Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Эгемендик баасын эстеткен жер


Жыл сайын 5-7-8-ноябрда 1938-жылы атылган репрессия курмандыктары эскерилет. Бул тарыхый даталарга байланыштуу бир катар укук коргоочулар “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде гүлчамбар коюшту.

Жыл сайын 7-ноябрь күнү "Ата-Бейитке" гүл көтөрүп баруу укук коргоочулар арасында салтка айланган. “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, "Ата-Бейит" эгемендик баасы кымбат экенин пендеге эскертип турчу жер:

- Үч-төрт жылдан бери репрессияда курман болгондордун арбагына багыштап куран окуп жүрөбүз. Менимче, бул ар бирибиздин атуулдук парзыбыз. Биринчиден, ата-бабалардын эмгегин унутууга акыбыз жок. Экинчиден, авторитардык режимдин ары катаал, ары коркунучтуу экенин ушул жерге келгенде гана түшүнөсүң.

1938-жылы атылган сталиндик режимдин 137 курмандыгы көмүлгөн жер арадан 53 жыл өткөндөн кийин Бүбүра Кадыралиева аттуу аялдын маалыматы аркылуу табылганы белгилүү. Назгүл Турдубекова ушул окуяга байланыштуу дагы бир кызык окуяны айтты:

- Гүлай Байтерекова деген бир тууган таежем бар. Эгемендик жаңы орногон жылдары ал коомдук жумуштарда иштеген, активист болчу. Бир күнү өтүк оңдогон жерге барып, кокусунан Бүбүра Кадыралиевага жолугуп калат. Сүйлөшүп отурган кезде Бүбүра Кадыралиева таежеме атасынын аманатын айтып берет. Көрсө анын атасы репрессияда атылгандардын сөөгү кайда көмүлгөнүн билчү экен. Көз жумаарга жакын кызына далай жыл көкүрөктө сактаган сырын ачып кетиптир. Маркумдардын арасында Төрөкул Айтматов да болгондуктан, Бүбүра Кадыралиева таежемен Чыңгыз Айтматов менен тааныштырып койуусун суранат. Таежем ушул кабардан кийин Бүбүра эжени Болот Абдрахманов деген КГБ кызматкери менен тааныштырат. Ошентип 53 жыл ың-жыңсыз жоголгондордун сөөгү Чоң-Таштан табылып отурбайбы.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салым кошуп, акырында “эл душманы” деп атылган Абдыкерим Сыдыковдун артында төрт бала калган. Бүгүн алардын бирөө гана бар. Эрк Сыдыков атасы камалган кезде 1 жаштагы гана бала болгонун айтат:

- Мен 1932-жылы туулгам. Атамды болсо 1933-жылы “эл душманы” деген шылтоо менен камакка алып жатышат. Адегенде Ташкенттеги Чита деген ГУЛАГга камашыптыр. Андан Коми республикасына алып кетишкен экен. Ал жактан кайра 1938-жылы Фрунзеге алып келишти. Бул жактагы судьялар ишин карап, ошол жылы февралда атылсын деген өкүм чыкты. Атамдын репрессияга кабылышы бизге аябай эле таасир эткен. Эс тартканга чейин коом бизди жээрип, ыдык көрсөттү. Мектепти бешке окусам да, мени комсомолго албай коюшкан эле.

"Ата-Бейит" мемориалдык-музей комплексинин жетекчиси Гүлай Турсунбекованын айтымында, репрессия курмандыктары тууралуу маалыматтар эскирди. Эми аны кайрадан жаңыртуу иштери жүрүп жатат.

- "Ата-Бейит" мемориалдык-музей комплекси жаш да. 2000-жылы эле ачылганбыз. Бул жактагы маалыматтар эскирди. Азыр эми жаңысын чогултуп жатабыз. Бизде мисалы, атылган киши тууралуу эле маалыматтар бар. Аны кеңейтсекпи дегенбиз. Атасы атылгандан кийин балдарынын тагдыры, азыркы тапта кайда, ким болуп иштейт же иштеген мунун баары элге кызык болмок.

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев да "Ата-Бейитке" жыл сайын ушул күндөрү келгендердин катарында. Депутат улутту улут кылган бул - тили, салты жана "Ата-Бейиттей" ыйык жерлери экенин баса белгиледи:

- Эстеликке коюлган гүлдөрдөн улам көрүп турам, быйыл келгендер көп экен. Бул жактын 3 чоң касиети бар. Биринчиси, кыргыз мамлекетин түптөп, улуттук көз карашы үчүн курман болгондор көмүлгөн. Экинчиси, алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган. Үчүнчүсү 7-апрелде курман болгондор жатат. Ыйык жер. Биз жакында эле мыйзам долбоорун кабыл алдык. Кыргызстанга мындан кийин расмий делегация келсе, ТИМдин сунушу менен бул жакка келип гүл коюп турсун деп. Биз ата-баба арбагына таазим этип, өткөндөн сабак алып турушубуз керек.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов ж.б. биртоп кыргыз интеллигенция өкүлдөрү болгон.

Чоң-Таш айылына жакын жердеги чуңкурга чогуу көмүлгөн маркумдар сөөгү 1991-жылы табылып, ал жай «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси аталган.

Ата-Бейит: Бабалар салымын урпактар унутпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00
XS
SM
MD
LG