Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Ата-энеден алыста запкы көргөн балдар


Иллюстрация
Иллюстрация

Төрт жана алты жаштагы бир тууган наристелердин ата-энеси балдарын сабап-кордогон өгөй чоң энесин жазалоону өтүнүп милицияга арыз жазышты.

Балдар 6-январда соттук-медициналык экспертизадан өттү. 5-январь күнү кечинде төрт жаштагы баласы эс-учун жоготконун айткан Көлмө жаңы конушунун тургуну Тез жардам кызматына кайрылган. Дарыгерлердин “Азаттыкка” айтымында, баланын денеси күйүп, баш мээси чайкалган, чекесинде шишик болгон.

Алты жаштагы Акылай чоң энеси бөбөгүн шымын булгап койгон учурда сабаганын айтып берди:

- Нурэлди күйгүзгөндөн кийин "эмне болушасың, экинчи антпей жүр, болушкан ушундай болот" деп колумду күйгүзүп салды. Мешке басып салган колумду. "Апаңа айтып эле көр, тамак бербей өлтүрүп салам" деген. Үйдөн кууп чыкчу, сарайга камап салган.

Төрт жаштагы Нурэл менен алты жаштагы Акылайды чоң эне, чоң атасы "иштен алагды болбогула, биз багып беребиз" деп өткөн жылдын сентябрында Бишкектен Жумгалга, Чаекке алып кетишкен. Телефондон сүйлөшкөндө "баары жакшы" деп жооп берген наристелер Жаңы жыл майрамына карата Бишкекке келгенде ата-энесине баарын төкпөй-чачпай айтып беришиптир. Кыздын атасы Талант Борончиев:

- Кызымды уктатып жаткам, анан "ата, мен сизге бир нерсе айтам, эч кимге айтпайсыңбы?" деди. Анан бөбөгү күйүп калганын айтты. Эмне болгонун сурасам, "төшөкту булгап койгон, ошондо чоң энем жинденип, кайнап жаткан сууга салып салды" деди. Ошону угарым менен келинчегиме чалдым.

Муну угары менен алар Чаекте калган баласын алып келишет. Абалы жакшы эмес экенин көргөн ата-эне Бишкектеги Тез жардамга кайрылган. Башкы дарыгер Зуура Сетишованын “Азаттыкка” айтымында, баланын денеси күйүп, баш мээси чайкалган, бешенесинде шишик болгон.

- Бала башынан жараат алып, баш мээси чайкалган, маңдайында, оң жак жаагында, ээгинде шишик болгон. Денесинин ар кайсы жери, көкүрөгү, моюну, буту сыйрылган, күйгөн. Балага катаал мамиле жасалып келген деп 3-ооруканага жөнөткөнбүз. Анын жанында алты жаштагы кыздын да оң колу күйгөн, бешенесинде шишик бар, ал деле дээрлик ушундай абалда болчу.

Сабалды делген наристелердин ата-энеси балдарын сабап-кордогон чоң эне-чоң атасын жазалоону өтүнүп, милицияга арыз жазышты. Балдардын апасы Жазгүл Ыдыеванын белгилешинче, баласы азыр деле коркуп, тамак жегенде чочуп жатканын белгилөөдө.

- Кичүү баламдын абалы оорураак. Башым, ичим деп жата албай, кусуп жатат. Чоң энеси катуу уруп койгон экен. Темир көсө менен урду деп балам айтып жатат. "Экинчи чычсаң ушундай болот" деп кайнак сууга салган экен. Баламды үйрөтүлгөн маймылдай эле кийинтип коюптур. Өзүмдүн жүрөгүм түшүп калды. Чоң энеси "атаң ушундай кылды, мен сени ыйлабасын деп айткан жок элем" деп айтты.

Кылмыш иши козголор-козголбосу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан соң чечилет. Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Улан Жапаровдун белгилешинче, балдардын сабалышы боюнча иш материалдар топтолгон соң Нарын милициясына өткөрүлүп берилет. Бирок балдардын ата-энеси ишти Бишкектен аягына чыгарып берүүнү өтүнүп жатышат. Ал эми балдарды чоң энеси сабаганбы же чоң атасыбы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталмакчы. Азырынча алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Учурда балдарды ата-энеси үй-бүлө шартына байланыштуу үйдөн карайбыз деп ооруканадан чыгарып алышты.

Укук коргоочулар үй-бүлөдө кордук көргөн, жакындарынан запкы жеген балдар азайбай жатканына тынчсызданууда. Өткөн жылдын соңунда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жети жаштагы Тахмина Кенжебаева таежесинин ур-токмогунан набыт болгон. Сузак районунда 36 жаштагы киши 1,5 жашар өгөй кызын кыйнап өлтүргөн окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Мындан улам балдардын коопсуздугу, ата-эненин жоопкерчилиги күн тартибине чыкты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда өткөн жылы балдарга каршы 800гө жакын кылмыш иши катталып, 500дөн көбү сотко өткөн. Бирок туугандар өз ара сүйлөшүп алгандыктан мындай иштер аягына чыкпай, күнөөлүүлөр жоопко тартылбай келет. Баласын кордогондорду колдоп чыккандарды өткөн жылдын соңундагы маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев да сындаган.

Токмок жеген балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:32 0:00

XS
SM
MD
LG