Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Июнь окуясы боюнча кылмыш иштерин тергөө жана ачуу боюнча иштеген ар бир мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү 13-апрелде президент Роза Отунбаева жабык өткөргөн жыйындагы башкы талаптардын бири болду.

Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган июнь окуясынын айланасында тергөө иштеринин жана тергөө жараянындагы адам укуктарынын абалын билүү үчүн “Азаттык” башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаевге кайрылды.

- Рыскул мырза, июнь окуясы болгонуна эки ай кем бир жыл болгону турат. Бүгүнкү күндө июнь окуясынын тергөө иштеринин жагдайы кантип атат?


- Ош шаары, Ош облусу, Жалал-Абад облусу боюнча үч тергөө тобу түзүлгөн. Ал тергөө топтору азыркы күндө иштеп атат. Июнь окуясында козголгон бардык иштер азыркы мезгилде тергелип атат, арасынан сотко кетип аткандар да бар. Март айы ичинде 25 кылмыштын бети ачылды.

- Жалпысынан канча кылмыш иши козголгон?

- Негизинен 5511 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча 531 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Адамдын денесине оор залака келтирүү фактысы боюнча 6 кылмыш иши, зордуктоо фактысы, өрттөлгөн объектилер, ошол мезгилде жасалган уурулук боюнча, адам уурдаган фактылар боюнча козголгон иштер бар негизинен.

- Ошол кылмыш иштеринин канчасы сотко өттү. Мен мындай деп сурап атканымдын себеби, көп э ле комиссиялар иштеп чыгып, азыр жыйынтыктарын таратып атпайбы, алардын ичинен көз карандысызбыз деген «Кылым шамы» укук борбору да өз иликтөөсүн жарыялаган экен. Анын жыйынтыктары боюнча жалпы козголгон кылмыш иштердин 27си гана сотко өттү, калганы кайда кеткенин тастыктай албай атабыз деп атат. Сиз ушуга түшүндүрмө бере аласызбы?

- Бүгүнкү күндө сотко 200дөн ашык кылмыш иши кеткен, анын 151и бүгүн сот тарабынан каралды, калганы да каралып жатат сот тарабынан.

- Канча иш боюнча каралды?

- 151 иш боюнча өкүм чыккан. Ал боюнча жалпы жонунан 311 адам кылмыш жообуна тартылган.

- Дагы бир талылуу маселе - дайынсыз жоголгондор болуп атпайбы. Дайынсыз жоголгондор жана өлгөндөрдү таануу маселеси, бул өңүттө иштер кантип атат?

- Бүгүнкү күндө жалпы 2 облус, 1 шаар боюнча 35 адамдын дайыны жок болуп атат. Булар андан да көп болгон. Ош, Жалал-Абад облустары, Ош шаары боюнча 121 арыз түшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде бүгүнкү күндө 35 адам калып атат. Ошол эле мезгилде 40 адамдын ким экенин аныктай албай атабыз. Орусияга жибердик эле, ал жактан 12 адамды аныктап келди, калганы аныкталбай калып атат. Биз кайрадан азыр материалдарды алып Кытайга, Пекинге жибергени жатабыз, азыр алып келди, ошол жака 18и күнү учуп кетишет. Биз ошол жактан ал маалыматты алсак, ушулардын көбү такталат эле. Ага чейин дагы оперативдүү иликтөө иштери жүрүп атат.

- Кечээ жабык жыйын өттү, таратылган маалыматтарга караганда, ал жерде июнь окуясын иликтөө маселелери кескин сынга алынган экен, канаттандырарлыксыз деген баа берилген экен. Ушунун себеп-жайын айтсаңыз. Чын эле ушундай болуп атабы, эгер болсо анын себептери эмне?

- Бүгүнкү күндө 3 аймакта 3 тергөө тобу иштеп атат. Кечээ мамлекеттин башчысы бардык күч органдарын, сотторду чогултуп, жаңы тапшырма берди. Кылмыштардын бетин ачууга багытталган иш чараларды күчөтүү зарыл. Бул кылмыштын бетин ачуу түздөн-түз Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынын милдети. Прокуратура органдары да буга жардам бериш керек, ушул чараларды күчөтүү боюнча кайрадан жаңыдан тапшырмалар берилди. Бул жерден бети ачылбаган кылмышты терең окушубуз керек, ал боюнча иликтөө-издөө тобуна тийиштүү көрсөтмөлөрдү беришибиз керек. Ал боюнча биз иштерди жасап атабыз. Эң негизгиси кылмыштын бетин ачыш керек, ким тарабынан адам өлтүрүү фактысы жасалган, кимдер тарабынан өрттөлгөн, куралдарды алуу фактылары бар. Ушуга окшогон фактылардын баардыгын биз иликтеп аягына чыгышыбыз керек.

- Сиз өзүңүз кандай дейсиз, эмне үчүн сындагыдай жагдай болуп атат, бул иштин татаалдыгына байланыштуу болуп атабы, же башка себептер да барбы?

- Биринчиден, сындар айтылганы туура. Укук коргоо органдарынын баары өз кызматын жогорку деңгээлде аткарды дегенден мен алысмын. Ар бир укук коргоо органынан кеткен кемчиликтер бар. Аларды айтсак, бул окуянын өтө чоң масштабда болгондугу. 1-2 күндүн ичинде 5 миңден ашык кылмыш болуп атат. Ошол мезгилде баардыгын карап, тактаганга чындыгында биз жетише алган эмеспиз, кырдаал ошондой болчу. Ошол себептүү акырындап иликтеп отуруп аягына чыгабыз деген ойдобуз. Экинчиден, укук коргоо органдарынын кыймыл аракетине арызданган учурлар да бар. Ар бир кайрылган факты боюнча жекече иликтөөлөрдү өткөрүп жатабыз. Бул окуяда жөнөкөй эле эки адам буюмду талашса деле бири ыраазы болот, экинчиси нааразы болгон тарап бар да, ошондуктан 50 миң адам катышкан чоң башаламандык болду да. Демек ал жерде нааразы болгондор да табылат.

- Негизги айтылган дооматтарда текебер мамиле жасоо, кызматынан кыянат пайдалануу, улутуна карап туруп мамиле жасоо деген сөздөр айтылып атат.

- Улутуна карап мамиле жасап дегенге мен такыр кошула албайм. Себеби кылмышкердин улуту жок, кыргызбы, оруспу, өзбекпи, дунганбы, ал кылмышкер, мыйзам алдында бирдей жооп бериш керек. Экинчи жагы, эгерде ошондой фактылар болсо тийиштүү министрлигине, сот, прокуратура органдарына кайрылып, акыйкаттык издесе болот. Биз биринчи күңдөн баштап, адамдардын арызын алып, ошолор боюнча чечимдерди кабыл алып, кылмыш ишин козгоп, ошонун айланасында иштеп келатабыз.

Экинчи маселебиз, кээде ошого сапатсыз чечим кабыл алынып калышы мүмкүн. Баардыгы эле бирдей деп мактана албайм деп айтып атпаймбы. Анын дагы түрдүү себеби бар. Ошол эле мезгилде буга чейин ушуга окшогон окуя болгон эмес, азыр иштеп аткан көпчүлүк балдар андайды башынан өткөргөн эмес. Фактылардын көп катталып калгандыгы, биздин кээ бир кызматкерлерибиздин тажрыйбасынын аздыгы, бизде жаш адистер көп, ошон үчүн биз азыр президент талап койгондон кийин тергөө топторун башка региондордон, Кыргызстандын башка жактарында иштеп аткан тажрыйбасы мол, билимдүү, кесипкөй адистер менен толукташыбыз керек. Ошону толуктап атабыз.

- Ротация жүрөт турбайбы?

- Ротация эмес, алар барып ошол топто убактылуу иштейт. Ротация да жүрүш керек, аны ар бир ведомство өзү жүргүзөт.

- Улутуна карабаш керек деп атасыз, бул албетте талап. Бирок ошондой болсо дагы азыр улутуна карап мамиле жасаган учурлар болуп атат деген сөздөр көп эле айтылып атат, бул жыйындарда да айтылып аткан экен. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган тартип коргоо кызматкерлери, айрыкча тергөөчүлөр болуп атат деген сөз бар. Сиздерде кандай маалыматтар бар бул боюнча. Кандай чара көрүп атасыздар?

- Ар бир келип түшкөн арыз ал тергөөчү болобу, оперативдик кызматкер болобу туура эмес мыйзамга жат нерсеге жол берсе, ал мыйзам алдында жооп бериши керек.

- Буга чейин ушундай фактылар катталдыбы?

- Андай арыздар бар. Ал боюнча козголгон иштер да бар. Учурда тергөө жүрүп атат.

- Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген арыздар түштү деп атасыздар. Ушул боюнча чара көрүлдүбү?

- Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп конкреттүү адамга, өкмөттүк эмес уюмдарга кайрылган учурлар бар, бизди уруп кетти, же кыйнады деген арыздар. Бирок ал арыздар келип түшкөндөн кийин, биз текшергенде өз мезгилинде айтылбагандыктан, тийиштүү экспертизалар өткөрүлбөгөндүктөн, ал жараат алса, жарааты сакталып турбайт да, 5-6 ай өткөндөн кийин кайрылгандыктан көпчүлүк учурда жеткиликтүү текшерүүгө мүмкүнчүлүк болбой калып атат.

- 2-3 күн мурда прокуратурадан талап болгон экен көзөмөлдү күчөтүү боюнча, кыйноолорго, ар кандай текебер мамилелерге, кызматынан кыянаттык менен пайдаланууларга каршы аракеттерди күчөтүү. Бул эмнени түшүндүрөт? Ушуну чечмелеп берсеңиз.

- Мисалы, адамды зордуктоо жолу менен баш ийдирүү, же зордуктоо жолу менен далил чогултуу, ушуга жол койбоо максатында, ушундай арыздарды чечүү максатында өз учурда юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокурор тарабынан атайын көрсөтмөлөр жер-жерлерге жиберилди. Бул буга чейин деле болуп келген. Азыркы мезгилде өзгөчө мамиле кылып туруп, ушулардын үстүнөн иштөө дагы каралып атат. Ошол эле мезгилде укук коргоочу уюмдар көпчүлүгү ким эле, кылмышка шектүү деп кармалса, аны уруп атыптыр, тепкилеп атыптыр деген сөздөрдү айтышат. Ушундай арыздарга биз өзгөчө көңүл бөлөбүз. Буга чейин да көңүл бөлүп келгенбиз, мындан ары ал боюнча жумушту күчөтөбүз.

- Тасыкталган учурлар болдубу?

- Тастыкталган учурлар да бар. Республика боюнча 2-3 иш козголгон. Бирок кайрылган арыздардын көпчүлүгү өз далилин таппайт. Себеби көпчүлүгү учурда жасаган кылмыштан качуу максатында колдонулган чара алардын тууган уругу, же адвокаттары тарабынан. Бирок биздин Конституцияда айыптылып жаткан адамдын өзүнүн мойнуна алган көрсөтмөсү менен анын өзүнө өкүм чыкпайт. Ал көрсөтүлгөн көрсөтмө, же арыз башка дагы далилдер менен далилдениш керек. Ошондо гана өкүм чыгат.

- Биз буга чейин «Кылым шамы» уюмунун аткаруучу директору Гүлшайыр Абдрасулова менен да сүйлөштүк. Ал айтып атат, биз мониторинг жасадык эле, көп өксүктөр бар. Ушул боюнча талкуулайлы деп Бакшы прокуратура менен сүйлөшүүгө жете элекпиз деп. Ушул мониторингди алдыңыздар беле, дегеле укук коргоочулар менен кызматташасыздарбы?

- «Кылым шамынын» мониторинги менен тааныш эмесмин. Укук коргоочулар менен кызматташканга ар дайым даярбыз. Укук коргоочулардын позициясын 100 пайыз эле колдой бербейбиз. Алардын жазганы, айтканы далилденсе анда биз мыйзам боюнча чара көрөбүз. Учурда көпчүлүк далилденбеген деле фактылар бар.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG