Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Аскаров: Адам укугун чагылдырган радио ачкым келет


Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 15-март.
Абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 15-март.

Бишкектеги 47-абакта кармалып турган өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровго кабарчыбыз жолугуп, маектешип кайтты.

Жергиликтүү сот былтыркы июнь коогалаңында киши өлтүрүүлөргө катышы бар деген айып менен укук коргоочуну өмүр бою камакка кескен. Азимжан Аскаров камалып отурган № 47 колонияга кирип, укук коргоочунун ал абалы менен таанышып кайттык.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров отурган №47 абакка “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова менен бирге бардым. Жолугушуу Аскаров отурган камерада эмес, аталган колониянын жетекчисинин орун басарынын бөлмөсүндө болду.

Убакытты китеп менен жеңип жатам

Жакында эле Чехиянын “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму Аскаровго “Хомо Хомини” сыйлыгын ыйгарган. Сөз ушундан башталып, Исмаилованын куттуктоосунан кийин Аскаров бир сыйра жашып алды.
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова абактагы кесиптеши Азимжан Аскаров менен. Түрмө башчынын орун басарынын иш бөлмөсү, 15-март.

Укук коргоочу алгач кармалган тергөө маалында кыйноого кабылганын, ошондон бери сол ыптасы ооруй турганын айтты. Алигүнчө сол тарабы менен жата албайт экен.

- Сөөктөрүм ооруйт. Токмок жегениме он ай болду. Он айдын ичинде дагы анын кесепети тийип атат. Мен ооруса дагы мажбур бир аз жатып аламын. Сүрөтчүлөрдүн 99 пайызы сол ыптасы менен жатат.

Аскаров камерада жалгыз жатат. Ал отурган камера жертөлөдө болгону үчүн дайымы жарык (свет) күйүп турат экен. “Бул менин көзүмө таасирин тийгизиүүдө дейт” ал. Көзү күндөн күнгө начарлап, жакшы көрбөй атыптыр. Күнүнө эки сааттан ашуун таза абага чыгат. Үч маал тамак берилет.

Көп учурда убакытты китеп менен “жеңет”. Учурда “Аль Бухары” деген китепти окуп атыптыр. Булардан сырткары 10 айдын ичинде Курандан 18 дуба жаттап, аларды кайталап чыкканга үч сааттан ашуун убакыт бөлөт. Камерасында телевизор, радио бар. Жаңылыктарды негизинен “Азаттык” менен Би-Би-Си радиолорунан угаарын кошумчалады.

- Эгер китеп окубаса, билесизби, адам жинди болуп калышы мүмкүн экен. Азыр “Аль Бухары” китебин окуп бүтөйүн деп калдым. Андан мурда Габриэл Гарсиа Маркести жана башка бир топ китепти окуп бүтүрдүм. Убакытты нормалдуу өткөрүш үчүн араб тилин үйрөнүп атам. Котормосун билбесем дагы окуй турган, жаза турган болуп калдым. Өзүм сүрөтчүмүн да. Азыр абдан сонун жазам.

Азимжан Аскаров тууган-туушкандары менен дээрлик жолукпайм дейт. Кармалгандан бери аялы, келини менен биринчи жолу №47 түрмөдө жолугуптур.

- Мени ушунча изоляцияда кармашты. №47 колониянын администрациясынын жардамы аркасында аялым, келиним менен ушул жерден жолугуштум. Ал жакта (өлкө түштүгүндө кармалып турган чакта) мени эч ким менен кезиктирген жок, эч ким менен. Бир да тууганымы көрсөткөн жок, абдан катуу кармашты. Адвокат менен дагы бир айдан кийин, Жалал-Абадда кеңири сүйлөшүүгө мүмкүн болду.

Абактагы мамиле

Түрмө администрациясынын мамилеси тууралуу сураганыбызда укук коргоочу толкунданып кетти.

- Билесизби, түштүктө кармалып турганга салыштырмалуу 360 дагы эмес миң градус жакшы. Башкаларга билбейм, бөлүк боюнча ар бир нөөмөтчү эртең менен тешикти ачып “Аскаров, ден соолук кандай” дешет... Билесиңби, башка камераларга салыштармалуу 100% айырма бар.

Аскаров “Хомо Хомини” сыйлыгын алганы үчүн “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо уюмуна ыраазы. Чехия баш калаасы Прагадагы сыйлык тапшыруу аземине укук коргоочунун уулу Шерзод Аскаров катышкан эле. Баласынын сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүн “Азаттыктан” укканын мындайча айтып берди.

- Кыргызстан 1990-жылдардан баштап Борбор Азияда “Демократия аралчасы” катары таанылганы эсиңизде болсо керек. Азыркы учурда да ошондой таасири бар экенин көрдүм. Кыргызстанда коомдук институттардын күчтүүлүгү, эл аралык уюмдар менен байланышы жакшы экени, мени айыпсыз үстүмөн кылмыш иши козголгонун далилдей алышты да. Ал күнү баламдын да сүйлөгөнүн уктум. Билесизби, ичимдегини айтып берүүгө сөз жетпейт.


Кээ бирлери Азимжан Аскаровдун бир гана өзбек тектүү адамдардын укугун коргоп, ошондон аты чыккан укук коргоочу экенин айтып келишет. Ушундай эле оюн “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун да билдиргени бар. Анткен менен Аскаров мындай пикирлерди четке кагууда.

- Бул нерсе эң жалган, мага карата доомат. Базар-Коргондун базарына барып эле маектешип көрүңүз. Базарда ызы-чуулар көп болот. Базардын өзүндө эле жүздөн ашуун кыргыз улутундагы адамдарга жардам бердим. Менде улутунун кызыкчылыгы жок. Чогуу иштегендерге да ушуну айтат элем.

Коогалуу күндөр тууралуу

Аскаров Базар-Коргон эли бири-бири менен урушкан жок жана мындайга бармак эмес деп эсептейт. Ал сырттан келген башка бирөөлөр бул ишти уюштуруп, жасап кетти деп ойлойт.

Аскаровдун мындай ойлогонунун да себеби бар. Анкткени Аскаров жана аны менен бирге иштегендер майдын ондорунан кийин эле белгисиз бирөөлөр, номуру жок машиналары менен Базар-Коргонго келе баштагынан байкашкан. Бул боюнча алар район акимине, кийинчерээк ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго укук коргоочу Азиза Абдырасулова менен бирге барганын мындайча эскерет.

- 10-майдан баштап эле көчөлөрдө тосмолорду курушуп башташкан. Эртең менен ар кимиси өзү билген жаңылыкты мага айтышат да. Биз кырдаал курчуп баратат деп район акимине да бардык. Номуру жок машиналар. Ал эмес бизде практикада жүргөн бала “мен машинадан курал көрдүм” деп айткан. Ушулардын барыдыгын айтып бердик.

21-майда Жалал-Абадда Исмаил Исаковго Азиза Абдырасулованын алдында айттым. Куралдуу кагылыш болот экен. Ошто, анан Жалал-Абадда, Базар-Коргондо болот экен. Бул ачык болуп кетти деп айттым. Катчы кызга факстын номерин бер, дайыма факс иштеп турат, кошумча маалыматтар болсо бизге айтып тургула деп, башка эч кандай координация кылбай койду.

Төрт баланын атасы, 60 жаштагы Азимжан Аскаров "Базар-Коргондо 13-июнда болгон тополоңду козутуп, милиция кызматкерин өлтүрүүгө тийиштиги бар" деп айыпталып камакка алынган. Ал сентябрь айында Базар-Коргон соту тарабынан өмүрүнүн акырына чейинки мөөнөткө кесилип, бул соттун чечимин областтык сот күчүндө калтырган. Бул иш азыр Жогорку Сотто каралууда. Укук коргоочу айыптарды мойнуна алган эмес. Ал ак экени далилденип, азаттыкка чыкса радио ачам деген ойдо.

- Азаттыкка чыксамбы? Психологго да ушул жөнүндө айттым эле. Мен ушул убакка чейин радионун ушунча чоң күчкө ээ экенин билбептирмин. Радиодон күнүмдүк укук бузуулар, адам укуктарынын корголушу, кабарларды дайыма жаңылап, радио аркылуу өтө көп иш кылса болорун ушул жерде ойлонуп отурам. Бир гана адам укугун коргоо багытында иштегим келет да...

XS
SM
MD
LG