Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

К. Осмоналиев: Мугалимдердин макамын көтөрүү – учур талабы


Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

Мугалимдердин нааразылыгы күч алып, иш таштоолору жайылууда. 1-декабрдан бери базаркоргондук мугалимдер айлык акыларын 10 миң сомго көтөрүүнү, социалдык жеңилдиктерди берүүнү талап кылууда.

7-8-декабрь күндөрү аларды сузактык кесиптештери колдоого алды. 9-декабрда Өзгөндө 21 мектептин мугалимдери да ушундай эле талап менен иш таштады.

Мурдагы билим берүү министри, азыр “Ар-намыс” партиясынан депутат Каныбек Осмоналиев бул маселени чечүү боюнча сунуш-пикирлерин “Азаттык” менен бөлүштү.


- Мугалимдердин нааразылыгы он күндөн бери уланып жатат. Министрлик менен жергиликтүү бийлик болсо алардын талаптары бат эле чече коюучу маселе эмес деп белгилешүүдө. Сиз мурдагы министр катары айта аласызбы, бул маселени чечүү жолдору барбы?

- Тилекке каршы мугалимдер жедеп, мукурап, айлалары куруганда, бала-чакаларын бага албай калганда чыгып отурушат. Чынында эле социалдык көйгөй, мугалимдердин укугун бузуу көптөн бери уланып келе жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Бул жерде министрлик болобу, өкмөт болобу, жергиликтүү айыл өкмөттөр болобу жок шылтоону айтпай, ушул маселени чечүүгө күнү-түнү ишке киришүүсү керек.

Өзүңүздөр деле ойлоп көрүңүздөрчү, ушул тапта жогорку окуу жайын аяктап, мектепке мугалим болуп иштейм деп барган адам айына 1134 сом айлык алат. Анын ичинен колуна 900 сом тиет. Ошондуктан бул жерде эч кандай саясат издебей, сырткы күч, ички күч дебей, мугалимдердин күнүмдүк турмушун оңдой турган ачык-айрым, чечкиндүү саясат керек.

- Жаңы өкмөттүн куралышын күтө турган болсок, узакка созулчудай болорун өткөн парламенттик отурумдар көрсөттү. Ага чейин чукул кырдаалда чукул чараларды көрүүгө мүмкүнбү? Башка булактардан акча издөө сыяктуу...

- Ага убактылуу өкмөт милдеттүү. Анткени өзүңүздөр көрүп жатасыздар азыркы мамиле улана берсе, анда эч кандай коалициялык өкмөт, жалпы эле бийлик жөнүндө сөз болбой калуусу мүмкүн. Мугалимдер табияты жагынан бардык катмардын ичинен эң чыдамдуу эл, эми алар минтип көтөрүлүп аткан соң, анда биз жеткен жерге жетиптирбиз. Мүмкүнчүлүк бар, тапса болот. Алардын айлык акысын көтөрүүгө акча табуунун бардык жолдорун издеп, таап, иш жүзүнө ашырыш керек.

- Сиз да убагында билим берүү министри болуп иштегенсиз. Ошол тушта мугалимдердин айлык акысын көрүнүктүү деңгээлге көтөрүүгө эмне тоскоол болду?

- 20% көтөрүү үчүн биз күндөп-түндөп чуркап жүрүп, араң жеткенбиз. Анткени бийлик мугалимдерге чыдамкай, унчукпас, 3-сорттогу адамдарга жасагандай мамиле жасоого көнүп калган.

2007-жылы мугалимдердин курултайында ушул маселени күн тартибинде 1-орунга койгонбуз. Бирок, тилекке каршы, мен тогуз ай эле министр болуп иштедим, системалуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок мугалимдердин минтип көтөрүлүп атканын жайбаракат карап, мыйыгынан күлүп отурбай, бул маселени тез чечүүнүн аракетинде болушубуз керек.

- Мурдагы жылдары мамлекеттик бюджетте президент жана анын айланасындагыларды коргоо кызматына бөлүнгөн акчадан мугалимдердин айлык акысына бөлүнгөн акча 2-3 эселеп аз экени белгилүү болду эле. Сиз азыркы депутат, мурдагы министр, мугалим катары азыр мындайга жол бербөөсү үчүн бийликке кандай сунуштарды бере аласыз?

- Бюджетти карап жатканда мугалимдердин айлык акысына, билим берүүгө ички дүң продукциянын 7-10% кем эмес каражат бөлүнүүсү керек деп айтып атабыз. Мугалимди, анын макамын приоритеттүү абалга жеткире алганыбызда гана биз ал көйгөйдү чече алабыз. Анткени билим берүү тармагы – биздин келечегибиз. Ошол үчүн мен депутат катары иш башталган күндөн тартып, ушул маселени көтөрүп келе жатам, буйруса, аягына чыгабыз.

- Мугалимдер айлык акысын 10 миң сомго көтөрүп берүүнү сурап жатышат. Бирок баалар күн санап өсүп, инфляциянын өсүмү 17% жетти деп расмий түрдө айтылып жаткан учурда 10 миң сом деле аздык кылчудай го?

- Мен деле ошенип ойлойм. Колдон келсе мугалимдердин айлык акысы алардын мээнетин актагыдай деңгээлге көтөрүүнү ишке ашыруубуз керек.

- Рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG