспораны, Базар-Коргон элин башкарып жүргөнү далилденген. Андан сырткары ошол эле өзбек тектүү жетекчилер дагы бар, андан да башка көрсөтмөлөр менен тастыкталып жатпайбы.

Кыргызстандын башкы укук коргоочусу, Акыйкатчы Турсунбек Акун Аскаров далили жок түрмөдө камалууда деген пикирлерге кошулат.

- Бул сыйлык түрмөлөрдө азап тарткан адамдарга берилет. Бизде да көп адамга берилген. Ошондуктан Аскаровго берилишин туура көрөм. Анткени ал канча айдан бери түрмөдө. Акыйкатчы катары кармалганы туура эмес, киши өлтүргөнү жөнүндө маалымат жок деп айтып эле кела жатабыз. Бирок бир жери бар. Аскаровдун Жалал-Абаддагы иштери жакшы. Ал негизинен өзбек тектүү адамдардын укугун коргоп, аты чыккан укук коргоочу. Ошол жерин эл аралык уюмдар эске алган жок.

Азимжан Аскаров 10 жылдан ашуун убактан бери укук коргоочулукту аркалап жүрөт. Ал Базар-Коргондо 13-июнда болгон тополоңду козутуп, адам өлтүрүүгө тийиштиги бар деген айып менен камакка алынган.Сот аны өмүр бою түрмөгө кесип, үй-мүлкүн опуздоо жөнүндө өкүмүн чыгарган. Аскаров өзү ага тагылган бир да айыпты мойнуна алган жок. "Эл аралык мунапыс" уюму Аскаровду ага каршы тергөө башталгандан бери эле “Абийир туткуну” деп атап жүрөт.

XS
SM
MD
LG