Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында “Азаттыктын” төрт тасмасы көрсөтүлөт


Замира Кожобаева, Санжар Эралиев, Айгерим Акылбекова.
Замира Кожобаева, Санжар Эралиев, Айгерим Акылбекова.

Адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” Х эл аралык фестивалында “Азаттыктын” кабарчылары тарткан 4 тасма көрсөтүлөт.

Замира Кожобаеванын “Аял. Азап. Арман”, Санжар Эралиевдин “Төрөттөн ажал тапкандар”, Айгерим Акылбекованын “Миграция курмандыктары” фильмдери сынак алкагында коюлат. Ошондой эле Айгерим Акылбекованын “Мен айткандан коркпойм” тасмасы сынактан тыш катышып, фестивалдын ачылышында көрсөтүлөт.

Адам укуктарын урматтоого чакырган фестивалда чет элде жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм коюлат.

Жыл сайын уюштурулуп келаткан “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы быйыл 31-октябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында башталып, 4-ноябрга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG