Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Президент Роза Отунбаева прокуратураны июнь окуялары боюнча ишин күчөтүүгө чакырды.

26-ноябрда Бишкекте прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган жыйында өлкө башчысы былтыркы коогалуу окуяларды тергөөнүн азыркы абалы канаатандырбай турганын айтты.

Роза Отунбаева прокурорлор жыйынында июнь окуялары боюнча элүү адамдан турган мекемелер аралык комиссия түзүлгөнүн, бирок анын иши былтыр жыл аягында солгундап барып кайра жанданганын айтып өттү:

- Бул топтогу адамдар окуя болгон жерлерде айлап иштешти. Бирок “биздин иш аркылуу акыйкаттык орнойт”, - деп коомчулукка айткыдай кылып, окуянын изи сууй электе иштеши керек эле. 2010-жылы күзүндө бул комиссиянын иши жүрбөй, таптакыр эле токтоп, дымып калыптыр. Декабрда мен болбой атып мекемелер аралык тергеп-иликтөө тобу кайра ишин баштады.

Президент Отунбаева бул комиссиянын курамына кирген прокурорлордун ишин да сынга алды:

- Кыргызстанда эмне болду, андан кийин кандай иштер жүрүп жатат деп дүйнө коомчулугу карап, баа берип турган чакта бул биринчи кезекте силердин ишиңер маанилүү. Анткени укук үстөмдүгүн силер камсыздайсыңар. Ушул жагдайдан алып караганда биздин ишибиз азырынча өзүбүздү да, коомчулукту да канааттандырбайт. Албетте, бир топ иштер жасалды. Бирок ал жасалган иштердин баары бизди канааттандырат дегенди билдирбейт.

Тергөө иштери айрым укук коргоочулардын да дооматына кабылган болчу.

Башкы прокурор Аида Салянова тергөө иштери чындап эле солгундап кеткенин “Азаттыкка” бидирди:

- Жылыш чындап эле акырындан болуп жатат. Ачылган кылмыш иштери төрт бир канча, беш бир канча, андан кийин алты бир канча деп маалымат берип жүргөнбүз. Азыр 7,2 деп эсептеп жатабыз. Ачылган кылмыш иштери башында 5599 болчу. Андан кийин бириктирип 1700дөй кылганбыз. Бирок бул иштин көбү убактылуу токтоп турат, анткени кылмышка шектелип аткан адамдар аныкталбагандан улам токтоп турат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, июнь окуялары боюнча айыпталып жаткандардын көпчүлүгү Орусия менен Өзбекстанга качып кетишкен. Бүгүнкү күндө 200дөн ашуун адам ар кандай кылмыш иштери боюнча жоопко тартылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG