Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Эркек болууну эңсеген Айдай


Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну өзгөчө сексуалдык ориентациясынын айынан Кыргызстандан кетүүгө мажбур болууда.

Сырт келбети кыз болгону менен ички дүйнөсү эркектей болуп калыптанып калган жарандын өлкөдөн биротоло кетүү чечимине айланасындагы кишилердин мамилеси жана аны колдогон мыйзамдын жоктугу себеп болуптур.

Этикалык эрежеден улам каарманыбыздан ысмын өзгөртүп, Айдай деп койдук. Ал өзүн толук кыз катары сезбей, көбүнчө эркектик сезимдер басымдуулук кылаарын мектепте окуп жүргөн кезинде эле байкаптыр. Бирок ошондон ушуга чейин ичиндеги бугун жан адамга айтпай келген экен.

- Мен өзүмдөгү мындай өзгөрүүлөрдү 8-класста окуп жүргөн кезимде байкагам. Ошол маалда менде жигиттерге эч кандай сезим болгон эмес. Тескерисинче, кыздарды жакшы көрүп тийишчүмүн.

Каарманыбыз өткөн жылы медициналык окуу жайды аяктап, Оштогу эмканалардын бирине ишке кирген. Бирок аз өтпөй эле ал жерден кетүүгө мажбур болуптур. Анткени анын жүрүм-турумуна, эркектердей кийинишине карап, айрым кесиптештери шылдың сөздөрдү көп айтчу экен.

Андан соң өкмөттүк эмес уюмдардын бирине ишке орношкон Айдай интернет аркылуу өзүнө окшош кыздарды издей баштаган. Тилекке каршы, Оштон курбу таба алган эмес. Күн өткөн сайын жалгызданып баратканын байкаган мекендешибиз өзү жөнүндө жакындарына ачык айтууга бир канча жолу бел байласа да, тили барган эмес.

Аны чочулаткан нерсе – көпчүлүктүн көз карашы:

- Менин ушундай экенимди ата-энем, жакындарым, досторум да билбейт. Анткени, биздин коомдо мендейлерге карата терс көз караштар калыптанып калган. Эгер ачыкка чыксам, балээге калышым анык.

Айдай өзүнүн тагдырына өкүнбөйт да, өзгөрткүсү да келбейт. Жакында Кыргызстандан кетүүгө камынууда. Анткени чет өлкөлөрдө ал сыяктуулардын укугун коргогон, өзү каалагандай жашаганга шарт түзгөн мыйзамдар бар экенин интернет булактардан окуп жүрөт.

- Ата-энем мени турмушка чыгып, балалуу болушумду каалашат. Жакында эле мага куда түшүп келгендерге макулдугун беришип, тойго камынып калышты эле, мен көнбөй койдум. Себеби ага каалоом жок. Эгер тойду токтотпосом, жаңы турмушум башталганда айласыздан өзүм жөнүндө айтмакмын. Муну ата-энем, жакындарым көтөрө алышпайт. Ошондуктан Орусияга кетүүнү эп көрдүм. Ал жактан кайра келбейм деген максатым бар. Анткени Орусияда мен сыяктууларга адамдардын көз карашы бизге салыштырмалуу түз деп ойлойм.

Биз Бишкекте ушул Айдай сыяктуулардын таламын талашкан, укугун коргогон уюм бар экенин укканыбызды, алар аркылуу сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү өнөктөш да тапса болоорун эске салсак, каарманыбыз Кыргызстандан баары бир кетүүгө камынып калганын кайталады.

- Аларга кайрылганда эмне? Баары бир биздин Кыргызстанда мен сыяктуулардын укугун коргогон мыйзам жок да.

Айдай сексуалдык ориентациясынын айынан Кыргызстандан кетип жаткандардын алгачкысы эмес. Бир жарым жыл мурун Жалал-Абаддын 28 жаштагы тургуну өзүнө окшош кыздарды издеп, Орусиянын жарандыгын алып кеткендигин «Таис плюс-2» уюму кабарлаган эле.

Диний өңүттөн алып караганда, мындай кадамга баргандар кечирилгис күнөө иш кылган адам катары бааланат. Айрым серепчилер болсо элинин басымдуу бөлүгү исламий көз карашты карманган Кыргызстан демократиялык жолду тандап алганы менен өлкө сексуалдык азчылыктын укуктарын коргоого даяр эместигин белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG