Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Британия соту: Брексит боюнча өкмөт парламенттен макулдук алсын


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Британиянын Жогорку Соту Евробиримдиктен чыгуу жараянын баштоодон мурда өкмөт парламенттин макулдугун алышы керек деген бүтүмүн чыгарды.

24-январдагы чечим премьер-министр Тереза Мэйдин чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр марттын аягында башталат деген планын кечеңдетиши ыктымалдыгы айтылууда.

Ага карабастан Мэйдин өкүлү Брекситтин графигинде өзгөрүү болбосун, жакын арада өкмөттүн бул боюнча планы жарыяланарын билдирди.

Соттун чечиминде ошондой эле өкмөт Брексит боюнча Шотландия, Уэльс жана Түндүк Ирландия менен кеңешпей деле койсо болору камтылган.

Евробиримдиктен чыгуу процесси Лиссабон келишиминин 50-статьясына ылайык, эки жыл бою жүрмөкчү. Өткөн жылы жайында өткөн референдумда британиялыктар 28 өлкө мүчө болгон Евробиримдиктен чыгууну жакташкан.

XS
SM
MD
LG