Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстан Мун сектасына тыюу салды


Мун сектасын чектөө каралууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00
Түз линк

Мун сектасынын диний жөрөлгө менен коштолгон жыйыны. Бишкек, филармония, 18-июнь, 2006.

22-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту Мун сектасын жайылтат деген уюмдарга Кыргызстанда иштөөгө тыюу салды.

Укук коргоо органдары бул уюмдардын ишмердиги өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептешет. Ал эми “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын өкүлдөрү кайрымдуулук менен гана алектенген уюм экендигин, Мун сектасын жайылтууга тиешеси жоктугун айтууда. Акыркы кездери Мун сектасы тууралуу кыргыз коомчулугунда карама-каршылыктуу пикирлер арбыды.

Прокуратуранын жүйөөсү

Сот бул ишти Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жолдогондон кийин карады. Ошентип баш калаадагы Свердлов райондук соту “Мун бириктирүү чиркөөсүнө” жана “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын Кыргызстандагы ишмердигине тыюу салган өкүм чыгарды.

Бишкек шаардык прокуратурасынын өкүлү Залкар Акназаров аталган уюмдар өлкө коопсуздугуна доо кетирип жатат деген ойдо:

- “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясы коомдук уюму кайрымдуулук иштерине жамынып алып, иш жүзүндө диний ишмердүүлүк менен алектенет. А чындыгында кандай гана диний уюм болбосун, ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл. Бирок булар каттодон өтпөй, мыйзамды бузган. Мындан сырткары, Мун сектасынын иши диний араздашууну күчөтүүгө багытталган. Ал эми бул сектанын курмандыгы болгон адамдар сот жараянында көрсөтмө беришти.

22-февралдагы сотко “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын өкүлдөрү белгисиз себептерден улам келишкен жок. Алар менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.17-февралда болгон сот отурумунда аталган уюмдун адвокаты Юлия Булатова айыптоолорду четке каккан болчу.

- Бул коомдук биримдик 1996-жылы уюштурулуп, мезгил-мезгили менен Юстиция министрлигинен каттодон өтүп турган. Кооомдук биримдик же федерация тарабынан кайрымдуулук иштер жүргүзүлүп, балдар үйлөрүнө кийим-кече, оюнчуктар жана таттуулар таратылган. Федерация диний жөрөлгөлөрдү жасабайт. Ал эми Ли Чонг Унун жеке ынанымы федерацияга эч кандай таасир этпейт. Федерация тарабынан диний жөрөлгө жасалгандыгы эч жерде тастыкталган жок.

Мун тууралуу кыргыз коомунда маалымат аз болгондуктан бул уюм тууралуу расмий маалыматты келтире кетели. “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясынын жетекчиси - Түштүк Корея жараны Ли Чоң У эсептелет. Анын бир тууганы иниси Ли Чоң Ко болсо Бишкекте “Ю Ти Ай глобал” жана “Ю Ти Ай интернейшнл” аттуу курулуш компанияларга ээлик кылат. Бул курулуш компанияларга мурдагы бийликтин тушунда Бишкектеги Ата түрк паркынан 5 гектар жерди мыйзамсыз алган деп, өткөн жылы май айында башкы прокуратура иш козгогон.

Күбөлөр эмне дейт?

Бишкек шаарынын тургуну, 25 жаштагы Атай 2007-жылдары аталган курулуш компанияларда менеджер болуп эмгектенген. Жумуштан кийин кызматкерлерди Бишкек шаарындагы Салиев көчөсүндө жайгашкан жеке үйгө милдеттүү түрдө алып барып, Мун агымына үндөшчү экен.

- Булардын негизги идеологиясы Сан Мен Мун эң бийик жана таза адам, федерация болсо таза дин деп айтып, жаштарга дискотекаларды да уюштуруп беришчү. Максаты - жаш балдарды тартуу болгон. Ошондой эле аларды үй-бүлөсү менен тартууга аракет кылышчу. Бийликтегилерге, аткаминерлерге булар өзгөчө мамиле кылышчу. Аларды сыйлап, акча беришип, чет өлкөгө алып барып келишчү.

Атай бул маалыматтарды сотто күбө катары айтып берди. Ал ошондой эле ал аталган диний агымдын белгисиз жагдайларын да ачыктады.

- Буларда үйлөнүп жатканда жаштардын өзүнө жар тандоо укугу деген жок. Мисалы, Кыргызстандагы алардын жетекчиси Ли Чон У “сен муну менен үйлөнөсүң” деп айтса, болду ошол жаштар үйлөнүшөт. Сүйөбү, жактырабы, ага карабайт. Менин ошол жердеги балдардан укканыма караганда, үйлөнгөндөрдүн биринчи нике түнүн жетекчиси өзү баштайт экен. Бул деген жаш жубайларды тазартты деп түшүндүрүлөт.

Мунду колдогон чоңдор барбы?

Аталган кореялык жарандардан жапа чектик деген жарандар бир нече жолу маалымат жыйындарын өткөрүп, сот менен прокуратурага арызданып жүрүшөт. Маселен, Кара-Балта шаарынын тургуну Раила Дүйшөнбаева курулуш компанияларынын ээси Ли Чоң Ко кызымды машина менен сүзүп кеткен деп даттанууда. Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Сайракан Бобушева уулум Мунга кирбей койгону үчүн уруп кыйнашкан, жалган жерден чоң суммадагы доого жыккан деп билдирди.

Анткен менен Ли Чоң Конун адвокаты Азамат Аманов коюлган айыптардын баарын четке кагууда. Ал жаштар уюмдары жана жана башка адамдар маалымат жыйындарын өткөрүп, арызданып Түштүк Корея жарандарына кысым көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” федерациясы кайрымдуулук уюм катары Юстиция министрлигинен 1996-жылы катталган. Кыргызстандагы “Жаштар кеңеши” комдук уюму аны Кыргызстанда жайылышына жана өнүгүшүнө аткаминелер, коомдук-саясий ишмерлер көмөк көрсөткөн деп, бир топ белгилүү адамдардын аттарын атап келатат.

Алардын бири катары мурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев айтылууда. Аны менен байланышканыбызда, “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Ал балдар Сан Мен Мундун ким экенин түшүнбөй, мени мунист деп жаткандары жаңылыштык. Анткени, мен расмий түрдө же маалымат каражаттары аркылуу эч качан Мунду колдоп, аны мактап, ушуга киргиле деп эч качан сүйлөгөн эмесмин. Болгону мундардын семинарларына катышып жүргөм. Анткени, Сан Мен Мун бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда, Орусияда, көп өлкөлөрдө семинар өткөрүп жүргөн киши. Балдар түшүнбөй эле айтып жатышат.

Тыюу салынган уюм райондук соттун чечимин калыстап берүү талабы менен жогорку инстанцияга арызданууга укугу бар. Кыргызстанда буга чейин 8 диний уюм сот тарабынан экстремисттик деп табылган. Эми алардын катарын коомдук коопсуздукка коркунучтуу делген Мун сектасы толуктайт шекилдүү.
XS
SM
MD
LG