Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Прокурорлор генерал Младичке каршы соңку айыптоолорун жарыялайт


Ратко Младич.
Ратко Младич.

Сербиялык генерал Ратко Младич Боснияда геноцид жана аскерий кылмыш жасаган деп айыпталууда. Ал боюнча соттук жараян Босния согушу аяктагандан жыйырма жылдан ашык убакыттан кийин башталганы жатат.

5-декабрда Гаагадагы Эл аралык трибуналдын сотторуна прокурорлор Младич боюнча корутунду айыптоолорун келтиришет.

74 жаштагы Ратко Младич ага коюлган геноцид, аскерий кылмыш, жалпысынан 11 пункт боюнча айыптоолорду четке кагып келе жатат. Алардын арасында 10 миң адамдын өлүмүнө алып келген 44 айга созулган Сараево шаарын камалоо, Сребреницада сегиз миң мусулман эркек жана балдардын кыргыны боюнча айыптар бар. Прокурорлорго айыптоо боюнча фактыларды айтууга 9-декабрга чейин убакыт берилди. (AiT)

XS
SM
MD
LG