Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активист аялдар биригип, кордолгон кыздардын укугун коргоочу бирикме түзүп жатышат. Бул тууралуу демилгечилердин бири, Улуттук илимдер академиясынын бөлүм жетекчиси, филология илимдеринин кандитаты Айшат Ботобекова кеп салат.

- Сиздер чет жерде кордолгон кыргыз кыз-келиндерге көмөк көрсөтүүчү бирикме түзүп жатыпсыздар. Буга соңку кезде Орусияда кыргыз кыздарын кордогон окуялар себеп болдубу?

- Албетте, бул уюмду ачуу демилгесине Орусия жергесинде кыз-келиндердин зордук-зомбулукка кабылганы себепкер болду. Анан дагы бул келиндерге болгон түрдүү көз караштар, айрыкча аттуу-баштуу делген кыргыз мырзаларынын “патриот жигиттердин” кылган кылыгын колдогону да көбүрөөк таң калтырып жүрдү.

Алгач социалдык тармактарда байланышып жүргөн чет жердеги кыргыз айымдар менен мына ушул көйгөйлөр тууралуу пикир алышып келдик. Анда “Үй-бүлө укугу" деген өзүнчө баракча ачып, ага бул маселеге кызыккан айымдарды, жигиттерди чакырып, талкуу жүргүзгөнбүз. Натыйжада атайын бир уюм, бирикме түзүү идеясы жаралды.

Негизги максатыбыз - бир гана кыргыз жергесинде эмес, бардык жердеги кыргыз аялдарынын жана алардын балдарынын укугун тебелетпөөнүн чарасын ойлоп табуу, кыз-келиндердин зордук-зомбулукка учуроосуна каршы аракет кылуу.

Мындан тышкары жаш кыздарга үй-бүлө, бала укуктары тууралуу кеңеш берүүчү иш-чараларды өткөрүү боюнча пландарыбыз бар. Бул иш-чараларды жүргүзүүгө бир топ каражат талап кылынат. Уюмду түзөбүз дегенде каражатты кайдан аласыңар деген суроолор пайда болду. Азыр бул демилге чет элдик уюмдар, жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынат деген ойдобуз. 13-августта демилгечилер жолуктук. Анда долбоор жазып, грант алуу маселесин да караштырдык.

- Мисалы, кордолгон бир кыз тууралуу маалымат келип түшсө сиздердин бирикме кандай жолдор менен ага жардам көрсөтө алат?

- Аларга көбүнчө адвокат жалдоо аркылуу укуктук жардам көрсөтөбүз. Мындан тышкары адвокаттын жардамы менен кордогон балдарды жөн гана камоо эмес, алардан акчалай төлөмдөрдү талап кылуу жөнүндө пландарыбыз бар. Кыздарыбыз ал жакка акчанын айынан барышат. Балдар түрмөдөн коркпошу мүмкүн. Бирок акчасынан айрылып калуу алар үчүн оор болсо керек деп ойлодук.

- Бул көрүнүштүн кесепети менен гана күрөшпөй, кыздардын зордук-зомбулукка кабылбашы үчүн алдын алуучу кандай иш-аракеттер жасалат?

- Биз мектептерде семинарларды өткөрсөкпү деп жатабыз. Көбүрөөк айыл жергесиндеги жаш үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзсөкпү деген ойлорубуз бар. Дагы сайттарды ачып, китепчелерди чыгаралы деп жатабыз. Бул окуялар чет элге чыгып жаткан кыз-келиндердин өздөрүнүн укугун билбей калгандан чыгып жатат. Аларга кандай укуктары, милдеттери бар экени жөнүндө укуктук маалымат беребиз.

- Демилгечилер тууралуу айтып кетесизби? Уюмдун курамында кимдер бар?

- Демилге социалдык тармактарда башталды. Лондондо Сайкал Садыбакасова деген кыргыз аялы бар. Андан кийин АКШда окуган Өмүркан Нуркамилова, Венера аттуу Германияда жашаган кыздарыбыз бар. Алардын аттарын атай берсе көп. Демилгечи кыз-келиндер Бишкекке келгенде, 13-августта жолугушуу болду. Келе албай калгандары менен скайп (Skype) аркылуу байланыштык. Алар да демилгени ишке ашыруунун жолдору боюнча ой-пикирлерин скайп аркылуу билдирип турушту.

- Натыйжада канча адамдын башын бириктирдиңиз?

- Азыр он беш чакты бар.

- Алардын арасында мырзалар барбы?

- Тилекке каршы мырзалар жок. Себеби дегенде биз кечээ гана АКШдан, Англиядан, Германиядан келген кыз-келиндер менен жолугуп, ушул туурасында пикир алыштык. Мүмкүн мырзалар арабызда болот деген ойдобуз.

- Эми бирикме качан түзүлүп, качан ишке киришет?

- Жакын арада кайра жолугабыз. Ошондо уюмдун логотиптери, белгилери, сайттын аты, бирикменин аты боюнча акыркы вариантты бекитебиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG