Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

ЕККУ журналисттерге зомбулук көрсөтүүнү айыптады


Сыргак Абдылдаев ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Сыргак Абдылдаев ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун сөз эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Миклош Харашти кыргыз бийликтерине кайрылуу жолдоп, “Репортер-Бишкек” басылмасынын серепчиси Сыргак Абдылдаевге болгон кол салууну токтоосуз жана кылдат иликтөөгө, журналисттерге зордук-зомбулук жасоону токтотууга чакырды.

ЕККУнун өкүлүнүн кайрылуусунда ошондой эле кыргыз бийлиги маалымат каражаттарынын кызматкерлерине жасалган зордук-зомбулукту токтотууга болгон күчүн жумшоого тийиштиги айтылат. Миклош Харашти Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу иши боюнча КР ИИМ тарабынан тергөө иштеринин башталганына кубанычын билдирип, күнөөлүүлөр тез арада тийиштүү жазасын аларына ишенерин да белгилеген.

“Репортер-Бишкек” басылмасынын саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге 3-март күнү кечки саат жетилерде Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз бирөөлөр кол салып, денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колунун чыканагынан жогору орто жилигин сындырып кетишкен. Учурда ал Бишкектеги № 4 оорукананын травматология бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Сыргак Абдылдаев ооруканадан “Азаттыкка” берген интервьюсунда анын артынан бир айдан бери аңдуу жүргөнүн, бул кол салуу саясий тапшырма болушу мүмкүн деген оюн билдирген.

-Мен өзүм мурдагы аскер чалгынчысымын, мен муну кадимкидей эле оперативдүү байкоо салып жүрөт деп ойлогонмун. Мен андай эле фигура эмесмин. Маалымат чогултуп материал жазып жүргөн эле журналистмин. Мен муну ошондуктан саясий заказ болушу мүмкүн деп ойлойм. Азырынча бир версияга токтоло элекмин. Кандайдыр бир буйрук болушу мүмкүн.

Сыргак Абдылдаев акыркы убактарда дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевди жана төрт айдан ашуун убакыттан бери белгисиз болуп жаткан ишкер, ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановду издөө иштери тууралуу бир катар макалаларды жазып келген экен.

“Репортер-Бишкектин” жамааты бул кол салууну журналисттин кесиптик иши менен байланыштырып, саясий кычаштык катары сыпатташууда.

- Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланышы бар деп эсептейм. Биз бул окуядан башка себептерди көрбөй жатабыз. Ал жалаң гана саясий темада жазчу. Азыркы бийликти сындаган макалаларды да жазчу
, -деп билдирген “Репортер-Бишкектин” негиздөөчүсү Султан Каназаров "Азаттыкка".

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев акыркы жылдары бийлик тарабынан сөз эркиндигине кысым күчөгөнүн, журналисттердин коосуздугуна мамлекет тарабынан эч кандай кепилдик жоктугун айтып келатат:

- Журналисттик кесип негизи жаман кооптуу кесип болуп калды. Азыр журналистикада иштеп жүргөн балдар чынын айтканда, өзгөчө акыркы окуядан кийин, Алишер Саиповду атып кеткенден кийин эки анжы болуп калышты, иштесемби, улантсамбы кесибимди-улантпасамбы деп. Буга мисал, Кыргызстандын чегинен биздин беш журналист баш баанек издеп чет мамлекетке кетип калган. Булар Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов, ошол эле «Репортер Бишкек» гезитинен Хабира Мажиева, "Де Фактонун" баш редактору Чолпон Орозобекова менен анын жолдошу журналист Жеңишбек Эдигеев.

2007-жылы октябрда Ош шаарында жаш журналист Алишер Саиповду белгисиз адамдар атып кеткен. Бул кылмыштын алиге бети ачыла элек.

Сыргак Абдылдаевге кол салуудан кийин Ошто ММКнын дагы бир кызматкерин сабап кетишкени белгилүү болду.
“Фергана.ру” интернет булагынын кабарлоосуна караганда, 7-мартта “Ош ТВ” телеканалынын оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалып, баш мээси чайкалган жана башка жарааттары менен Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүгүнө жаткырылды. Телеканалдын эмгек жамааты бул кол салууну дагы журналисттик ишмердик менен байланыштырууда.

“Медиа өкүлчүлүгү институту”, “Журналисттер” коомдук уюму, “Медиа консалт” кору жана башка бир нече медиа уюмдар Президентке кайрылуу жолдошуп, Кыргызстанда акыркы убактарда журналисттердин өмүрүнө коркунуч келтирилген учурлар арбып бара жаткандыгы жана бул кылмыштардын бети ачылбай калып жатканын белгилешип, мамлекет башчыны Сыргак Абдылдаевге кол салуу окуясын иликтөөнү жеке көзөмөлгө алууга чакырышкан.

Эл аралык уюмдар дагы Кыргызстанда ММК өкүлдөрүнө кол салуу фактыларынын күчөгөнүн айыптап, журналисттерди коргоо үчүн жетиштүү чараларды көрүүгө кыргыз бийликтерин чакырышууда.

Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети “Репортер” басылмасынын саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевдин бычакталышына тынчсыздануусун билдирген. "Чегарасыз кабарчылар" уюму журналисттин өмүрүнө кол салууну Кыргызстандагы сөз эркиндигин басууга болгон аракет катары айыптаган.

“Ак шумкар”, Ата Мекен” партиялары, Бириккен элдик кыймылы, “Интербилим” борбору жалпы элге кайрылуу жолдоп, журналист Сыргак Абдылдаевдин токмоктолушу боюнча тынчсыздануусун билдиришип, бул окуяны эркин ой жүгүртүүгө болгон кезектеги чабуул катары сыпатташууда. "Бийлик ашынып барат, жана өзүнө жакпаган адамдарга криминалдык ыкмаларды колдоно баштады",-деп жазылат алар таркаткан кайрылууда.

Президенттин катчылыгы журналист Сыргак Абдылдаевге кол салууга байланыштуу атайын билдирүү таратып, анда ММК өкүлдөрүнө ар кандай мыйзамсыз күч колдонууну жана кысымга алууну айыптаган. Бул маселе боюнча укук коргоо органдары журналистке кол салгандарды таап, жазага тартууга бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, өзгөчө көзөмөл кылуу керектигин, кылмыш ишинин тез арада иликтенип, айыптуулардын жазаланышына кызыкдар экендигин билдирген.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча кылмыш ишти тергеп-иликтөө тобуна кылмыштын бетин тез арада ачууга буйрук берип, жеке өзү көзмөлгө алганын, учурда милиция кызматкерлери бул иштин бетин ачууга аракет жасап жатканын билдирди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналистке кол салган шектүү адамдардын болжолдуу сүрөттөрүн интернет-сайттарга жана ИИМдин бөлүмдөрүнө жөнөтүштү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG