Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Иштетүүбү, же эмгекке тарбиялообу?


Беловодсктогу атайын жатак мектеп.
Беловодсктогу атайын жатак мектеп.

Укук коргоочулар Чүйдүн Беловодск айылындагы жатак мектепте балдарды күчтөп талаада иштетип жатышканын айтып чыгышты.

Мектепти текшерүүгө алган “Жаш укук коргоочулар тобу” окуучулар зордук-зомбулукка да кабылып жатканын 18-майдагы маалымат жыйынында билдиришти.

Жетекчилик болсо балдар эмгектенип, өз тамактарын өздөрү таап жатат деген пикирде.

Ал арада Билим берүү жана илим министрлиги айтылган сындардын чын-бышыгын иликтеп чыкмай болду. Бул жатак мектеп тартиби начар балдарга тарбия берген Кыргызстандагы жападан жалгыз борбор болуп саналат.

Укук коргоочулар коңгуроо кагат

Беловодсктогу атайын жатак мектепти текшерип чыккан “Жаш укук коргоочулар тобу” балдардын укугу одоно бузулуп жатканын билдирип, тезинен чара көрүүгө чакырууда.

Мектепте 16-17-майда мониторинг жүргүзгөн укук коргоочулардын бири Акрам Кубанычбеков мектеп жетекчилиги ижарага алынган 5 гектар жерде окуучуларды күчтөп иштетип жатканын белгиледи:

Укук коргоочулар маалымат жыйынында.
Укук коргоочулар маалымат жыйынында.
- Биринчиден, администрация, айрым тарбиячылар балдардын көбүн сабашат экен. Балдарды сабап, талаага алып чыгып, иштетет экен. Мисалы, таң атпай алтыда эртең мененки тамакты кылдыртпай, айдоо аянтын сугартат. Бир жолу мындай болуптур: балдарды талаага алып чыгып, жерди түздөш үчүн койдой кылып ар жак, бер жакка айдап, таш менен урган учур орун алыптыр.

Беловодсктогу атайын жатак мектепте 11 жаштан 14 жашка чейинки 64 бала тарбияланат. Алардын үчөө мектептен качып кеткен. Окуучулардын көпчүлүгү орунсуз үй-бүлөдөн чыгып, мектепке барбай калышканда бул жакка жөнөтүлгөн. Натыйжада балдар уруксатсыз мектептен чыгып кете албайт.

Укук коргоочулар окуучулар жетекчилик менен тарбиячылардын буйругуна баш ийбесе катуу ур-токмокко кабыларын, айрым учурларда балдарды башка тургундар да иштетерин айтып жатышат.

“Жаш укук коргоочулар тобу” жатак мектепте жашоо шарт начардыгын айтып, көрсөтүлгөн материалдык жардам жетекчиликтин жеке кызыкчылыгына жараша колдонулуп жатат дешет. Бул жагдайды жатак мектепти текшерүүгө катышкан акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлү Эржан Сулайманов да тастыктап, балдар коркутуп-үркүтүүгө дуушар болууда деп билдирди:

- Айрым балдардын айтуусуна караганда, балдар бир нече саат иштеп, белдери ооруп калган учурлар болот экен. Бирок директорго кайрылып, эс алалы десе, директор коркутат имиш. "Ата-энеңер менен жолукканга уруксат бербейбиз, психиатриялык ооруканага алып барабыз, каматабыз" деп коркутат экен.

“Иштеген тиштейби?”

Маселенин чоо-жайын билүү үчүн Беловодсктогу атайын жатак мектебине сапар алдык. Туш тарабы дубал, бак-дарактар менен курчалган жатак мектептин негизги эки имараты бар экен. Үч-төрт кабаттуу имараттардын бири мектеп, экинчиси жатакана өңдүү. Мектептин кире беришинде кыйла бекем жашыл дарбаза тургузулган.

Балдар иштеген 5 гектар жер мектептин артындагы талаада жайгашкан экен. Мектепке түш оой баргандыктан, балдардын айрымдары бир-экиден топтошуп короодо жүрсө, айрымдары футбол ойноп жатышыптыр.

Мектеп директору Эмилбек Алымбаев дооматтарды четке кагып, балдардын талаада иштегенин кышка камылга деп түшүндүрдү.

Анын айтымында, беш гектар жердин басымдуу бөлүгүнө арпа жана беде себилген экен. Калган жерге картөшкө, помидор өңдүү жашылча-жемиштер да айдалган. Жерге атайын түтүк аркылуу суу жеткирилгендиктен, балдар маал-маалы менен сууну карап турууга милдеттендирилген экен.

- Кайсы бала ур-токмокко кабылганын айтпаса, мен кантип билем? Тарбиячылардан сурасам, билбейбиз дешсе... Андыктан мен далил жок айта албайм. Иштетүү боюнча айтканда, балдар талааны кайтарып, эки сааттан күзөткө турушат. Балдар бир күндө эки жүз түп помидордун көчөтүн сайып койот, анан шланганы бирөө алып кетпесин деп кайтарып турат. Ал жерге эки-төрт бала барат. Бул жашылча-жемиштер балдардын кышкы тамагы. Балдар эмне талааны кайтарып, кызыгышат да.

Эмилбек Алымбаев
Эмилбек Алымбаев
Директор балдар кээде айылдын башка тургундарына да жардам берерин жашырган жок. Мектеп мугалимдеринин бири Айнура Коңурбаева болсо окуучулар сабак убагында талаага иштегени кетпейт деп ишендирди:

- Мисалы, балдарды эмгекке тарбиялоо деген бар да. Өздөрү өстүргөн помидорлорду кышы бою жеп чыгышат. Анан күчкө салып алып кеткенин көргөн жокмун.

Мектеп жетекчилиги министрликтин көрсөтмөсүн жүйө кармап, балдар менен сүйлөшүүгө уруксат берген жок. Бирок айдоо аянтын сугаруу үчүн талаада жүргөн он төрт жаштагы окуучуну кепке тартууга мүмкүн болду. Ал директор билбесин деп, өз атын атоодон баш тартты:

- Помидор айдаганга чейин жети киши жумасына бир жолудан карап турчубуз. Азыр күн сайын караш керек. Биз помидор, кызылча, арпа, картөшкө, жүгөрү айдаганбыз. Бүгүн эртең менен келсем, уйлар жайылып жүрүптүр, алар түштөн кийин башка жакка кеткенге чейин кайтарып отурууга туура келди.

Укук коргоочулар окуучулардын укугу бузулганы боюнча аудио, видео материалдар бар экенин айтып, аларды прокуратура органдарына беребиз деп жатышат. Ал арада Билим берүү жана илим министрлиги жатак мектептеги жагдайды иликтөө атайын аудит жүргүзүп, комиссия түзө турган болду.

Мектеп жетекчилиги болсо укук коргоочулар келип кеткенден кийин балдардын тартиби бузулуп, тарбиячыларды тоготпой жатышканын айтууда.

XS
SM
MD
LG