Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Эсен болуп, укугуңду эстей жүр!


Ар бир жаран мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алалат. Ал кандай жардам жана аны кантип алса болот?

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башчысы Марипа Сейдалиева жана мамлекет тарабынан кепилденген акысыз адвокат Аскарбек Насирдинов.

“Азаттык”: Мамлекеттин эсебинен жарандарга берилүүчү укуктук жардам тууралуу кененирээк айтып берсеңиз, Марипа айым?

Марипа Сейдалиева: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу атайын мыйзам 2011-жылдын январь айынан тартып иштеп жатат. Бул мыйзамга ылайык жарандарыбыз акысыз укуктук жардам ала алышат. Бул системанын башында президенттин алдындагы Улуттук кеңеш турат, ал эми аткаруучу органы – Юстиция министрлиги жана адвокаттардын коомдук бирикмеси. Булардан тышкары тартип коргоо жана сот органдары да системага киргизилген.

Мамлекет тарабынан кепилденген акысыз юридикалык жардам кылмыш иштери боюнча түзүлгөн, андан жакыр, колунда жок адамдар, жашы жете электер, 1-2-топтогу майыптар, өзгөчө оор кылмыш жасаган деп шектелген адамдар, мөөнөттөгү аскер кызматчылары жана ошондой эле убактылуу жумушсуз катары каттоодо тургандарга берилет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Мамлекет тарабынан кепилдик берилген акысыз адвокат деген ким? Ал кандай шарттарда иштейт?

Насирдинов: Мамлекет тарабынан кепилденген адвокаттар акысыз иштебейт, бирок алар акыны өздөрү жактап жаткан тараптардан эмес, мамлекеттен алышат. Алар атайын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн, адискөй юристтер.

Мамлекет тарабынан кепилденген адвокаттардын тизмеси райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарында илинип турат. Ар бири атайын нөөмөткө коюлган, кимдин нөөмөтү туура келсе, ошол күнү тергөөчүлөр аларды чакырууга милдеттүү.

Ал эми адвокаттар дайыма телефон аркылуу байланышта болуп, чакырылгандан кийин бир сааттын ичинде барып, ошол ишке катышып, өзүнүн тиешелүү юридикалык жардамын көрсөтөт. Бул бекер эмес, ага ошол жасаган иши үчүн мамлекет акча төлөп берет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG