Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Баткен: азаптан арылткан жол


Өзбек анклавына кирбей өтүүчү Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолу.
Өзбек анклавына кирбей өтүүчү Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолу.

Баткенде Өзбекстандын Сох анклавына кирбей өтүүчү айланма жол бүтүп калды.

Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүүдө кошуналардын каалаган учурда чек араны жаап алышынан, өзбек чек арачыларынын тыкыр текшерип, ар кандай шылтоолор менен азапка салышынан жадаган баткендиктер мындан алты жыл мурда Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолун ашар ыкмасында оңдоп башташкан. Кийинчерээк демилгени өлкө бийлиги колдоп, эл аралык каржы уюмдары да көмөктөшкөн. Натыйжада Европа банкы 8,5 млн. евро кайтарымсыз, Дүйнөлүк банк 25 млн. АКШ долларынын насыя, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 35 млн. АКШ долларынын 45 пайызын кайтарымсыз берүүнү чечкен. Ушу тапта жалпы узундугу 105 чакырым болгон бул жолдун курулушу дээрлик бүтүп калды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн башкы экономисти Салижан Хамрабаев аталган жол жакын арада пайдаланууга берилээрин, учурда Баткен, Лейлек райондору менен Сүлүктү шаарынын калкы Сохко кирбей каттап калгандыктан бир топ көйгөйлөр чечилип, экономикага да пайдасы тийгенин айтат:

- Сентябрь айынын акырына бүтүш керек бул жол. Ошондо жол жагынан толук көз карандысыз болобуз Өзбекстандан. Экинчиден, бул жол түз жана ыңгайлуу. Үчүнчүдөн, азыр облус калкынан чек арада кыйынчылыкка туш болдук деген арыз-даттануулар да кыскарды. Анан да турмуш-тиричиликке керектүү оокаттар арзандап, аймактагы базарларга түрү менен келе баштады.

Бул жолдун салынышына Өзбекстан каршылыгын билдирип, Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине нота жиберген. Бирок Баткен облусунун бийлиги дароо эле мындай нотага негиз жоктугун, жолдун курулушу токтотулбасын айтып чыккан.

Ошол эле учурда Баткендин Сох анклавынын өйдө жагындагы айылдарынын калкы дале Өзбекстандын жолдоруна көз каранды.

Сохтун үстүндөгү Таян айылынын тургуну Салима Балтабаева чек арадан өтүү түйшүгү азыр мурдагыдан да оорлоп калганын айтат:

- Жүк менен өтүү кыйын эле. Өзбек чек арачылар документтериңди текшере берет, ары өтсөң да, бери өтсөң да. Биз Сохтун ичине кирбей, жолду гана кесип өтөбүз. Эми текшерүүнү мынчалык оорлотуштун кереги жок эле да...

Бирок аталган айыл курамына кирген Кыштут айыл округунун башчысы Сулайман Камчыбеков ар качан кызматтык унаада жүргөнүнөнбү, же кошуна чек арачыларга таанымалбы айтор ушу күнгө чейин бир да жолу чек арадан тоскоолдукка учурабаптыр:

- Мен билбейм андайын. Мени бир жолу да тосушкан жок. Сохтон өтүүдө абал жакшыдай эле го.

Баткен районунун жогорку аймагына да Сохко кирбей өтүүчү Айгүл-Таш - Согмент - Таян жолу курула баштаганына 4 жыл болду. Айла кеткенде азырынча эптеп ошол жол аркылуу каттап турса да болот.

Район акими Сейитмурат Калыков бул жолдун курулушу да өкмөттүк программага кирип, 2015-жылга бүтүрүү каралганын билдирди:

- Азыркыга чейин 25 млн. сомдук иш жасалды. 2012-жылдан баштап 2015-жылга чейин 60 млн. сомду тепкич тепкичи менен бөлүү каралган. Быйылкы жыл менен кошо 4 жылда бул жолду каттамга ыңгайлуу кылып бүтүрөбүз деген план бар. Ошондо жогорку аймагыбыз да толук көз карандысыз болот. Азыр деле каттап турса болот, бирок бир аз кыйынчылыктар бар жолдо.

Ошентип эгемендик алган жылдардан бери ары-бери каттоодо кошуналардын чек ара тоскоолдуктарына кабылып келген Баткен облусунун калкы акырындап мындай азаптан арылууда.

Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолунан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG