Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Кара-Суу районундагы Нариман айыл округундагы Жаңы-Кыштак айылынын тургундарында дээрлик 30% өздүгүн тастыктаган документи жок. Алардын ичинде өмүрүндө бир да жолу өзү тууралуу документке ээ болбогон, эч жерде катталбаган жарандар бар.

Жаңы-Кыштак же Лөлү маале

Ош шаарынын түндүгүндө жайгашкан Жаңы-Кыштак, же эл ичинде айтылгандай Лөлү мааленин тургуну, 35 жаштагы Кария Ормонованын беш баласы бар, бирөөнү төрөт үйүнөн, калганын үйдөн төрөгөн.

Балдарынын биринин да документи жок. 13 жаштагы эркек баласы мектепте окуйт, ага күбөлүк алууга мектеп жардамдашкан.

Кария кичүү кыздары менен чогуу жол боюнда тилемчилик кылат:

Ата-энелердин документи жок болгондуктан, балдардын да документи жок

Ата-энелердин документи жок болгондуктан, балдардын да документи жок

- Төрөт үйүндө жарыкка келген уулумдун деле документи жок. Ага мектептен күбөлүк алып беришкен. Башка кыздарымды үйдөн төрөгөм, эч кимисинде күбөлүк жок. Кыздарымды алып, жол боюнда кайыр сурап күн көрөбүз. Жолдошум иштебейт, үйдө. Себеби биз жолдошум экөөбүздүн да эч кандай документибиз жок. Мисалы, менде эч качан болгон эмес. Жолдошум экөөбүздүн нике кагазыбыз да жок.

Кара-Суу районундагы Нариман айыл округундагы Жаңы-Кыштак айылында өңчөй лөлүлөр жашайт. Кария сыяктанып, туулгандан бери өзү тууралуу эч кандай документке ээ болбогон жарандар бул айылда көп.

Айылда 600 кожолук бар, калкынын саны төрт миңден ашуун. Бирок элдин 30% эч кандай документи, жарандыгы жок жашап келишет. Ошондон улам жөлөк пул, пенсия сыяктуу ар кандай жеңилдиктерден, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн, билим алуудан гана эмес, эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жаткан түрдүү жардамдардан да куру калышат.

Эл аралык уюмдардын көмөгү

БУУнун Качкындар комиссариаты Жарансыздыкты кыскартуу жана алдын алуу боюнча атайын долбоордун негизинде бир катар жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен чогуу Лөлү мааленин тургундарына документ алууга көмөктөшүүдө.

Өткөн жылдын алты айында лөлүлөр жамаатынын 330 мүчөсү жарандык жана башка маселелер боюнча бекер юридикалык жардам алышып, 106 киши өзүнүн ким экенин тастыктаган документтерге ээ болушкан. 27 адам өзүнүн советтик үлгүдөгү эски паспортун Кыргызстандын паспортуна алмаштырып, 34 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болду.

Долбоордун алкагында иштеген “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Азизбек Ашыровдун айтымында, документке ээ болуу менен аларда медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жетүү, социалдык жардамды алуу жана өзүнүн шайлоо укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду:

- Бул кыштактын тургундарынын жарандык позициясы анча активдүү эмес. Анын үстүнө булардын экономикалык абалы, жашоо-шарттары да оор. Ошондуктан булардын юридикалык жардам алууга да мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Биз ошол кенемтени толтуруу үчүн БУУнун колдоосу менен акысыз юридикалык кеңеш берип, документтештирүү өнөктүгүн жүргүзүп жатабыз. Мында ар бир иш өзгөчө болуп саналат. Ар бир кишинин көйгөйүнө, абалына, жашына карата өзүнчө маалыматтарды чогултуу керек.

“Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмеси лөлүлөргө кайсы бир документ алууга зарыл болгон бардык кагаздарды, маалымдамаларды чогултууга жардам, кеңеш беришет. Бул тууралуу бирикменин юристи Канат Абдыкеримов “Азаттыкка” айтып берди:

- Ата-энелердин өздөрүнүн документтери жок болгону үчүн балдарында да эч кандай документ жок. Биз иш жүзүндө көрдүк, булар илгертеден эле документ алууга кызыгышкан эмес. Ошондуктан социалдык жардамдардан куру калып атышат, пенсия алышпайт, жөлөк пул жок, окууга кирип, билим ала алышпайт. Шайлоо укугунан ажырап калышкан. Бирок күбө болуп жатабыз, азыр документ алууга кызыгып калышты. Бирок мыйзам негизинде паспорт же башка документ алуу үчүн кандай маалыматтар керек ж.б. тууралуу биз кеңеш айтып, маалымат берип, жардамдашып атабыз. Айрым учурларда документ берилчү мекемелерге да кошо барабыз. Биз түрдүү кеңеш берүүдөн тартып, колуна документ алууга керектүү маалыматтардын баарын, көчүрмөлөрдү кошо даярдап карматабыз.

Билимдүү миңди жыгат

Жаңы-Кыштакта жападан жалгыз тогуз жылдык билим берүүчү мектеп бар. Мектепте окуган балдардын тең жарымы туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан айыл өкмөттүн маалымдама кагазынын негизинде гана мектепке кабыл алынышкан.

Мектепте 545 бала окуйт, анын көпчүлүгү эч кандай документке ээ эмес. Мектептин директору Гүлчехра Абдуллаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, акыркы убактарда ата-энелердин арасында балдарын окутууга кызыккандар арбыды:

- Окуучуларыбыздын тең жарымы, тагыраак айтканда 245 баланын документи жок. 1-класска быйыл 138 бала кабыл алдык, алардын ичинен 51 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Балдар окубай калбасын деп эле айыл өкмөт берген маалымдаманын негизинде алып жатабыз. Мурда үйлөрүнө барып, чакырып келип окутчубуз. Азыр балдар өздөрү келип окуп атышат. Анткени кызыгуу өстү, мектепти окуп бүткөн үч окуучубуз медициналык окуу жайында окуп жатышат. Үч балабыз педагогикалык институтта билим алышууда. Биздин мектепти бүтүргөн эки окуучубуз кайра өзүбүзгө мугалим болуп келишти. Мектепте окуу мурунку жылдары өзбек тилинде жүргүзүлүп келген, балдар акыркы сегиз жылдан бери кыргыз тилинде окушат.

Жаңы-Кыштак айлында бала бакча жок, тогуз жылдык толук эмес билим берүүчү мектеп менен ФАП бар.

Лөлүлөргө мамиле кейитет

Айылдын башчысы, айылдык кеңештин депутаты Руслан Оринов аймакта лөлүлөргө жасалган мамиленин начардыгына нааразылыгын билдирди:

- Бизге экинчи сорттогу адамга жасагандай мамиле дагы деле уланып жатат. Документ алганы же дагы башка иш менен мамлекеттик мекемелерге барып калсаң жакшы мамиле кылышпайт. Бизде деле спортко кызыккан балдар бар, алар Ош шаарындагы спорт мектептерге барышса, келекелеп, тоготпогондой мамиле кылышат. Анан бат эле көңүлү калып, барбай коюшат. Бизден деле спортчулар чыкса, окумуштуулар чыкса дейм. Кээде биздин кайсы жерибиз кем деп арданам. Мен өзүм кесибим боюнча медикмин, бир кызым менин жолумду жолдоп, медициналык окуу жайында окуйт, уулум мугалим. Кенже уулумду шаардагы мектептен окутуп атам. Мектепте спорт зал эмес, спорттук аянтча жок. Бала бакча такыр жок, ФАП бар, бирок эмкана болсо дейбиз.

Лөлү мааленин кичинекей тургундары айылдагы тогуз жылдык мектепте окушат

Лөлү мааленин кичинекей тургундары айылдагы тогуз жылдык мектепте окушат

Жаңы-Кыштактын дагы бир тургуну Махмуд 22 жашта. Ал бала кезинен эле документке ээ болгонун, орто мектепти бүтүрүп, аскерде кызмат өтөгөнүн, эми келишимдик негизде аскердик кызматка иштөөгө аракеттенип жатканын биз менен маектешкен учурда айтып берди:

- Менде бардык документтер бар. Мектепти бүтүрүп, каражаттын жетишсиздигинен окуу жайына окуй албадым. Аскерде кызмат өтөгөм, Ички аскерлер бөлүгүндө Молдовановкада болгом. Азыр Оштогу аскер бөлүккө келишим негизинде иштөөгө арыз жазып, тиешелүү документтерди өткөрүп койгом. Буйруса жакшы кабар күтүп жатам.

Өткөн кылымдын 50-жылдары Совет өкмөтү лөлүлөргө Кара-Суу районундагы Ленин атындагы колхоздун аймагынан жер бөлүп берген. Азыр ал жер Жаңы-Кыштак деп аталат. Бул айылдын тургундары да башка этностогу адамдар сыяктуу эле жарандыкка ээ болуп, кат-сабатын жоюуну, Оштогу, Бишкектеги, чет мамлекеттердеги окуу жайларга окуп, билим алууну, келечекте балдарынын өз укугун билген, билимдүү болушун, токпейил жашоосун каалашат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG