Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

ЭлТРдин мурдагы жетекчиси Максуда Айтиева өзүнө карата козголгон кылмыш иши кайрадан иликтенүүсүн талап кылып Жогорку Сотко кайрылууда.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Максуда Айтиевага мамлекетке 2 млн. сомдон ашуун зыян келтирди деген жүйө менен кылмыш ишин козгоп, аны сотко ашырган болчу.

Прокуратура: Тендер өткөрүүдө мыйзам бузулган

ЭлТР телекомпаниясынын мурдагы жетекчиси Максуда Айтиеванын жетекчилик кызматтан кетүүсүнө дал ушул үстүнөн козголгон кылмыш иши негиз болгон. Бишкек шаардык прокуратуранын коррупцияга каршы бөлүмү телерадиокомпаниянын жетекчилиги санарип жабдуу сатып алуу боюнча тендер өткөргөн учурда мыйзам бузуу орун алганын, натыйжада мамлекетке 2 миллион сомдон ашуун зыян келтирилгенин белгилеген болчу. Шаардык прокуратура ишти Биринчи Май райондук сотуна өткөргөн.

Азыр Жогорку Сотко кайрылып жаткан ЭлТР телеканалынын мурдагы жетекчиси Максуда Айтиева тергөө процесси туура эмес жүргүзүлгөн деп эсептейт:

- Мамлекетке зыян келтирилди деп сөз болгон соң, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болчу. Бул иште андай болгон эмес. Ал аз келгенсип, тергөөчү өзү токтом чыгарып жатат. Анын мындай укугу жок, ал экспертиза дайындоого гана укуктуу. Экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу атайын органдар бар, ошолордун жыйынтыгы менен гана кылмыш иши козголууга тийиш.

Прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинде так эместиктер бар экенин белгилеген Биринчи Май райондук соту да ишти кароодон баш тартып, аны кайрадан тергөөгө жиберген. Буга каршы болгон шаар прокуратурасы сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаар сотуна кайрылган. ЭлТРдин иши боюнча мурдагы жетекчи Максуда Айтиеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергеген тергөөчү Араш Келдибаев тергөөнүн корутундусу Кыргызстандын Кылмыш-жазык жараянына толук жооп берерин ырастайт:

- Ооба, ал жерде экспертиза дайындалган эмес. Анткени мунун кажети жок болчу. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн, тиешелүү фирмалардын корутундуларынын негизинде мамлекетке келтирилген зыянды көрсөткөнбүз. Биринчи Май райондук соту “экспертиза дайындалсын” деп артка кайтарган. Бирок соттун чечиминде так, кандай экспертиза жүргүзүүлүсү тууралуу айтылган эмес. Экспертизанын түрлөрү көп да. Ошондуктан, биз кайра Бишкек шаар сотуна доо арыз менен кайрылганбыз.

Шаардык прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Ага ылайык, эми аталган сот ЭлТР телеканалынын жетекчилигине байланыштуу кылмыш ишин кароого тийиш. Айыпталып жаткан Максуда Айтиева Бишкек шаар сотунун чечимине нааразылык билдирип, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылууда.

Иштин башы...

ЭлТР телеканалынын мурдагы жетекчисинин үстүнөн кылмыш иши неге козголду?

"2014-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстандагы телеканалдарды санариптик берүүгө өткөрүү максатында, тиешелүү жабдыктарын жаңылоону буйруган. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан КТРК, ЭлТР, 5-каналга атайын каражат бөлүнүп берилген. ЭлТР телеканалынын Ошто жана Бишкекте эки студиясы болгондуктан, бөлүнгөн 10 млн. сомго телеканалдын өзүнүн бюджетинен акча кошулуп, жабдык сатып алуу үчүн тендер жарыяланган",- дейт Максуда Айтиева:

Максуда Айтиева

Максуда Айтиева

- ЭлТР телеканалынын Ошто жана Бишкекте эки студиясы бар экенин айтканыбызда, өкмөттөн “болгон акча ошол, калганын өзүңөр тапкыла” деген жооп болгон. Биз рекламадан иштеп тапкан акчабызга жыл сайын жабдык сатып алуу үчүн бөлүнгөн каражатыбызды кошуп, Бишкек студиясына техникалык жабдык сатып алуу үчүн тендер жарыялаганбыз. Тендерге беш компания катышкан. Утуп чыккан “Овен” компаниясы башкалардан эң арзан бааны сунуштаган. Андан арзан сунуш түшкөн эмес. Тендер боюнча, Эсеп палатасы да келип текшерип, зыянды аныктоо мүмкүн эмес, деген чечим чыгарган.

Учурда соттун кароосунда жаткан кылмыш иши мына ушул тендердин жыйынтыгы боюнча сатылып алынган жабдыктарга байланыштуу козголгон. Шаардык прокуратуранын корутундусуна ылайык, жабдыктар базар баасынан өтө кымбат сатылып алынган, мындан мамлекетке 2 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген. Ишти караган тергөөчү Араш Келдибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тергөө учурунда ЭлТРге сатылып алынган жабдыктардын баалары толугу менен иликтенген:

- Биз тергөөдө жабдыктарды саткан фирманы да сураганбыз. Алар бул видеокамераны башка жактан эмес, Бишкектен эле 820 миң сомго сатып алганын айткан. Ал эми ЭлТРдин “Овенден” сатып алган баасы 1 млн. 300 миң сом. Тендерди өткөрүүнүн негизги талабы – акчаны үнөмдөө болсо, булар ошону да бузушкан.

Тергөөчү ошондой эле ЭлТРдин жетекчилиги тендер жүргүзүлгөн учурда башка үлгүдөгү баасы кымбат аппаратты көрсөтүп, бирок андан арзан жабдыкты сатып алган деп белгилейт:

- Тендердин талабы боюнча техниканын жогорку сапаттагысын алуусу керек эле. Бирок алар тендер өткөрүлгөн документтерде кымбатын: Sony-400 маркасындагы видеокамеранын жарыкка сезимталдыгы 0,006 люкс сапатындагысын көрсөтүп, бирок сатып алганда, андан төмөн сапаттагысын, 0,005 люксту сатып алышкан.

ЭлТРдин мурдагы жетекчиси Максуда Айтиева өз кезегинде тергөөдө жабдыктар интернет базардагы эң арзан баа менен бааланып, ЭлТРге жеткирилген жол акысы жана жабдыкка кошумча зарыл аппараттар да эске алынган эмес деп бекемдөөдө:

- "Комкодр" деп коет бизде видеокамераны. Бирөөнүн баасы интернет магазинде 500 миң рублдин айланасында. Эң арзаны. Биз ал видеокамераны алты комплект менен алганбыз. Камеранын алдына койгон штативи бар, штативдин дөңгөлөгү бар, экөөнү бириктиргич тетиги бар, видеоиздөөчүсү, пульту бар. Майда-чүйдөсүн кошкондо, алты предмети бар. Ошонун баарын чогуу алганда бизге келиши 1 млн. 200 миң сомго туруп жатат. Тергөөчү болсо бир гана тетигинин баасын алып, 500 миң деп, ал эми бизге келген 1 млн. 200 миң сомдон айырмасын чыгарып эле, мамлекетке келтирилген чыгымды чыгарып жатат. Биринчиден, бул туура эмес. Себеби, интернет дүкөндөгү баа менен тендерге катышкан компаниялар бизге сата албайт. Анын жол киреси, бажы төлөмү бар. Өзүнө алып калчу пайдасы бар дегендей. Экинчиден, тергөөчү чыгымды аныктоого укугу жок. Чыгымды тиешелүү каржылык органдар аныктайт.

Жабдуулар иштеп жатат

ЭлТР телекомпаниясы тендер өткөрүп сатып алган жабдыктар ошондон бери телеканалдын Бишкектеги жана Оштогу студияларында бүгүнкү күнгө чейин иштетилүүдө. Бул маалыматты телеканалдын пландаштыруу жана эфирди камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Эшкожоева “Азаттыкка” тастыктады:

- Ооба, бүгүнкү күнү студияда ошол тендер менен сатылып алынган жабдуулар эле иштеп жатат.

Кыргызстандагы телеканалдарды санариптик берүү системасына өткөрүүдө талап кылынган жана сатылып алынган техникалардын сапатын баалап берүүсүн өтүнүп, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көз карандысыз эксперт катары “Интерньюс” коомдук уюмунун техникалык адиси Курманбек Макешовду жалдаган. Макешовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ЭлТР телеканалы тендер өткөрүп сатып алган техникалардын сапаты ошол мезгилде Транспорт жана байланыш министрлигинин көрсөтмөсүндөгү талаптарга жооп берген:

- Бюджети өтө чоң болбогон кыргызстандык телеканалдар үчүн ЭлТР сатып алган техникалык жабдыктар толугу менен талапка жооп берет. Бул жерде телеканалга бөлүнгөн каражатты да эске алуу керек. Анткени, КТРК бюджети көбүрөөк телеканал катары кымбат жабдыктарды ала алат. Ал эми ЭлТРде мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Ошондуктан, сатылып алынган жабдыктар баасына туура келет. Мен ушундай эле пикиримди ошол кезде да билдиргем. Ал эми “Sony” маркасындагы видеокамеранын жарыкка сезимталдыгы 0,006 менен 0,005 люкс болушунда айырма деле жок.

ЭлТРдин жетекчилигинин үстүнөн кылмыш ишин Бишкек шаар прокуратурасы Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында чогулган материалдардын негизинде козгогон. ИИМге болсо ЭлТРдин мурдагы кызматкери Бейшенбек Бекешов арызданган.

Бекешов менен Айтиеванын тиреши

ЭлТР телеканалынын жетекчилигин коррупциялык иштерге айыптап, милицияга кайрылган Бейшенбек Бекешов аталган телеканалда директордун орун басары болуп иштеп туруп, өткөн жылы май айында кызматтан кеткен. Бекешовдун “Азаттыкка” айтуусунда, ал Айтиеванын мамлекеттик жана телеканалга тиешелүү каражаттарды өзү каалагандай сарптап жатканына нааразы болуп, милицияга арызданган:

Бейшенбек Бекешов

Бейшенбек Бекешов

- Мен 15-майда ишткен кеткем. Арыз болсо апрель айында жазылган. Айтиеванын орун басары болуп турган кезде анын кыянатчылыктарын көрүп-билип туруп жазган арыз. Президентке чейин жазганбыз, бирок эч кандай реакция болбоду. Арга кеткенде гана укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Бирок Айтиеванын колдоочулары жогору жакта көп экен, алар ага чара колдонбой эле, мени кызматтан алып салбадыбы.

Өткөн жылы апрелде ЭлТРде ички жаңжал чыгып, директордун орун басары болуп турган Бейшенбек Бекешов баштаган топ башкы директор Максуда Айтиеванын иштен кетишин талап кылган. Бирок андан бир ай өтпөй Бейшенбек Бекешов өзү иштен кеткен болчу.

Максуда Айтиева мурунку орун басары Бейшенбек Бекешовду ЭлТР аркылуу обого чыккан айрым программалардан түшкөн каражаттарды телеканалдын бюджетине эмес, өзүнүн чөнтөгүнө салып жүргөн деп айыптап, бул ишти текшерүүсүн өтүнүп, прокуратурага кайрылган. Айтиеванын айтуусунда, бул боюнча Эсеп палатасы иликтөө жүргүзүп, Бекешов алып барып жүргөн “Эл наркы” көрсөтүүсү аркылуу берилген каражаттар телеканалдын бюджетине кайтарылсын деп чечим чыгарган.

Бейшенбек Бекешов болсо кээ бир адамдардан алынган каражаттар телеканалдын ишин жакшыртуу максатында жумшалганын бекемдөөдө. “Эл наркы” берүүсүн тартуу үчүн демөөрчүлөрдүн күчү менен атайын “Манас” студиясын негиздегем дейт Бейшенбек Бекешов:

- Алганымды танбайм, айтып эле жүрөм. 2009-жылы, мен КТРден куулуп, эч нерсем жок калган учурда Карганбек Самаков мага монтаждоочу столу менен чогуу видеокамера алып берген. Ал үчүн мен өмүр бою ыраазымын. Анан “Эл наркы” деген берүүнү тарткандагы декорацияны ташыган балдарга түшкү тамак алып берчү Самаков. Декорациялар ар бир көрсөтүү үчүн ар башкача колдонулат, ар бир жолу алмаштырып, кайра орнотуу оңой иш эмес. Ал эми декорацияны ташуу оператор балдардын иши эмес. Бул тууралуу чоңдордун баары эле билчү. Ошондуктан, берүүнүн демөөрчүсү Карганбек Самаков деп жазып койчубуз. Мухтар Өмүракунов атындагы фонд "Манас” студиясын жасап берген. Мен анда акча алган эмесмин. Кандай каражат болбосун ЭлТР, андагы берүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн жумшалчу.

Максуда Айтиева 2015-жылы октябрь айынын аягында өзүнө козголгон кылмыш ишинин негизинде, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилген. Ал ЭлТРди жетектеген бир жылдан ашуун убакта ал телеканал жакшы жагына гана өзгөрдү деп бекемдейт:

- 2014-жылы күзүндө жетекчи болуп келгенде М вектордун сурамжылоосу болгон. Анда ЭлТРдин аудиториясы 8,5% болчу. Телеканалдын бюджетинде рекламадан түшкөн каражат 800 миң сомдой болчу. 400 күн телеканалды жетектеп иштедим. Кетерде дагы М вектордун иликтөөсү болду, анда ЭлТРди көргөндөрдүн саны 1% ашык көбөйгөн мурунку жылга салыштырмалуу. Ал эми каналдын бюджетиндеги атайын эсепке 32 млн. сомду толтуруп кеттим. Мунун ичинен 8 млн. сому эл аралык долбоорлордон түшкөн акча болчу. Бул дагы көрсөткүч.

Эксперттердин белгилөөсүндө, ЭлТР телеканалы мурдагы башкаруучу Султан Жумагулов жетектеп турган учурда бир топ өскөн. Телеканал өзгөчө жаңылыктарды берүү жагынан бир топ жакшырганын белгилеген медиа-серепчи Аделя Лаишева Жумагуловдой адискөй, дасыккан жетекчиден кийин Максуда Айтиеванын телеканалдын башына келишине алгач сын көз караш менен караганын жашырбайт:

- Чынын айтсам, Султан Жумагуловдон кийин ЭлТРдин башына келген Максуда Айтиевага көп ишенген эмесмин. Бирок иштин жүрүшүндө Айтиева көрүүчүлөр менен иштеше алды, алардын пикири менен эсептешти. Көрүүчүлөргө кызыксыз айрым берүүлөрдү эфирден алды, алардын ордуна кызыктуу программалар менен долбоорлор пайда болду. Ошондуктан мен Максуда Айтиевага телеканалдын сапатын жогорулата алган менеджер деген баа бере алам. Ошондой эле ал донорлордон, эл аралык уюмдардан да, мамлекеттен да телеканалга арбын каражат тарта алды. Анткени, буга чейин ЭлТР өкмөттүн “өгөй кызындай” эмес беле.

ЭлТР телеканалынын мурдагы жетекчиси Максуда Айтиеванын ишин Биринчи Май райондук соту качан карары белгисиз. Бул аралыкта Максуда Айтиева өзүнө карата козголгон иштин кайрадан тергелишин өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG