Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Өлкө башчысы Роза Отунбаева 5-майда жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар менен жолугушуп, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин камсыздалышы жаатындагы пикир алмашты. Ушул багытта “Азаттыктын” суроолоруна "Эркиндик үнү" уюмунун башчысы Сардар Багышбеков жооп берди.

- Президент менен болгон жолугушууда негизинен эмнелер тууралуу сөз болду?

- Жолугушуунун негизги максаты - июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын жакында жарыяланган отчету тууралуу ой-пикир бөлүшүп, өз оюбузду президенттик администрацияга билдирдик.

Андан тышкары комиссиянын корутундусуна кирген да, кирбеген да фактылардын үстүнөн сүйлөшүү болду. Июнь коогалаңына жакында бир жыл болот. Ошонун айланасында сөз болду.

- Комиссиянын корутундусу туурасында да сөз болгонун айттыңыз. Конкреттүү эмнелер айтылды?

- Ар бир адам өзүнүн ишмердүүлүгүнө жараша пикирлерин билдирди. Биздин уюм байкап жүргөн маселелер боюнча, милиция жана УКМК жана башка кызматкерлерден кыйноого кабылган, азап көргөн фактылар тууралуу маселени көтөрдүк. Анткени бул эл аралык комиссиянын корутундусунда да көрсөтүлүптүр.

Биздин колубузга түшкөн арыздар боюнча маалыматты президенттик администрацияга да билдирдик. Анткени кыйноолордун үстүнөн канча арыз түшсө бир дагы иш козголгон эмес, бир дагы милиция кызматкери жоопко тартылган эмес.

Киммо Килюнен
- 5-майда ТИМ билдирүү таратып, отчет бир жактуу болуп калганын белгилептир. Сиз комиссиянын корутундусу менен макулсузбу?

- Мен чынымы айтсам көп деле фактыга өзүм күбө болбогондон кийин отчет объективдүү же субъективдүү эмес деп айта албайм.

Комиссия өзүнүн отчетунун негизги максаты "ушундай окуялардын дагы кайталанбашына салым кошуу" деп жазган. Бирок отчеттун өзүндө беш күн окуянын ичинде кандайдыр бир позитивдүү нерселер деле болду да.

Мисалы биз деле угуп атабыз, эки улут коогалаң учурунда бири-биринин үйлөрүн коргоп, башка улуттун өкүлдөрүн өз үйүнө алып кирип сактап калууга аракет кылып, кошуналар бири-бирине жардам берип, ушул сыяктуу көптөгөн жакшы аракеттер болгон. Ошол эпизоддорду көрсөтүп, толук ачып бергенде жакшы болмок. Бул алардын кемчилиги болуп калган. Комиссиянын атынан позитивдүү жагын көрсөткөн аракет болсо коомчулук тарабынан деле жакшы кабыл алынмак.

- Эл аралык комиссия өкмөткө бир топ сунуштарды берген. Алардын бири - берилген сунуштарды ишке ашырууга комиссия түзүү болчу.

- Бул комиссиянын отчету бир эле жалгыз отчет эмес. Бул тогузунчу-онунчу отчет болуп атат. Буга чейин Amnesty Internetional, Human Rights Watch жана башка уюмдар изилдөө жүргүзүп, бир топ жакшы сунуштары бар. Президент менен жолугушууда ушул маселени толуктадык.

Коогалаңда талкаланган үй, 8-март, 2011-жыл
Сунуштарды иликтеп, ишке ашырууга аракет кылган комиссия түзөбүз деп жатышат. Бирок бул бир гана Киммо Килюнен баштаган комиссиянын гана эмес, башка 9-10 уюмдун сунуштарын чогуу аткарууга аракет кылган комиссия түзүлгөнү турат.

Бул маселелерди жарандык коом, жалпы коомчулук менен талкуулап, дагы бир ирет иликтеп, айрым нерселерди толуктап ишке ашырчу комиссиянын зыяны жок.

- Президент менен жолугушууда жарандык коом өкүлдөрү, укук коргоочулар кандай сунуштарды берди?

- Бир нече сунуштарды бердик. Адилеттүү соттор, милицияда болуп аткан кыйноолор жана башкалар боюнча.

- Комиссия өзбек тилине кандайдыр бир макам берүү сунушун да айткан экен. Бул канчалык негиздүү жана зарылчылыгы бар?

- Мен да ал сунушту көрдүм. Бирок ал кыргыз тил менен орус тилинин деңгээлиндей расмий макам берүү сунушу эмес. Бул - аймактык деңгээлде кандайдыр бир макам берүү деген сунуш.

Менимче статус берүү андай маселе эмес. Мисалы билим берүүгө, китеп чыгарууга, өздөрүнүн балдарына өздөрүнүн салтын, маданиятын, тилин үйрөтүүгө өкмөт тараптан тоскоол көрсөтпөш керек.

- Июнь коогалаңы болгонго чейин мындай тоскоолдуктар болгон эмес да. Ар кандай окуу жайлар, мектептер болгон.

- Мен объективдүү толук баа бере албайм.

- Мындан сырткары күч структураларына башка улуттун өкүлдөрү да тартылсын деген сунуш бар. Бул канчалык мүмкүн, чын эле башка улуттун өкүлдөрү бул тармакта аз иштейби?

- Биздин байкообуз боюнча негизи көп эле жерде милиция кызматкерлер жана башка кызматтарда бир улуттуу болуп кеткен жагдайлар бар. Мен бул сунушка кошулам жана колдойм.

Кыргыз мамлекетибизде кандай улуттар жашап келатабыз, ошондуктан мамлекет билимине, профессионалдык деңгээлине карап дискриминация колдонбой, баарына бирдей шарт түзүп бериш керек. Менин билишимче июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абаддагы милиция органдарынын канча бир кызматкерлери жумуштан кетирилген. Бул сунуш ошондон да чыгып атса керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG