Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Жогорку Кеңеш 21-апрелде акыйкатчынын жылдык баяндамасын угуп, канааттандырарлык эмес деп баалады.

Ушундай эле бааны акыйкатчыга буга чейин парламенттик комитет жана депутаттык комиссия берген эле.

Акыйкатчы парламент чечимине макул эмес

Баяндаманы 116 депутаттын 56сы колдоду. Акыйкатчы Турсунбек Акун депутаттар акыйкатчынын баяндамасына баа бере албайт деп, бул чечимди мыйзамсыз катары сыпаттап атат. Анын баамында, бул атайын айрым депутаттар тарабынан уюштурулган:

- Жактырылбай калгандын себеби, бул жерде Бакир уулу иштеди. Катуу иштеди. Кимдир бирөөгө орун керек. Бекешевдор (ЖК Адам укуктары жан бирдей мумкүнчүлүк комитетинин төрөгасы - авт.) тигини мындай кылба, тигини ордуна кой деп чечим чыгарды. Андай эмгек талашына булардын кийлигишкенге укугу жок. Булар чөнтөк акыйкатчыны алып келейин деп атышат. Мен андай эмесмин. Мен депутаттарга көз карандысыз болуп атам. “Канааттандырарлык эмес” деп чечим чыгарганга да булардын акысы жок.

Баяндама парламентте өткөн аптада угузулган. Бирок акыйкатчы институтунун үстүнөн түшкөн арыздарды текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия корутундусун угуу үчүн токтотулган болчу.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бегматов текшерүү учурунда бир топ мыйзам бузуулар табылганын, институттун мамлекеттин каражатын негизсиз, натыйжасыз колдонгонун айтып өттү:

- Жалпысынан байкап көргөндө 3 жылдын ичинде 63 кызматкер бошотулса, алардын 48и өз эрки менен бошогон. Кыскарутуга дуушар болгондор 8. Администрация демилгеси менен иштен алынгандар жети адам же болбосо аппарат жетекчиси аркылуу кызматкерлердин өз каалоосу менен иштен кетүүгө мажбурлаганы билинди. Бул эмгек боюнча мыйзамды одоно бузуу болуп саналат.

Турсунбай менен Турсунбектин тирешиби?

Акыйкатчынын жылдык баяндамасы депутаттар арасында кызуу талкууну жаратты. Акыйкатчы ишмердүүлүгүн талкуулоо, ал тургай Акыйкатчыны кызматтан алуу маселеси көптөн бери эле айтылып келаткан. Айрымдар бул бул жеке эки адамдын мамилесинен чыккан нерсе экенин айтышууда. 21-апрелдеги парламент жыйынында да айрым депутаттар бул угуу Акыйкатчынын баяндамасы эмес мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен азыркы акыйкатчы Турсунбек Акундун жеке мамилелерин териштирүүгө өтүп кеткенин сынга алды. Ошол кездеги кызматтык батир боюнча талаштары бар экени айтылды.

Ушундан кийин Турсунбай Бакир уулу экөөнүн жеке мамилелири жок экенин айтып чыкты.

- Азыр бардык жерде батир боюнча жеке мамилелер бар деп атышат. Бул боюнча бир дагы жеке мамилебиз жок. Бир жолу ушул темада сүйлөп чыктымбы? Менин фамилиямды бул жерде атабагыла.

Ошол эле кезде жер-жерлерде акыйкатчы институтунун кайра-кайра текшерилишине нааразы адамдар акцияга чыгышты. Акыйкатчынын баяндамасы талкууланып жаткан чакта 10-15 чакты адам ошол эле Ак үй алдына чыгып, аталган институттун эркин болуусун, текшерип кысым кылууларды токтотууну талап кылып чыгышты.

Алардын бири Бекназар Урумов мындай дейт:

- Биздин талап - Акыйкатчы институту көз карандысыз болуш керек. Парламент комитети качантан бери эле ушул маселени карап келатат. Ушуну жайына койсо дегенбиз. Эгер бир фракция келип кол бала кылса, эртең башкасы келсе. Анда ошолордун көзүн караган институт болуп калат экен да. Биз ошого каршы болуп ататбыз.

Парламенттин Адам укуктары жана бирдей мүмкүнчүлүлүк комитети да Акыйкатчынын баяндамасына бир топ сын-пикирлер менен канаатандырарлык эмес деген баасын берди. Ошол эле кезде айрым депутаттар убакытлуу депутаттык комиссиянын чыгарган корутундуларын, мыйзам бузуу фактыларын Башкы прокуратурага жөнөтүү, андан кийин акыйкатчыны убагынан мурда кызматтан алуу сунуштарын айтып чыгышты. Бирок бул маселе ачык бойдон калды. Ал эми Турсунбек Акун өзүнүн жана институттун дарегине айтылган дооматтарды негизсиз деп баалап, акцияларды баштап, керек облсо ачкачылык жарыялай турганын айтууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG