Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова түрмөлөрдөгү абал, кыйноо, зордук-зомбулук тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов түрмөлөргө видеокамераларды орнотууну күч органдарына тапшырды, бул кадам кыйноолорду жана зомбулукту токтотууга өбөлгө болобу?

Азиза Абдирасулова: Түрмөлөрдө кыйноо, уруп-сабоо аз. Түрмөдө отургандардын бири-бирин “грузить” эткен, кемсинткен, кордогон мамилелери болушу мүмкүн. Соттолгондордун бири-бирине болгон мамилесин жакшыртуу үчүн, же болбосо кемсинтүүлөрдү азайтуу үчүн видекамераларды койсо болот.

Негизинен түрмөгө эмес, убактылуу кармоочу жайларга, башкача айтканда, ИИМдин, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо жайларына көзөмөл көбүрөөк болушу керек. Бирок убактылуу кармоочу жайлардын ичинде уруп-сабоолорду аз каттайбыз.

Уруп-сабоо биринчи кармалган 48 сааттын ичинде болот. Аны кармап келген оперативдик кызматкерлер иш бөлмөлөрүндө эмес, керек болсо машинанын ичинде, керек болсо талаада деле сабай беришет. Сабай турган жерлер көп. Ошондуктан видеокамераларды орнотуу проблеманы чечүү аракетинин бир гана жагы. Ал эми калган жактарын да уланта бериш керек.

“Азаттык”: Өкмөттүн кечээки жыйынында абакта отургандардын телефон менен сүйлөшүүлөрүн тыюу үчүн атайын жабдууларды орнотуу да тапшырылыптыр. Бул адам укугун бузуу болуп эсептелбейби?

Азиза Абдирасулова: Уюлдук телефондорду алып коюу адам укугун бузуу болуп эсептелбейт. Себеби соттолгондорго, эркинен ажыратылгандарга сырт менен байланыш чектелиш керек. Бирок экинчи жактан эл аралык тажрыйбаларда ар бир камалган адамга жок дегенде бир жумада бир жолу 10 мүнөттөн жарым саатка чейин тууган-уруктары менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет. Ал үчүн атайын телефон аппаратар коюлган. Тууган-уруктарына атайын маалымат берилип, туугандары менен сүйлөшчү убакыт белгиленет.

Бул жерде бир нерсени баса белгилеш керек. Камалган адам гана эркинен ажыратылат. Камалган адамдын тууган-уруктары өзүнүн соттолгон жакынын ал-акыбалын билип, аны менен байланышып турууга укугу бар. Ошондуктан эркиндик деген эки тараптуу болуш керек. Уюлдук телефондорго тыюу салуу менен бирге сырт менен байланышууга шарт түзүлүп берилиши керек.

“Азаттык”: Бул жаатта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы кандай?

Азиза Абдирасулова: Мисалы мен Польшанын, Түркиянын түрмөлөрүндө болдум. Түркиянын түрмөсүндө мисалы бир киши ар бир экинчи күнү 10 мүнөт убактысы болот экен. Ошол убакта анын туугандары байланышка чыгарын билишет экен. Мындайча айтканда бир аптада 10 мүнөт сырт менен байланыша алат экен. Бул жакшы нерсе.

Түрмөлөрдө мыйзам чегинде сүйлөшсө жакшы нерсе. Ал эми чөнтөк телефондо эмнени айтып жатышат, аларга сырттан кандай маалымат келип жатканы бизге белгисиз. Соттолгондорго албетте көзөмөл болушу керек. Бирок ошол эле убакта аларга сырт менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилиши керек.

“Азаттык”: Кыйноолорду азайтуу үчүн видеокамераларды орнотуудан башка дагы кандай натыйжалуу жолдорун сунуштап жатасыздар?

Азиза Абдирасулова: Эң биринчи жолу оперативдик кызматкерлерге жакшы материалдык база түзүп бериш керек. Алар унаа менен камсыз болушу керек. Кылмыштуулукту туура, уруп-сабоону колдонбостон акыйкат ачуунун жолдорун үйрөтүш керек. Муштум менен гана айыпты мойнуна коюу болбош керек. Бизде эң коркунучтуу жагы кылмыш кылбаган адам камалып кетип, ал эми кылмышты чындап кылгандар бош калып калып, алар кылмышын улантып жатышат. Ушул жактарын да карашыбыз керек.

Экинчи биздин сунушубуз, адвокаттык институтту абдан жакшы иштетишибиз керек. Анан жалпы Кыргызстан боюнча мыйзамдуулукту орнотуш керек. Азыр мыйзамдуулук үстөмдүк кылбай жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG