Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Кыргызстандын абактарында кыйноолор токтобой жатканы көптөн бери айтылып келет.

Кыйноолор көбүнчө тергөө абагында, милиция бөлүмдөрүндө болоору соңку учурда ачык айтыла баштады.


Кыйноонун заары менен запкысы
Түрмөдөн чыктыңбы болду, кайра алып барып өкүртө сабашат да, жасабаган кылмышты деле, “бул сеники” деп, моюнга илип койот...


Жаза аткаруу кызматына караштуу № 47 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар уруп сабоого, кыйноолорго туш болуп, күнөөлөрү жок болсо да соттолуп кетишкенин айтууда.

Бишкектин четиндеги 47-абак

Бишкектин четиндеги 47-абак


- Кыйноонун кесепетинен аксап жүрөм. Башым, эки бутум ооруйт. Бул жердегилердин 90-95 пайызы кыйноого кабылгандар. Кыйноо системалык түрдө болууда. Түрмөдөн чыктыңбы болду, кайра алып барып өкүртө сабашат да, жасабаган кылмышты деле, “бул сеники” деп, моюнга илип койот. “Анткени, сен отуруп чыккансың” дешет. Оңолдубу, оңолгон жокпу деп сурайшпайт. Көбүнчөсү оңолуп, жашоого көз карашы өзгөрүп чыгат. Бирок алар жакшы жашайын десе да жашатпайт.

Камактагылардын көбү милиция бөлүмдөрүнөн, убактылуу кармоо жайларынан ур-тепкиге кабылганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту өлкөнүн түрмөлөрүн жана убактылуу кармоо жайларын кыдырып, алардын абалына байкоо жүргүзгөн. Акыйкатчы Турсунбек Акун ал боюнча жылдык жыйынтыгын чыгарып, кыйноолор убактылуу кармоо жайларында жана милиция бөлүмдөрүндө арбын болуп жатканын белгиледи.

- Биз жолуккан камактагы адамдардын баары айтып жатат кыйноолор болуп жаткандыгын. Кыйнооолор көбүнчө түрмөлөрдө эмес, убактылуу кармоо жайларында, милиция бөлүмчөлөрүндө болууда. Кыйноолордун баары ошол жакта болуп жатат.

Бишкектин четиндеги 47-абак

Бишкектин четиндеги 47-абак


Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан кыйноо фактылары орун алып жаткандыгын эл аралык уюмдар да сынга алышууда. Ал тууралуу декабрь айынын башында Кыргызстанга келип, кармоочу жайларды кыдырган БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес да белгилеген. Адам укугун коргоочулар июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында кыйноо фактылары көбөйгөнүн белгилеп келишет.

Ал эми жергиликтүү укук коргоочу, “Эркиндик үнү” коомдук фондунун жетекчиси Сардар Багышбеков буларга токтолду.

- Статистиканы карасак, бир дагы милиция кызматкери жоопко тартылган эмес. Кылмыш-жаза кодексиндеги кыйноо деген берене боюнча бир да сот чечими жок.


СССРден калган эски ыкма

Ушул кыйноо деген маселе абдан көйгөйлүү. Буга жасоолдук эски система негизги себеп болууда...

Ал эми милиция кызматкерлери көпчүлүк учурда кыйноо фактыларын четке кагып келүүдө. Алардын айтымында, кылмышкерлер кыйноолорду шылтоо кылуу менен кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракет кылышат. Анткен менен күч органдарындагы кылмышты иликтөө, анын бетин ачуудагы эски ыкмалар кыйноолорго түрткү болуп жатканын жокко чыгарбайт.

Бишкектин четиндеги 47-абак

Бишкектин четиндеги 47-абак


Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакытбек Жусубалиев ушундай пикирде.

-Ушул кыйноо деген маселе абдан көйгөйлүү. Бул СССРден бери калган. Буга негизги себеп жасоолдук система болууда. “Мынча кылмыштын бетин ачасың, кылмыштын пайызы баланча болду” дегенден кутулушубуз керек. Милициянын ишин эмне менен баалашыбыз керек? Кылмыш болгон жерге канча убакытта жетти, ал жерди кандай кылып кароо жүргүздү жана кылмыштын бетин кантип ачты? Ушулар аркылуу баа беришибиз керек.

Ал эми Башкы прокуратуранын билдиришинче, быйыл кыйноо фактылары боюнча 44 кылмыш ишин козголгон. Анын ичинен он иш кыскарып, бешөө токтотулган. Ал эми 21 иш сотко ашырылган болсо, жетөө боюнча тергөө иштери уланууда. Кыйноо фактысы боюнча жалпысынан 37 укук коргоо кызматкери айыпталып жатат.
XS
SM
MD
LG