Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Жумгалда 15 адамдын дайынын таппай жатышат


Кара-Кече көмүр кени, Жумгал району, Нарын облусу.
Кара-Кече көмүр кени, Жумгал району, Нарын облусу.

Жергиликтүү укук коргоочулар Жумгал сотундагы өрт коюу окуясына байланыштуу суракка чакырылган 15 кишинин дайыны жок болуп жатканын билдирүүдө.

20-февралда Жумгал райондук сотунда айыпталуучуларга өрт койгон факт боюнча сотко катышкан 21 адам милицияга сурак бергени кеткен. Алардын алтоо камакта экени белгилүү болду. Дайыны чыкпай жаткан калган он беш кишинин жакындары жекшембиде аларды издеп, облус борбору - Нарын шаарына келишти.

Алардын бири Жыпара Жумаева баласы Талант Макеновду милициялар кечээ алып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтат:

- Мурунку күнү жумуш учурунда алып кеткен, кечинде чыгарып берген. Келгенде эки көзүнүн баары кыпкызыл, “башым” деп келди. Чай ич десем, болбой койду, түнкү саат экиге чейин кыйналып уктабай чыкты. Сабадыбы десем жок деп койду, дары бердим, башы шишип калыптыр. Эртеси ошол бойдон алып кетти. Ошондон бери дайыны жок...

Жергиликтүү “Адилет-укук” коомдук бирикмесинин жетекчиси Дамира Садырбаева милиция сурака алып кеткен 21 адамдын алтоо гана Нарын шаардык ички иштер башкармалыгында кармалып турганын, калгандары кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирди:

- Алтоо камакта экен. Калганы белгисиз. Мен укук коргоочу катары билишим керек да, алар кайда экенин. Менин күйөөм менен кошо дагы эки кызматкерибизди алып кетишкен...

Бир күн мурда, 22-февралда Жумгал райондук администрациясынын алдына 20 чакты адам милицияга нааразылык билдирип чыгышкан. Алар сотко катышкандарга милиция кысым көрсөтүп жатканын айтышкан эле.

Укук коргоочу Садырбаева 20-февралдагы сотто болгон окуяны милиция тараптан атайын жасалган чагым деп эсептейт:

- Биз ошол окуяга милицияны күнөөлөйбүз, бөтөлкө менен май алып кирип бара жатканда кайтаргандар эмнени карап жатышты. Ошол жактын коопсуздугун көзөмөлдөп туруш керек да. Бул атайын жасалган чагым. Эми жоголгон баланы таап бергиле дер жатышат.

Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине 20-февралда Жумгал райондук сотунун залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Бул окуядан улам соттолуучулардын бири Жоомарт Сыдыков оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы бир соттолуучу Чыңгыз Баялиевдин абалы туруктуу, ал эми дагы бир айыпталуучу Рустам Токтогулов дайынсыз болууда. Териштирүү иштери уланып жатат. Башкы прокуратура соттогу бул окуяга байланыштуу 22-февралда төрт берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул окуядан кийин маркум Айбек Мамбеталиевдин бардык туугандары милицияда сурак беришүүдө. Азыр үйдө маркумдун жеңеси Гүлзат Досоева гана калыптыр:

- Атамды, апамды, кайынсиңдимди, күйөөмдү, кайнимди - беш адамды кармап кетишти. Азыр мен чиедей балдар менен калдым. Эмне дешти да билбей турам...

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов камалгандар уруп-сабалды деген маалыматты четке какты. Ал козголгон кылмыш иштин негизинде ону камалып, калган төртөө облустук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кыйноолорду жана башка адамгерчиликсиз катаал мамилелерди алдын алуу боюнча Нарындагы борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков болсо дайыны чыкпай жаткандар Ат-Башыда кармалып турганы тууралуу маалымат укканын айтып берди:

- Мен түнү менен Кочкор, Жумгалда жүрдүм. Мага түшкөн маалымат боюнча, милиция кызматкерлери балдарды кармап, райондук милиция бөлүмдөрүнө алып кирип жатат дешти. Азыр шаардык ички иштер бөлүмүндо жети адам жатат, калганы Ат-Башыда дешти. Мен азыр ошол жакка бара жатам.

2013-жылдын 1-декабрында Чаек айылынын тургуну Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп Жумгал райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген 3 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон эле.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG