Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Сирия: Алепподогу оорукана бомбаланды


Алеппонун козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймагындагы ооруканага абадан сокку урулганы кабарланууда. Бул тууралуу госпиталга көмөктөшкөн Сирия-АКШ медицина коому билдирди.

Маалыматка караганда, ооруканага эки бомба түштү. Кассеталык бомба колдонулуп жатканы тууралуу да кабар бар экенин аталган коомдун өкүлдөрү билдиришти.

Оорукана шаршемби күнү да бомбаланганын "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюму кабарлаган эле. Козголоңчулар аба соккуну Сириянын өкмөттүк армиясы жана орусиялык күчтөр жасаганын айтышкан.

Сириядагы экинчи ири шаар деп эсептелген Алеппо экиге бөлүнүп турат. Батыш тарабын Башар Асаддын армиясы, чыгыш бөлүгүн козголоңчулар көзөмөлдөйт. БУУнун эсеби боюнча, шаардын чыгышында 250 миңге чукул эл жашайт.

XS
SM
MD
LG