Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

Журналист жана саясий талдоочу Кыяз Молдокасымов “Азаттыкка” курган маегинде кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгиледи. Ал кээ бир учурларда жоопкерчилиги жок сөз эркиндиги орноп калганын кошумчалады.

- 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. Ошол эле кошуна мамлекеттер жана жалпы эле дүйнө өлкөлөрү менен салыштырып караганда Кыргызстандагы азыркы сөз эркиндигине кандай баа бересиз?

- Албетте биз көбүнчө салыштыруу менен карайбыз. Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанга караганда бизде сөз эркиндиги бир топ алдыга кеткен. Бирок бардыгы салыштырмалуу. Бул бир четинен кыргыз элинин менталитетине да байланыштуу. Анткени кыргыз эли ар дайым сөз эркиндигин, өз пикирин түз айтууну, сөздүн улуулугун баалаган эл. Андыктан салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги жайында. Кээ бир учурда өтө эле ашыкча десек да болот. Анткени сөз эркиндиги бар, бирок жоопкерчилиги жок сөз эркиндиги бизде катуу орноп калды.

- Өткөн жылы “Фридом хаус” эл аралык уюму Кыргызстанды эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту эле. Быйыл кайра жарым жартылай экрин өлкөлөрдүн катарына киргизди. Сиз ушундай тыянактар менен макулсузбу?

- Эми алардын да иликтөө жүргүзгөн өзүнчө усулдук жолдору бар. Бирок Кыргызстанда апрель айынан кийин сөз эркиндиги, айрым маалымат каражаттарына кысым, зордук-зомбулук жасоо бир топ сээлдей түштү. Бул бийликтин жүргүзүп жаткан прогрессивдүү иши эмес, бул жалпы кыргыз элинин жемишинин уландысы болуп жатат. Анткени өткөн жылы жалпы эл жеңишке ээ болду, айрым бир төбөлдөр ошого ээлик кылып, ошону улантып атат. Бирок аны жалпы элдин кызыкчылыгына дагы деле бура албай жатабыз.

- Акаев, Бакиев бийликке келген алгачкы жылдары деле сөз эркиндиги гүлдөп өскөнү, анан эле журналисттерди куугунтуктоо, сөз эркиндигин ооздуктоо маселелери чыкты эле. Башкы прокуратура айрым кыргыз тилдүү гезиттердеги ашынган улутчулдук жана антисемиттик чакырыктарды иликтөөгө алганы жатат. Сиздин оюңузча сөз эркиндиги жана жоопкерчилик кандай болушу керек?


- Сөз эркиндиги дегенде бул бардыгынан мамлекет, эл алдында чоң жоопкерчилик болуш керек. Мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирип жаткан айрым жагдайларды мыйзам түрүндө же жалпы журналисттик коомчулугу ооздукташ керек.

Кыргыз элин шылдыңдаган, "өзүнүн аймагына ээ болбогон өлкө" деп шылдыңдаганына Башкы прокуратура эч кандай көңүл бурбайт да, башка бир улутка кичине эле акарат келтирген нерсе болсо баса жыгылат. Бул жагынан мыйзам бардыгына текши, бардыгына калыс болуш керек. Ошондо жоопкерчиликти кыргыз тилдүү, орус тилдүү басылмалар да сөз эркиндигин мамлекет кызыкчылыгына көбүрөөк колдонот эле.

- Сөз эркиндиги менен жоопкерчилик бири-бирине шайкеш келбей жатканын соңку кездерде бир топ мамлекет жетекчилери белгилеп жатышат. Ушул жагынан алганда, Башкы прокуратуранын иш аракеттерин сөз эркиндигин ооздуктоо деп бааласак болобу?

- Албетте сөз эркиндигине, мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетирген айрым жагдайларды Башкы прокуратура иликтей баштаса эле биз аны чуулдатып сөз эркиндигине басым жасоо деп түшүнөбүз.

Ал эми мамлекеттин кызыкчылыгына каршы айрым басылмалардын аракетин жалпы журналисттик коомчулук, жетекчилик жапырт аракет кылып, журналист да, окурман да жоопкерчилик менен карамайынча сөз эркиндиги толук орнобойт.

Суроону туура бердиңер, эгемендүүлүктүн, Акаевдин алгачкы башкаруу мезгилинде да сөз эркиндигине ушундай эле жакшы мамиле жасалган. 2005-жылдагы элдик революциядан кийин бир-бир жарым жыл Бакиевдин саясаты сөз эркиндигине лоялдуу мамиле кылган. Ал эми азыркы мезгилде да бир жылдан кийин иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшүнүн өзү мурунку метод, мурунку жол менен кетип бара жаткан жагдайды эске салат.

- Сиз кыргыз гезиттеринен ушундай аша чапкан, жоопкерчиликти сезбей макала жазган, маалымат тараткан жагдайларды байкадыңызбы?

- Албетте азыркы эркин басылмаларда өтө аша чабуулар, такталбаган маалыматтарды жарыялап жиберүү, айрым бир саясатчы, белгилүү инсандардын аброюна доо кетире турган материалды күн сайын табууга болот. Бул ошол редакциянын, анын кожоюнунун жүргүзгөн саясатына да байланыштуу.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик да, эркин маалымат каражаттары да кандайдыр бир деңгээлде кожоюнунун жүргүзгөн саясатын колдоого, ошону коргоого аргасыз болуп атат. Мындай абалда толук кандуу сөз эркиндиги болбойт.

- Өзүңүз да маалымат каражаттарындагы маселелерди белгилеп кеттиңиз. Деги эле кыргыз журналистикасына кайсы ММК үлгү болуп бере алат? Кимден үлгү алыш керек?

- Биз азыр эл аралык стандарт дейбиз, бирок өткөндөгү июнь айында эл аралык стандарт да Кыргызстанды бир жактуу көрсөтүп туруп алды. Америкалык маалымат каражаттары деп атайбыз, бирок анын өзүндө да көз жаздымдан кетирүү, кожоюндун кызыкчылыгын көздөгөн аларда да бар. Ошондуктан келип-келип эле кыргыздардын өзүнүн менталитети, кыргыздардын сөзгө аяр, олуттуу мамиле жасаганынун өзү эле үлгү боло алат.

Кыргыздардын сөзгө жасаган мамилесинен эле бүгүнкү күндө механизмин таап, өзүбүздүн үрөнүбүздөн өсүп чыкпасак, башка бирөөнү тууроо - “каргага теңелип каздын буту сыныптыр” дегенге эле тете болот.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG