Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Ак-Талаа: почточуга ок аткан окуя иликтенүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Ак-Талаа районунда почта кызматкерин тоноо максатында кол салган деп шектелип, 25 жаштагы жаран камакка алынды. 1 миллион сомдон ашык акчаны банктан алып келе жаткан кызматкердин бутуна ок тийип, жараат алган.

Окуя 13-июлда күндүзгү 11лер чамасында Ак-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн имаратынын алдында болгон. Почта кызматкери Каныбек Турганов пенсия үчүн бөлүнгөн 1,3 млн. сом акчаны алып кирип бара жаткан жеринен ага белгисиз адам мылтыктан ок чыгарган. Натыйжада почта кызматкеринин ок бутуна тийген.

Учурда бутуна операция жасалып, абалы оңолуп калган Каныбек Турганов окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Саат 11:30 чамасында почтанын кассири менен элдин пенсиясы үчүн бөлүнгөн 2 млн. сомго чукул акчаны банктан алганбыз. Почтага жеткен кезде 30-35 жаштар чамасындагы адам алдыбыздан тосуп, мылтык такап, акчаны берүүнү талап кылды. Акча салынган кап менде болчу. Мен анын мылтыгын кагып жиберип, машинени айланып качып, почтаны көздөй чуркадым. Ошол убакта октун үнү жаңырып, жыгылып кеттим, бирок дароо тура калып кеңсеге кирип кетүүгө үлгүрдүм. Ок бутума тийгенин ичке киргенден кийин билдим.

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын эрежесине ылайык, ар бир райондук почта бөлүмүндө экиден почта коштоочу кызматкер бар. Алар уруксаты бар курал менен почтага келген акчаны кайтарууга тийиш.

Бирок аталган ишкананын Балыкчы аймактык филиалынын директору Таалайбек Амантуровдун айтымында, курал алуу бир топ машакат жаратууда.

- Куралды алуу уруксатын жергиликтүү райондук болобу, шаардык болобу ошол ички иштер бөлүмүнө эле берип коюшса болмок. Биз бул үчүн Ички иштер министрлигинен уруксат алышыбыз керек. Курал алып жатканда аларды колдоно турган кызматкерлерди толук текшерүүдөн өткөрөбүз.

Ал эми “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Нарын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Кариев почта кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн Нарын шаардык күзөт кызматы менен келишимдик негизде иштешерин айтууда. Кариев бир жылдан бери почта коштоочусунун курал колдонуусуна уруксат кагазын ала албай жүргөндүгүн да кошумчалады:

- Азыр бизде курал бар, бирок уруксат алуу маселе жаратууда. Биз Нарын облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганбыз. Алар биз уруксат бере албайбыз Ички иштер министрлигине кайрылгыла дешти. Жетекчилик менен сүйлөшүп, аларга да кат жолдодук. Ал эми иштечү балдарды атайын окуудан өткөрүп сертификаттары менен даярдап койгонбуз. Азыр күзөт кызматы менен гана иштешип атабыз. Алар почта имаратына чейин гана жеткирип беришет. Андан кийин биздин кызматкерлер гана акчанын жоопкерчилигин алышат. Ушул жагы коркунучтуураак.

Маалыматка ылайык, буга чейин Нарын облусунда почта кызматкерлерине кол салуу биринчи ирет катталды. Мындан беш жыл мурда Нарын райондук почта бөлүмүнүн имаратына ууру кирип, учурунда кылмышка шектүүлөр кармалгандыгын аталган бөлүмдүн кызматкерлери маалымдашты.

Учурда Ак-Талаа райондук почта кызматкерлерине ок чыгарган 25 жаштагы жаран кармалганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG