Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Баткен: чырлуу жолдун курулушу жанданды


Айланма жолдун курулушу бул жолу чырлуу аймактан башка жерден башталды. 13-август.
Айланма жолдун курулушу бул жолу чырлуу аймактан башка жерден башталды. 13-август.

Баткенде тажик айылдарын айланып өткөн Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу 7 айлык тыныгуудан кийин кайрадан жанданды.

Аталган жол 11-январда тажик чек арачыларынын каршылыгынан улам ок атышуудан кийин токтогон болчу. Иш 13-августта өкмөт өкүлдөрүнүн коштоосунда мурда токтоп калган жеринен эмес, Ак-Сай тараптан жанданды. Жергиликтүүлөр жол жогортон төмөн карай башталышын көз боёмочулук деп жатышат.

Жыл башынан бери чек арадагы жаңжалдарга себепчи болуп келген Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу жыл башындагы ок атышуу менен коштолгон жаңжалдан улам токтоп калган жеринен эмес, Ак-Сай тараптан башталды. 36 млн. сомго бааланган 7 чакырымдай жолдун буга чейин 3 чакырымдайынын негиздери бүткөрүлгөн. Тажик тарап бул жолдун курулушуна каршы чыгып, жол куруу январь айында токтоп калган эле. Андан бери бир нече жолугушуулар өтүп, 4 жолу келишимдерге кол коюлган. Ар бир жолу расмий бийлик жолдун курулушун жандантуу боюнча макулдашуу болгонун жарыялап, иш башталаарда эле улам токтоп калып жаткан. Бул жолу да жол курулушу азырынча жаңжалдуу аймакка чейин жүргүзүлө берсе, талаш жаратып жаткан 0,7 гектар жерге жеткенче маселе чечилип калар деген эле чечим болуптур. Облустук жол курулуш башкармалыгынын башчысы Ашым Усенов 4 айда талаштуу аймакка чейин жетебиз, андан аркысын тиешелүү кишилер чечип берер дейт.

Баткен. Ак-Сай айылына караштуу аймак.
Баткен. Ак-Сай айылына караштуу аймак.

- Ушул жылдын январь айында жолдун курулушу 0,7 гектар жердин айынан талаш чыгып токтоп калган эле. Кечээ жолдун курулушун жандантуу боюнча чечим чыкты. Азыр жолду Ак-Сай тараптан баштадык. Бул жагынан мурда маселе чыгып токтоп калган жерге чейин куруу иштерин жүгүзө бермекчибиз.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарга себепчи болуп жаткан жолдун курулушун улантуу боюнча 8 айдан берки сүйлөшүүлөрдөн кийин жанданганы менен чыр чыккан аймактан эмес, Кыргызстандын эле ичинен башталышы эки тараптуу макулдашуулардын натыйжасы эмес дегендер бар. Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова өкмөт өкүлдөрү бир канча жолу элге убада берип, анын өтөсүнө чыгалбай эле ишти өз аймагынан башташы көз боёмочулук менен убакыт өткөрүү деген пикирде:

- Ушу жол боюнча сүйлөшүү жүргүзөм деп Курбанбай Искандаров канча жолу келип-кетти. Ошол ары-бери каттаган эле чыгымына жолдун бюджети жакындап калат. Анан эми келип элди алдап, эптеп жол куруп жатабыз дегендей Ак-Сай тараптан башташыптыр. Канчадан берки сүйлөшүүлөрдөн кийин ошол маселе жараткан 0,7 гектар жерден өтүшү керек эле да. Эми ары жагынан дагы ошол жерге келгенде кыш келет, маселе чыгат, жол токтойт да.

Баткен. Жол салынып жаткан аймак. 13-август.
Баткен. Жол салынып жаткан аймак. 13-август.

Аталган жолдун курулушун жандантуу акыркы 3 айдан бери эле 4-жолу артка жылдырылган. Бул иштин башынан берки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол Кыргызстандын эле аймагынан курулууда, тажик тарап негизсиз эле чыр чыгарып жатат деп айткан өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров элдин иш дагы токтоп калат деп кооптонуусуна негиз жок дейт. Анын айтымында, эгер тажик тарап 0,7 гектар жерди такыр эле талашып, макулдук бербей койсо башка болжолдонгон долбоорлор да бар экенин айтты:

- Маселе чыгып жаткан 0,7 гектар жер Кыргызстанга эле тиешелүү. Тажик тарап негизи жок эле маселе көтөрүп жатат. Эгер ошончого жетип маселе чечилбесе, бизде башка варианттар бар. Азыр биз бул жагынан баштап жатканыбыз ыңгайлуу болгонунан ушундай деп чечтик. Жолдун курулушу бүтөт. Токтоп калбайт.

Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу өткөн жылдын апрель айында башталган. Жалпы узундугу 25 чакырым. Учурда башталган иш дагы токтоп калбаса, 4 айда каттам бүтөрүн расмийлер убада кылууда.

XS
SM
MD
LG