Линктер

Кара-Көл шаар сотунда жоокердин өлүмүнө байланыштуу мындан үч ай мурун козголгон кылмыш иши боюнча сот чечими чыкты.

Сот айыпталып жаткан жоокерди Кылмыш кодексинин “капыстан өлтүрүп алган” деген беренесинин негизинде 12 жылга эркинен ажыратты.

Кыргызстанда быйылкы алты айда аскердик милдетин өтөп жаткан маалда төрт жоокер каза тапкан. Жарандык активисттер коомдук көзөмөлдүн жоктугу аскердеги башаламандыкты күчөтүп жатканын айтышууда.

Эки тарап тең нааразы

Кара-Көл шаар сотунун чечимине эки тарап тең нааразылыгын билдирүүдө. Жоокер Актилек Акжол уулун “атайылап өлтүрдү” деген шек менен камалган Адилет Шанаевдин “капыстан өлтүрүп алды” деген негизде соттолушуна маркумдун жакындары нааразы.

Жалгыз уулунан ажыраган Акжол Молдокулов сот чечими колуна тиери менен Жогорку Сот инстанциясына даттанарын айтат:

- Жалгыз уулумдан ажырадым, ошондуктан, мен сот чечимине нааразымын. Уулумду өлтүргөн баланы өмүр бою кесип бергиле деп сурагам. Эгер ал бала өзү өлтүргөн болбосо, башка билгени болсо ачык айтсын деп жатам.

Жоокердин өлүмүнө айыпталган Адилет Шанаевдин жакындары да сот адилетсиз чечим чыгарды деп жатышат. Жоокердин эжеси Жылдыз Мараимова “иниси кылбаган ишти кылды деп, мойнуна алдырууга аракет кылышты” дейт:

- Адилетти жок жерден айыптуу кылып жатышат. Ал өзү да кайра-кайра “мен өлтүргөн жокмун” деп кайталап жатат. Адилетти “өлтүрдү” деп айыптай баштаган күндөрү эле ал мага телефондон “мен өлтүргөн жокмун, бирок мени мойнуңа ала бер деп жатышат” деп айткан. Сотко муну айтсак да, көңүл бурбады. Кечээ сот чечими чыккан күнү да үкөм өлгөн баланын атасына кайрылып, “Акжол аке, мен өлтүргөн жокмун. Сиздер жакшылап караңыздар. Андай эмес, мындай” деп баратып токтоп калды. Ага бирөө кысым көрсөтүп жаткандай.

4-май күнү кечки саат 11лер чамасында Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардияга караштуу 718-бөлүктө эки аскер мушташа кетип, бирөө алган жаракатынан ооруканага жетпей жан берген эле.

Алты жылда 84 жоокер

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, кыргыз армиясында соңку алты жылда 84 жоокер көз жумган. Жыл башынан берки алты-жети айда аскердик милдетин өтөп жаткан төрт жоокер өмүр менен кош айтышкан.

Расмий маалыматтарда көз жумган жоокерлердин 65% өз өмүрүнө кол салган же суицид кылган деп айтылат. Бирок коомчулукта мындай маалыматка ишеним аз. Анткени, өзүн-өзү өлтүрдү деп саналган айрым учурларда жоокерлердин жакындарынын аракети менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы суициддердин 15ине чоңсунуу же уставга туура келбеген мамилелер себеп болгонун аныктаган.

Аскер бөлүктөрү абактар, убактылуу кармоочу жайлардай эле жабык жайга кирет. Эгерде жарандык көзөмөл күч болбосо, ошол жабык жайлардын баарында күч колдонуу болбой койбойт.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2010-жылдан бери уставдан тыш мамиле жасаган үчүн 30 аскер кызматкери кылмыш жообуна тартылган. Мына ушул көрсөткүчтөрдөн эле аскерде башаламандык, өкүмзордук бар болгону көрүнүп турат дешет активисттер.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюму акыркы эки-үч жылдан бери кыргыз армиясындагы абалды иликтеп, аскерге жарандык көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгын айтып келатат.

Уюмдун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда, жарандык көзөмөлдүн жоктугунан улам аскерде башаламандык күчөп жатат:

- Аскер бөлүктөрү абактар, убактылуу кармоочу жайлардай эле жабык жайга кирет. Эгерде жарандык көзөмөл күч болбосо, ошол жабык жайлардын баарында күч колдонуу болбой койбойт. Жарандардан, ата-энелер комитетинен, Акыйкатчы, кыйноолорду алдын алуу сыяктуу адам укугун коргоочу мамлекеттик институттардан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан болобу, бат-бат барып кабар алып, жарандык көзөмөлдү күчөтпөсө, мындай окуялар кайталана берет. Аскер бөлүктөрүндө жазылып турат, “кыйноо кылса, укугуң бузулса бул телефонго чал” деп жазылып турат. Ишеним кутулары да бар. Бирок ал телефонго кайдан чалат, колунда телефону жок болсо? Ишеним кутусу нөөмөтчү аскер турган жерде турат, ал кутуну ачып окугандар да ошол эле аскер бөлүктүн командирлери болот. Даттанган күндө да анын даты жетпей атпайбы...

"Эркетайлар" аскерге барбайбы?

Жогоруда айтылгандай, жыл башынан берки жарым жылда төрт кыргыз жоокери көз жумду. Былтыр Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан 10 жоокер каза тапкан.

Чоң-Алайдагы “Карамык” тозотунда чек ара кайтарууга эмес, мыйзамсыз аңчылыкка жөнөтүлгөнү аныкталган катардагы жоокер Бексултан Бааридинов бир жылдан бери табыла элек. Ал эми балдарынын сөөгүн алган ата-энелердин арасында өз жанын кыйды деген расмий тыянакка ишенбей, чындык издеп жүргөндөрү да аз эмес.

“Кылым шамы” уюму жүргүзгөн сурамжылоолордун негизинде Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүндө милдет өтөп жаткандардын 70 пайызы мигранттардын жана колунда жок жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары экендиги аныкталган. Ошондой эле 15% жоокер тоголок жетим болсо, 9,3% ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндүгү такталган. Ал эми аскерге чакырылгандардын 94,6% кыргыздар, 1,8% өзбектер жана 0,7% орустар түзөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG