Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:22

45 спортчунун канынан кызытма табылды


Жалпысынан 1243 анализ кайра текшерүүдөн өткөн.
Жалпысынан 1243 анализ кайра текшерүүдөн өткөн.

2008-жылы Бээжинде жана 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан 45 спортчунун анализдеринен тыюу салынган препараттар табылган. Бул тууралуу жума күнү Эл аралык Олимпиада комитети билдирди.

Спортчулардын аты-жөндөрү жана өлкөлөр айтылган жок. Болгону Бээжин оюндарына катышкан 30 спортчунун, Лондондогу олимпиадада ат салышкан 15 атлеттин канынан кызытма табылганы жазылат. Жалпысынан 1243 анализ кайра текшерүүдөн өткөн.

Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Олимпиадалык комитетине доппингге каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү жана эл аралык эксперттер кирген көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштады. Майдын соңунда Лондондогу Олимпиадалык оюндарга катышкан орусиялык сегиз спортчунун канынан кызытма табылганы маалым болгон.

21-июлда Спорт боюнча Арбитраждык сот Орусиянын жеңил атлетчилеринин арызын четке каккан. Алар баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан сотко Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимпиадага катышууга уруксат алуу үмүтүндө кайрылышкан.

Орусиялык спортчулардын Риодо өтчү оюндарга катышар-катышпастыгы боюнча соңку чечимди 24-июлда Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алат.

XS
SM
MD
LG