Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Кубатбеков: Салиевдер кандай негизде кармалганы бүдөмүк


Идирис Кубатбеков, “Адам укугу жана демократия” коомдук борборунун башчысы.
Идирис Кубатбеков, “Адам укугу жана демократия” коомдук борборунун башчысы.

Мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевдин эки уулу УКМК тарабынан кармалышы коомчулукта түрдүү пикир жаратууда.

Жаныш Бакиевдин балдары 2-сентябрь түнүндө Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынып, 3-сентябрь күнү 12 жаштагы уулу бошотулганы кабарланууда. Коомчулукта түрдүү пикир жараткан бул окуя боюнча “Азаттык” “Адам укугу жана демократия” коомдук борборунун башчысы, юрист Идирис Кубатбековду кепке тартты.


- Бакиевдердин коомдук коргоочусу Бүбайша Арстанбекова Жаныш Бакиевдин 12 жаштагы баласы агасы менен бирге бир сутка УКМК абагында кармалып чыкканын кабарлап жатат. Жашы жете элек баланын кармалышы канчалык деңгээлде мыйзам ченемдүү?

- Негизинен балдардын коопсуздук кызматы тарабынан кандай негиз менен кармалганы тууралуу маалымат жок. Эгерде жалпы кармалышы боюнча айта турган болсок, мыйзам боюнча аларды атасынын ишине күбө катары, же болбосо буга чейинки кылмыш иштерине тиешеси бар деп шектүү катары кармалса, анда буларга карата чара көрүлүп, алардын мындан кийинки абалы чечилүүгө тийиш. Бирок ошол эле учурда айта кетүү керек, биздин республиканын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдары боюнча бир адам үчүн экинчи бир адам жооп бербейт. Ал эми жашы жетпегендер кылмыш кылса ал үчүн ата-энеси жооп бериши мүмкүн. Ошондуктан, бул жерде бизге Жаныш Бакиевдин балдары кандай негиз менен кармалганы азырынча бүдөмүк.

- Мыйзам боюнча кандайдыр бир ишке шектелип же башка себептер менен кармалган кишини 48 саат кармоого болот. Демек УКМК Асылбек Салиевди бүгүн сотко алып баруусу керек же бошотуусу керек?...

- Башмыйзамда шектүү катары кармалган адам 48 сааттан ашык кармалбай, сот аркылуу анын баш коргоо чарасы тандалып алууга тийиш. Балким булардын убакыт-сааты өтүп кеткендиги дем алыш күндөргө туура келип калганынан улам болуп жатат, ошентсе да бул маселе мыйзам боюнча бүгүн чечилүүсү керек. Эгерде бүгүн Асылбек Салиевди камакта калтыруу, же бошотуу маселеси чечилбесе процессуалдык мыйзамдар бузулган болот.

- Мындан үч-төрт жыл мурда Асылбек Салиевдин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына тиешеси болушу мүмкүндүгү жазылган басылмаларды ал кадыр-баркына шек келтиргендигин билдирип сот аркылуу жаза айыпка жыкканы белгилүү. Ошол автокырсык иши кайра жаңыланышы мүмкүнбү?

- Процессуалдык мыйзамдар боюнча кылмыштын, доонун эскирүү мөөнөтү деп коёт, эгерде кайсы бир кылмыш иши мурда жасалып, ал толук аягына чыгарылбай же толук кыскартылбаса ал кайсы мезгилде болсо деле көтөрүлүшү мүмкүн. Асылбек Салиевдин иши боюнча азыр бир нерсе деп айтуудан алысмын, анткени азырынча тергөө иштери боло элек, анын күнөөлүү, күнөөлүү эместигин сот гана чечет. Ошондуктан биз азыр аны саясий негизде кармалды же чындыгында эле укуктук негиз бар деп айтуубузга эртелик кылат.

- Маегиңизге рахмат.

"Азаттык:"
Бул маек обого чыккандан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Жаныш Бакиевдин эки уулу: 23 жаштагы Асылбек Салиев жана 12 жаштагы Нурсултан Бакиев 2-сентябрдын түнү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак Жол” бекетинде кармалганын тастыктаган билдирүү таркатты. Анда Асылбек Салиев кимдигин күбөлөндүрө турган жалган документтерди алып жүргөнү аныкталганы, натыйжада 3-сентябрда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү жана жалган документтерди колдонуу боюнча кылмыш иши козголуп, Асылбек Салиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алынганы, 12 жаштагы иниси Нурсултан туугандарына өткөрүп берилгени айтылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG