Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Канатбек Осмонов бул уюмдун иш-аракеттери тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Оболу профсоюздар федерациясы тууралуу айтып бересизби? Качан түзүлдү эле, эмне менен алектенет?

Канатбек Осмонов: Федерациянын негизги милдети жарандардын эмгек укуктарын жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет. Мына ушул багытта Кыргызстан профсоюздар федерациясы 21 жылдан бери иштеп келатат. Бул союз убагында да болгон. Анда Кыргызстан профсоюздар кеңеши деп аталчу. Биздин федерацияга бүгүнкү күндө 21 тармактык профсоюз жана алты облустук профсоюздар кеңеши кирет.

“Азаттык”: Өнүккөн өлкөлөрдө профсоюздар уюму менен эсептешишет. Анткени ал жакта кандайдыр бир социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө профсоюздар уюму активдүү кирише алат. Эгер жөлөк пулду азайтса, маянаны кыскартса профсоюздар иш таштоолорду уюштурат, ушинтип өкмөттүн чечимине таасир эте алышат. Кыргызстанда болсо мындай кудуреттүү деле эмес, эл да жакшы билбейт. Мунун себеби эмнеде?

Канатбек Осмонов: Биздин федерация тилекке каршы андай күч-кубатка ээ эмес. Себеби мунун баары өлкөнүн экономикасына байланыштуу. Өлкөнүн экономикасынын жалпы абалы элге маалым. Ошол себептен профсоюздар сиз айткан күчкө ээ эмес. Бирок ошондой деңгээлге жетишибиз керек деген аркетибиз бар.

Мен айткан профсоюздардын негизги милдетин жөнөкөй жол менен аткарууга мүмкүн эмес. Көп учурда чечкиндүү кадамдарга барууга туура келет. Батыш өлкөлөрү элди иш таштоого чыгарып, ошол аркылуу ийгиликке жетишет. Алардын мына ушундай иштерге жумшала турган каражаттары бар. Атайын фонду бар. Ошондуктан алар каамарабай ошол иштерди уюштуруп келишет. Бизде тилекке каршы андай фондубуз жок. Профсоюздар федерациясынын финансылык абалы оорураак. Бирок жолду баскан арбытат дегендей үмүттөрүбүз чоң. Биз да фонд түзүп, мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүүгө чоң аракеттерди көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Мына майдан тарта мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы жогорулады. Мугалимдер былтыр күзүндө эмгек акыны көбөйтүүнү талап кылып жер-жерлерди бир катар нааразылык акцияларды өткөрүшкөн эле. Ушул иштерде сиздердин салымыңыздар болдубу?

Канатбек Осмонов: Ооба, бул жерде федерациянын ролу чоң болду десе болот. Жер-жерлерде мугалимдер көтөрүлүп баштаганда биздин тармактык профсоюздардын бири - Элге билим берүү жана илим борбордук профсоюз комитети башында турган. Республикалык штаб түзүлгөн. Ошол штабда ар бир региондун өкүлдөрү болгон. Алар өкмөт, парламент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүгүнкүдөй жыйынтыкка келип жатышат.

“Азаттык”: Адатта профсоюздар федерациясын жай келгенде, эс алууга бекер жолдомо керек болгондо эстешет дешет. Жолдомолор тууралуу айтып бересизби: кантип берилет, кимдер алышат?

Канатбек Осмонов: Биздин негизги милдеттердин бири – эмгекчилерди эс алдыруу болуп эсептелет. Эмгекчилерди эле эмес, алардын өспүрүм курактагы балдарын эс алдыруу. Социалдык фонддун карамагында эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоочу фонд бар. Тактап айтканда ар бир жумуш берүүчү ай сайын эмгекчинин алган маянасынын 0,25 пайыздык көлөмүндөгү акчаны Социалдык фондго которот. Андан топтолгон акча профсоюздар федерациясына келет. Биз болсо эмгекчилердин эс алуусун уюштурабыз. Бул жайкы убакта көбүрөөк болот.

Биздин кереметтүү Ысык-Көлүбүздө федерациянын бир топ эс алуучу жайлары бар. Тактап айтсак, алты санаториябыз бар. Ал жерде ден-соолукту чыңдап, дарылай турган процедуралар бар. Беш эс алуу жайыбыз бар. Балдардын ден-соолугун чыңдоочу 20 борбор бар. Мурунку тил менен айтканда бул пионер лагерлери.

Биздин эс алдыруучу жайларыбыздын абалы бүгүнкү күндө мактанаарлык эмес. Талапка толук жооп бербейт. Себеби өлкөдөгү жагдай, экономикалык туруксуздук кедергисин тийгизип жатат. Биздин азыркы милдетибиз эс алуучу жайларыбыздын деңгээлин жогорулатып, эмгекчилерибиздин эс алышына толук шарт түзүү.

“Азаттык”: Сиз ар бир иш берүүчү өзүндө иштеген адамдардын маянасынын 0,25 пайыз көлөмүн Социалдык фондго которуп турат дедиңиз. Ошондо баардык эле эмгектенген адамдар барып эс ала алабы?

Канатбек Осмонов: Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна каражат төлөгөн ишканалар жолдомо алууга акысы бар. Ал мындай жол менен берилет. Ишканаларда профсоюз уюмдары бар. Эс алууну каалаган эмгекчилер аларга арыз жазышат. Профсоюздар уюму бизге кайрылат. Профсоюздар федерациясы болсо келген каражатка жараша гана жолдомолорду бөлүштүрөт.

Көп жерлерде профсоюз уюмдары жок. Профсоюз уюмдары жеке эле жолдомо берүүнү эле уюштурбайт, анын көп эле пайдасы бар. Көп учурларда майда-барат эле нерселерден эмгекчилердин укугу бузулуп жатат. Көп жерлерде мындай уюмдар жок болгондуктан нааразычылыктар көбөйүп отуруп, эл аянтка чыгып атат. Төңкөрүш болуп жатат. Профсоюз уюмдарынын аткарып жаткан чоң милдеттеринин бири ушул – майда-барат эмгекке байланышкан талаш-тартыштарды жеринде чечүү. Билинбеген менен бул чоң иш. Элестетип көргүлө, эгер баштапкы профсоюз уюмдары жок болсо нааразы болгон элдин баары аянтка чыкмак. Өкмөттүн айласы кетмек.

Профсоюздар уюмдарынын ишиндеги чоң кемчилик – элде алар тууралуу маалымат жок экен. Профсоюздар уюмдары жасап жаткан иштер тууралуу элде маалымат жок экен.

“Азаттык”: Эмне себептен маалымат жетпей жатат?

Канатбек Осмонов: Тилекке каршы буга чейин бул маселеге көңүл бөлүнбөй келген экен. Мен федерациянын жетекчиси болуп апрель окуяларынан кийин иштеп жатам. Биздин ишибиздин приоритеттүү багыты деп ушул маалымат жеткирүүнү белгиледик.

Союз тарагандан бери профсоюздар уюмунун мүчөлөрү өтө азайып кеткен. Себеби мурдагыдай чоң өнөр-жай ишканалары жок болуп кетти. Кээ бирлери менчиктештирилди. Ал жерде профсоюз уюмдары жок, эмгекчилердин укуктары, социалдык-экономикалык кызыкчылыктары корголбой жатат. Мына ушундан улам нааразычылык акциялары чыгып жатат. Биздин негизги милдеттердин бири – ушундай профсоюз уюмдарын түзүү.

Профсоюздар – бул коомдук ыктыярдуу уюм. Мактаныч катары айтып койсо болот, өлкөдөгү эң чоң коомдук уюм профсоюз болуп эсептелет. Бул чоң күч десек болот. Бирок бизде да көйгөй көп. Мисалы, мүчөлүк акыларды чогултуу жаатында бир топ маселелер бар. Өкмөттө иш берүүчүлөр менен жолугушууда эмгекчилерди эс алдыруу фонду мыйзамсыз, жок кылуу керек деген сөздөр айтылыптыр. Профсоюздарга мүчөлүк акыны токтотуп, төлөбөш керек деген сөздөр болуптур. Менимче, мунун баары түшүнбөстүктөн улам чыгып жаткан нерсе.

Мисалы эмгекчилердин эс алдыруучу фонд тууралуу айтсак, кошуна өлкөлөрдө мындай фонду жоктору бар. Мисалы Казакстан. Бирок ал жерде иштеп жаткан адам эки айда алган айлыгынан анча-мынчасын чогултса эс алуучу жайга жолдомо алып алат. Бизде болсо орточо айлык алган адам үч ай маянасын коротпой топтосо гана жолдомо алышы мүмкүн. Экономикабыздын абалы ушундай болуп турган кезде ал фондду жок кылабыз деген сөздөргө макул эмесмин. Эконмикабыз оңолуп кетсе бул маселелер өзүнөн өзү чечилип, бул фонд жок болуп кетиши мүмкүн.

Профсоюз уюмдарга мүчөлүк акыны чогултуу боюнча жоюу боюнча демилгеге да кошула албайм. Себеби профсоюздун ар бир мүчөсү айлыгынан калтырып жаткан 1 пайыздык мүчө акыга башка уюмдар кийлигише албайт. Өкмөттүн жетекчилиги менен жакында жолугушуп ушул жаатта сүйлөшүп, түшүндүрөбүз го деп турабыз.

“Азаттык”: Парламентте эмгекчилерди эс алдыруучу фонд тууралуу талкуу болуп, эми анын ишин Жогорку Кеңеш көзөмөлдөйт деп чечилиптир. Ага чейин фонд кимдин карамагында эле?

Канатбек Осмонов: Бул фондду көзөмөлдөп турган органдар бар. Мисалы Эсептөө палатасы жыл сайын бир жолу дыкат текшерүү жүргүзөт. Андан сырткары профсоюздар федерациясы ошол фонддун акчасын пайдалануу боюнча ар бир квартал сайын Социалдык фондго отчет берип турабыз.

Жакында парламентте Социалдык фонд тууралуу мыйзамга кошумча-алымча киргизүү боюнча мыйзам долбоор каралганы турат. Ал жерде бул фонддун ишине мындан ары парламенттин профилдик комитети да көзөмөл кылат деген жобо киргизилип жатат. Менимче, көзөмөл көп болсо, тартип да жакшы болот.

“Азаттык”: Жылына канча жолдомо берилет?

Канатбек Осмонов: Мына быйыл бюджеттик мекемеде иштегендердин айлыгы жогорулап жатат. Быйылкы жылга божомолубуз 124 миллион сом. Былтыр 101 миллион сом болчу. Былтыр 4,5 миң адам санаторий, эс алуу үйлөрүндө болсо, быйыл 5,5 миңдей адам эс алат. Былтыр 8 миң бал эс алган болсо, быйыл 10 миңден ашат. Андан сырткары былтыркы каргашалуу окуяларда жабыр тарткандардын балдары да эс алды. Бул иш быйыл да уланмакчы.

“Азаттык”: Сизге байланыштуу сот жараяндары башталганы кабарланды эле. Ал иштер эмне болду?

Канатбек Осмонов: Апрель окуясынан кийин эми мындан ары акыйкаттык болот деп иштеп жатканбыз. Апрель окуясынан кийин Кыргызстан профсоюздар федерациясынын 21-курултайында мени бир добуштан жетекчи кылып шайлашкан эле. Мен бул тармакта 1983-жылдан бери иштейм.

Федерациянын бир топ мүлкү бар. Тилекке каршы 90-жылдары бул мүлктөрдү менчиктештирүү боюнча чоң күч-аракеттер болду. Ошондо тикеден-тике каршы туруп, бул элдин мүлкү деп көбүн сактап калдык. Апрель окуяларынан кийин ошол мүлктү сактап эле эмес, абалын жакшыртып элге кызмат кылалы деп атсак, ошол профсоюздун мүлкүнө көз арткандар менин үстүмөн кылмыш ишин козготуп камакка алабыз деген аракеттер болду. Жумуштан четтетишти. Башкы прокуратура бул ишти текшерип, кылмыш иши туура эмес козголгонун аныктады. Ушу кезде да териштирүү жүрүп жатат. Мени жумуштан четтетүү тууралуу токтом жокко чыгарылды.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG