Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Вашингтондо Трампка каршы чыккан акциянын катышуучулары кармалды


Вашингтондогу нааразылык акциясы. 20-январь
Вашингтондогу нааразылык акциясы. 20-январь

Мурдараак полиция менен митингчилердин кагылышуусу болгону кабарланган. Кара кийимчен демонстранттар шаардагы дүкөндөрдүн терезелерин, унааларды талкалап, таштанды челектерди жана гезит саткан автоматтарды аңтарып салышкан.

Негизги акция “20-январды буз” деген аталыштагы топ тарабынан уюштурулган. Анын негиздөөчүсү Алли Маккрейкендин сөзү боюнча топтун тарапкерлери Дональд Трамптын аялдарга, мусулмандарга жана мыйзамсыз мигранттардын дарегине айткандарына нааразылыгын билдиришкен.

Ишемби күнү Вашингтондо “Аялдардын жүрүшү” өтөрү белгиленген. Бийликтин маалыматы боюнча, ага 100 миңге чейин киши катышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG